178 наука, новые технологии и инновации кыргызстана №8, 2016



Pdf көрінісі
Дата22.02.2017
өлшемі166,67 Kb.
#4659

 

178


 

 

НАУКА, НОВЫЕ ТЕХНОЛОГИИ И ИННОВАЦИИ КЫРГЫЗСТАНА №8, 2016 



Мийзамов М.М., Жакыпова Г.Т., Ташматова Н.К. 

УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАР МЕНЕН ЗАМАНДЫН ТАЛАБЫНА ЫЛАЙЫК 

ТАРБИЯЛОО ЗАРЫЛДЫГЫ 

Мийзамов М.М., Жакыпова Г.Т., Ташматова Н.К. 

НЕОБХОДИМОСТЬ ВОСПИТАНИЯ В СООТВЕТСТВИИ СОВРЕМЕННЫМ 

ТРЕБОВАНИЯМ НАЦИОНАЛЬНЫХ ЦЕННОСТЕЙ 

M.M. Miyzamov, G.T. Jakipova, N.K. Tashmatova  

NECESSITY OF THE EDUCATING ON THE BASIS OF MODERN REQUIREMENTS 

WITH NATIONAL VALUES 

УДК: 159.9 

Статья  посвящается  воспитанию  учащихся  ценнос-

тям народных и религиозных традиций, так же посвяще-

нию  квалификации  учителей  в  организации  учебного  про-

цесса в современном обществе. 

Ключевые  слова:  воспитание,  требование,  нацио-

нальные ценности, современный, образование. 

In    this    article    looked    throdh    tlu        of    value    and  

fraititions  of  national  updringing with value of  updringin  in 

is  lamie  religion. 

Key words: education, demand, national values, modern 

education. 

 Билим  берүү  –  үзгүлтүксүз  жүзөгө  ашуучу 

жараян. Бул жараянды ар дайым таалим-тарбия кош-

топ  жүрөт.  Татыктуу,  билимдүү  жаштарды  тарбия-

лап жатабызбы? Биз тарбиялаган жаштар өлкөбүздүн 

эртенкисине  өз  салымдарын  кошо  алышабы?  Ушул 

суроолорго жооп издеп көрөлүчү? 

Бир падышанын уулун мугалим 18 жыл тарбия-

лаптыр.  Ханзаада  козго  атар  мерген,  шамдагай, 

кучтуу  болуп  осуптур.  Анын  үстүнө,  ал  акылдуу, 

аалымдар  менен  ар  кандай  темада  ангемелешүүгө, 

атугул,  талашып-тартышууга  да  жөндөмдүү  экен. 

Мугалим өз шакиртин ар түрдүү өнөргө үйрөткөндөн 

кийин  падышага  көрсөтүптүр.  Ыраазы  болгон 

падыша  уулунун  Огуз  дарыясынан  сүзүп  өтүүсүн 

сураныптыр.  Ханзаада  сууда  сүзө  албай  турган-

дыгын,  мугалим  аны  үйрөтпөгөндүгүн  айтыптыр. 

Ошондо  падыша  мугалимге  ханзаадага  үйрөткөн 

нерселердин  баарын  ал  өз  досторуна  айтып  деле 

кылдыра  аларын,  а  эгерде  бир  жерден  сүзүп  өтүү 

керек  болуп  калса,  ага  достору  да,  мугалими  да, 

падыша  да  жардам  бере  албастыгын  айтат.  [2,3]   

Ушул  мазмунда  айтылган  ой  бүгүнкү  күндөгү 

биздин  билим  берүү  системабызда  кайталанып 

жаткандай.  Анткени,  биз  теориялык  билимге  басым 

жасап,  турмуштук  билимдерди  көз  жаздымында 

калтырып жаткандайбыз. 

Азыркы  күндө  ан-сезим  жана  ан-сезимдүүлүк, 

тарбия  жана  тарбиялуулук,  адеп  жана  адептүүлүк 

проблемалары  абдан  курч  коюлуп  жатат.    Тарбия 

жана  кайрадан  тарбиялоо  азыркы  мезгилде  коомдун 

бардык  социалдык  институттарынан  бирдиктүү, 

терен  мазмундуу  иш-аракеттерди  талап  кылып 

жатат.  Жаштарыбыз билимге сугарылган менен, жан 

дүйнөсү  рухий-нравалык  азыктарга  чаңкап  турат.   

Эгерде,  баланын  жан  дүйнөсү  таза  болбосо,  коом-

догу  терс  көрүнүштөрдү  көрүп,  толгонуп,  тынчсыз-

данып  дүрбөлөңгө  түшпөсө,  анда  алган  билиминде 

эмне пайда.  Эн  негизгиси  -  өзүн таанып, кулк-мүнө-

зүн. Пейилин ондоо тарбиянын бар экендигине күбө.   

Заманга  жараша  азыркы  тарбияда  бир  топ 

проблемалар  кездешүүдө.  Анткени,  балдардын  көз 

карашы,  психологиясы  өзгөрүп,  тарбиялоо  кыйын 

болуп бараткандай. Эмне, «заманын бору болсо бору 

бол.  Ууру  болсо  ууру  бол»  деген  ушубу?  Биз 

алардын  жан  дүйнөсү  менен  эсептешпей,  көзжазды-

мында  калтырып  койгон  жокпузбу?  Студенттерден 

«Азыркы жаштардын рухий-нравлык  түшүнүктөрдү,  

дүйнөгө  болгон  көзкарашы  кандай?».  «Улуттук 

баалуулуктардын  таасири  барбы?”  деген  суроолор 

менен  кайрылганыбызда,  негизинен  сурамжылаган  

студенттердин төрттөн бир бөлүгүнүн пикири боюн-

ча,  бүгүнкү  жаштардын  нравалык  түшүнүктөрү, 

дүйнөгө  болгон  көзкараштары  жаман  эмес.  Алар 

жашоого кайдыгер карашпайт. Кыргыз элинин рухий 

мурастарын  кичине  болсо  да  түшүнүшөт.  Албетте, 

бизге  ата-энебиз,  мугалимдерибиз  улуттук  баалуу-

луктар  жөнүндө  айтышпаса,  сабактар  өтүлбөсө, 

кимде  күнөө?  Анткени,  биз  жакынкы  мезгидерден 

бери  өзүбүздүн  укук,  милдеттерибизди  билип, 

мамлекетти  башкарууга  катышуу    мүмкүнчүлүгүнө 

ээ  болуудабыз.  Ал  эми,  чындыгында  бул  суроого  

оной-олтон, жакшы же жаман деп кесе айтуу кыйын. 

Билимдүү,  тарбиялуу  адам    гана  дүйнөгө,  өз 

өлкөсүнө  жана  келечегине    анализ  жүргүзүп,  болуп 

жаткан  окуяларды  талдай  алат.  Кыскасы,билимдүү, 

интеллектуалдык денгээли жогору жаштар көп дегим 

келет.  Бирок,  «беш  кол  тен  эмес»  дегендей,  терс 

көрүнүштү өнөкөт кылган жаштар да жок эмес. 

Түркмөндөрдүн ар бир муунунун сый-урматына 

татыктуу  болгон  Сапармурат  Ниязовдун  «Рухнама» 

деген китебинде ошол элдин улуттук баалуулуктары 

жөнүндө  көптөгөн  ойлор  айтылат.  «Менин  сага 

айтарым:    силкин,  көзүндү  ач,  дилине  жана  денене    

жетимиш  жыл  ичинде  жабышкан  бардык  жат 

нерселерди  өзүндөн  алып  таштап,  чыныгы  түркмөн 

болуп калгын! ...[7] 

…Биздин  эне  тилибиз,  дилибиз,мүнөздөрүбүз, 

бирдей  сырткы  келбетибиз,  салттарыбыз,  үрп-

адаттарыбыз,  кайталангыс  кооз  жаратылышыбыз 

бизди  бир  дасторкондун  тегерегине  баш  коштуруп 


 

179


 

 

НАУКА, НОВЫЕ ТЕХНОЛОГИИ И ИННОВАЦИИ КЫРГЫЗСТАНА №8, 2016 



турат»  деп  улуттук  баалуулуктарын  сыймыктануу 

менен  айтып  өткөн.  С.Ниязов  Бишкек,  2004.  

«Рухнама». 

 Окучуларыбызга  ата-бабаларыбыздан  мурас 

калган  улуттук  баалуулуктардын  бир  үлгүсү  болгон 

кыргыз  музыкасын  таанытуу  да  улуттук  тарбиянын 

бир бутагы эмеспи. Мына ошол биз көнүлгө албаган, 

биз  укпаган  комуз  күүлөрү  Японияда  оорууларды 

(нерв,  стресс,  психикалык  ж.б.)айыктырып  жаткан-

дыгын  мисал  кылып,  окуучуларга  кыргыз  музыка-

сынын  сыйкырын  түшүндүрүү  да  мектеп  мугалим-

деринин  милдети.  (Бул  тууралуу  Чолпонбек    Абыке 

уулунун  «Кыргыздын  үч  байлыгы»  деген  китебинде 

айтылат. 

 

Улуттук 


нуктагы 

таалим-тарбияны, 

каада-

салтты  ислам  баалуулуктары  менен  айкалыштырып 



тарбиялоо  мезгили  келдиго  деп  ойлоймун.  Ыйманы 

бүтүн,  адептүүлүк  жактан  таза  жаны  муундун  ар 

тараптан  жана  гармониялык  түрдө  өнүгүшүнүн  эн 

маанилүү 

шарттарынын 

бири 


болуп 

саналат. 

Мындан  тышкары  өспүрүмдөр  адептүүлүк  жактан 

таза  түшүнүккө,  ишенимге,  сезимге,келбетке  жана 

сапатка  мектептеги  адилеттүү  окуу-тарбия  иште-

ринин  жана  үй-бүлөдөгү  туура  таалим-тарбиянын 

негизинде гана ээ боло алышат. 

Кыргыз  улутунун  улуу  рух,  дөөлөт,  наркын, 

салтын  тарыхын,  баалуулуктарын  жокко  чыгаруу 

менен  дүйнөнүн  азыркы  кыйындары  деп  эсептелген 

Америка жана Европа мамлекеттери он таасир берип 

жаткан 


демократиянын 

чечимдерин 

кыргызга 

түздөн-түз  тануулоо  жолу  менен  киргизүү  терс 

таасирин  тийгизээрин  азыркы  убактагы  окуялар 

таасын көрсөтүүдө. 

Ислам  динине  каршы  күрөшүү  саясатынын 

кесепетинен (союз мезгилинде) төрт муун кыргыз өз 

тарыхын,  маданиятын,өнөрүн,  рухун,салтын,  тилин, 

дилин  унутуп  (эскинин  кимге  кереги  бар  деген 

ишенимге  кирип)  бүгүн  мекенибиз  улутсуз  чөлгө 

айланып, руху, эрки, намысы жок жарым пенделерге 

айланып  кетүүдө.  Ошондуктан  билим  берүү  менен 

тарбиялоо процессин  болуп кароону  токтотуу керек. 

Нравалык жактан бузулган, руханий байлыгы жарды 

киши  билими  жогору  болсо  да,  коомду  козгоп-

бузгандан  башка  пайдасы  жок  экенин  мезгил 

көрсөтүп койду.  

Үй-бүлөлүк  тарбия  системасын  замандын  тала-

бына  ылайык  калыбына  келтирүү  зарыл.  Ыймандуу 

болуу, мекенди сүйүү, мезгилди туура баалай билүү, 

убалдан  коркуу,  жокчулук-токчулук,  ач  көздукту 

айырмалай билүү ж.б. 

Кыргыз  болуп  чыгыштын  адеп-ахлак    нормала-

рын өзүбүздө калыптандырбай туруп, биз күн батыш 

цивилизациясына суктанып, анын адеп-ахлак норма-

ларын  эталон  катары  эсептегенибизди  токтотпосок 

улут катары, эл катары жоголуп кетүү коркунучунда 

турабыз.  Бул  корунучтан  чыгуу  үчүн  «Кыргыз 

элинин  улуттук  идеялогиясын»  илимий  негизде 

иштеп  чыгуу  зарыл.  Идеяны  ишке  ашыруу  үчүн 

кыргыздын  нукура  тарбия  берүү  системасын  заман-

дын  талабына  ылайык  калыбына  келтирүү  зарыл. 

[2,4,5] 


Тарбиялоо үчүн, тарбиялоочу өзү  тарбияланган 

болуусу  зарыл.  Ата-энени  эстөө  алардын  кадыр- 

баркынын  жогору  экендигин  такыр  эстен  чыгарбоо  

керек. Ата-энени сыйлаган өз балдарынан жамандык 

көрбөйт,  мээрим  кылат  жана  жашоодо  жакшы, 

мыкты жана бакубат  турмуш куруусун каалайт. 

Каалоо  менен  гана  максатка  жете  албайсын  , 

бул  үчүн  өтө  чон  эмгек,  билим,  тажрыйба  керек-

телет.  Мына  ушундай  убакта  ата-энелерибиздин 

тажрыйбаларынан  пайдаланганыбыз  он.  Баланы 

өстүрүп  тарбиялоодо,  эл  катарына  кошууда  үй-бүлө 

менен коомдун таасири зор болот. 

1.  Тарбиянын  башында  жараткан  Алла  өзү 

турат.  Хадистерде  бул  ааламдын  ээси  болгон  жара-

туучубуз 

адамга 


жарык 

дүйнөдөгү 

бардык 

жакшылыктарды  ыйгарыптыр  бирок,  ниетибизди 



өзүбүзгө  калтырган  дешет.  Элибиздеги  «ниэтинден 

тап»,  «жакшы  ниэт,  жарым  ырыс»  деген  сөздөр 

бекеринен эмес. Жараткандан: «ээ жараткан, перзент 

бер  алты  саны  аман,  акыл-эсин  бүтүн,мээр  акыбети 

менен  бер»  -деп  ниет  кылабыз,  бул  жараткандын 

байлыгы  болгон  дене  жана  акыл  тарбиясынын 

алгачкы кадамы. 

2.Үй-бүлө,  жигит  менен  кыздын  макулдашып 

никеге  туруп,  баш  кошуп,  турмуш  куруусунан 

башталат.  Үй-бүлө  мүчөлөрүнө  ар  биринин  өзүнө 

тиешелүү  милдеттерге,    укуктарга  ээ.  Тарбиянын 

башаты  үй-бүлө  курган  аял  менен  эркек.  Адам 

мээриминде  улуу  адам  ыйык,  ошондуктан  «аалым 

болуу оной, адам болуу кыйын»  дешет. 

3.Ата-эне балам акыл-эстүү, зээндүү болсун деп 

гана  тим  болбостон,  андай  перзент  акыл-эстүүлүгү 

менен  билим  алып,  өнөр  үйрөгөнү  он.  Себеби 

өнөрсүз  акыл  жыланач  дене  сыяктуу.  Ошондуктан 

билим  акылдын  жүзү  деп  айтылат.  Ошон  үчүн 

өнөргө үйрөнүп же билим алып жатканда оозду ачып 

убакытты  текке  кетирген  бул  жалкоолук,  ал  эми 

жалкоолук  болсо  дененин  чирүүсү.  [3,4]    Азыркы 

мезгилде  кыргыз  элинде  аткарылып  келе  жаткан 

көптөгөн каада-салттар, үрп-адаттар диний мазмунга 

ээ  болуп,  пайгамбарыбыз  азирети  Мухаммеддин 

жүрүм-турумунан  үлгү  катары  эл  ичинде  сакталып, 

колдонүлүп  келе  жатат.  Хадисте  пайгамбарыбыз: 

«Мен адамдардын жүрүш-турушун жөнгө салуу үчүн 

адеп-ахлак  нормаларын  сунуш  эттим»  деген  сөзү 

бар. [3] 

Ата-бабаларыбыздын  жаман  кылык-жоорукта-

рынан  бошонуп,  алардын  жакшы  нарктуу,  көркөм 

салттарын  ыйык  сакташ  ар  бир  мусулман  пенденин 

биринчи  парзы.  Жалпы  адамзаттын  баалуулукта-

рынын жаралышы жана жашашы диндик ишенимдер 

менен  байланышта.  Ислам  дини  да  жалпы  адамзат-

тык  баалуулуктарды:  тынчтык,  гумандуулук,  ак 

ниеттүүлүк, өз эл жерин сүйүү, эр журөктүүлүк, адам 

өмүрүн баалоо, балдарды жана карыларды урматтоо, 

адамга  жамандык  кылбоо,үй-бүлөнү  жана  баланы 

ыйык деп саноо,балдарга тарбия берүү, эмгекчилдик, 

билим  үйрөнүү  ж.б.у.с.өз  ичине  камтыйт.  Ислам 



 

180


 

 

НАУКА, НОВЫЕ ТЕХНОЛОГИИ И ИННОВАЦИИ КЫРГЫЗСТАНА №8, 2016 



дини  мусулмандардын  тарбия  салтынын  өзөгүн 

түзөт.  Мусулман  адамдын  турмуштагы  бүтүндөй 

жүрүм-туруму,  жашоо  нормалары  шарыят  (диний 

этикалык  жана  укуктук  эрежелердин  жыйындысы) 

эрежелери  аркылуу  жөнгө  салат.  Кыргыз  элинде 

ыйман    маселеси  ислам    дини  менен  байланышта 

турат.Ислам  дининин  эрежелери,  адамдарда  адеп-

ахлактын  эрежелерин  калыптандырып,  адамдар 

ортосундагы  карым-катнашты,  мамилени    жөнгө 

салат. [2] 

Кыргыз элинин кайталангыс улуттук өзгөчөлүгү 

кылымдар бою тарбиялап келген руханий-ыймандык 

булактары,  тарыхы,  эне-  тили,  каада-салты,  ырым-

жырым, улуттук оюндарды бийик идеяга сугарылган 

элдик    адабияты  бар.Ата-бабаларыбыз    билгичтик 

менен    чебер  пайдаланып,  муундан  –муунга 

өркүндөтүп,  өткөрүп  келген  ошол  асыл  булактарды 

биздин 


муунда 

асырап, 


бапестеп,окуучуларды, 

студенттерди,  жаштарды,  дегеле  коомду  туура 

тарбиялоодо жетекке алып, кийинки муунга өткөрүп 

берүүбүз парыз.  

Эркек  бала  ата-эненин  өз  колунда  калып,  кыз 

башка  үй-бүлөөдө,  башка  коомго  мүчө  болуп  барат. 

Өз  колунда  калган  эркек  балага  ар  убакта  жардам 

бере  аласын,  үйрөтүп,    катасын  ондой  аласын,  ал 

дайыма  көз  алдында.  Кыз  баланын  келечекте 

турмуштан  орун  табуу,  эне  тарбиясы,  үй-бүлө 

туткасы  болуусу  үчүн  турмушка  узатканга  чейин  өз 

ата-энесинин  үйүнө,  мектепте  туура  тарбиялоо, 

турмушка даярдоо канчалык зарыл экендиги айтпаса 

да  түшүнүктүү.  Кичинесинен  эле  кыздарды  үй-

бүлөгө  даяр  болгондой  кылып  тарбиялоо  керек. 

«Жакшы  аял  жаман  үйдү  сарай  кылат,  жаман  аял 

жакшы  үйдү  кепе  кылат»  деген  сөз  бар  эмеспи. 

Аларга  сарамжалдуулук,  сабырдуулук,ак  ниеттүү-

лүк,  чыдамкайлыкты  үйрөтпөсө  кийин  турмуш 

курганга  жараксыз  болуп  калат,  кыздарды  табия-

лоодо  пайгамбарыбыз  да  көп  көнүл  бурган.  Ал  « 

Сасык  гөндун    өскөн  гүлдөн  сактангыла»  деген.  Ал 

айткан  сөздүн  мааниси  тарбия  берилбеген  үйдө 

чонойгон сулуу кыз  жөнүндө. Ата-бабаларыбыздын, 

салттуу,  нактуу,  үй-бүлөдө  баланы  чон  энелер 

тарбиялаган.Алар  табигый  чебер,  даанышман  тубаса 

тарбиячылар    болушкан.  Энелер  баланын  жан 

дүйнөсүн  эн  терен  болуп  турганга  чейин  умтулуп  

кирүү 

жөндөмдүүлүгүнө 



ээ 

болушкан.Эненин 

мээримине  тойгон    бала  да  чон-эне,  чон-ата  өз  ата-

энесине,  туугандарына,  мекенине  болгон  чыныгы 

инсандын сүйүүсү,сезими менен чонойот.   

Азыркы мезгилде  келин, кыздарыбыз  төрөп эле 

3-4 айлык балдарын таштап чет жактарга кетишүүдө. 

Эмне  ач  калгандыктанбы?  Жок!  Ошол  3-4  айлык 

бала  эртен  энесин  тааныбай,  эне  мээримине  тойбой 

чонойуп 


жатпайбы.Бул 

жетишкендикпи 

же 

көпкөндукпу?  «Бала  багуучу  керек»  деп  ,  базарда, 



окуу  жайларда  энелер  жүрөт,  бүгүн  бардык  жоктон 

алдыдасын  :  үстүндө  үй,астында  машина,  казаны 

асылуу,  курсагы  ток,  үстүбүз  бүтүн,  чөнтөгүндө 

акча,а  эртенки  күнчү?  Эртен  каарыйсын  балдарын 

акча  табамын  деп  талаада  жүрсө,  анда    ошолбу 

бактылуу  карылык.  Кыскасы  кыздын  кыздай  , 

кыштын кыштай болгону дурус. 

Тээ 


алмустактан 

бери 


келаткан 

ыйык 


журтубуздун  баалуулуктары,  ата-энелер  тарбиясы 

муундан-муунга 

өзүн 

актап 


келаткан 

элдик 


педагогикасы  аркылуу  жаштарыбызды  тарбиялоо 

менен адепүү, ыймандуу, тарбиялуу, өнүккөн коомду 

курууга бөлөт. [1,5,6] 

Бардык  билимдерибизди,  турмуштук  тажрый-

бабызды келечек муундар үчүн арнасак. Ал баланын 

жандүйнөсүнө  унулуп кирип, дилиндеги аруу туйгу-

ларын ишке ашырууга көмөк көрсөтсөк. Кат сабатын 

жоюп,  илим  дүйнөсүн  аралатсак,  илим-билимдин 

чексиз экендигин таанытсак. Адам деген улуу аттын 

маанисин  ачып,  пакиза  пейилдүү,  адеп-ахлактуу 

инсан  кылып  тарбияласак,  дилине  мээрим  менен 

айкөлдүктүн үрөнүн сээп, эл үчүн,мекен үчүн кызмат 

кылган инсан болууга багыттасак. 

Улуттук  наркты,  каада-салтты  бек  сактоого 

үйрөтсөк,  дүйнөгө  болгон  көзкарашын  кенейтүүгө, 

сабырдуу,  ак  ниет  инсан  болууга,  тарбиянын 

улуулугун таанытууга, ата-эненин эмгегин ар дайым 

эсинен  чыгарбоого,  эмгекчил  болууга  жетелесек. 

Улуу  педагогдор  баштаган  жакшы  жөрөлгөлөрдү 

аткарууга,  алар  баскан  кадам  менен  гана  басууга, 

тынымсыз окууга,  үйрөнүүгө, окутууга чын дилибиз 

менен  киришсек,  албетте,  терен  билимдүү,  интелек-

тууалдык денгээли жогору балдар тарбия алат. 

Адабияттар: 

1.  Карасаев К. «Накыл сөздөр. - Бишкек, 1998. 

2.  Каримов М. Ата-бабалар табериги. -Бишкек, 2001. 

3.  Пайгамбарыбыз  Мухаммед  саллаллаху  аллейки  васал-

ламдан  «Улуу  өрнөктөр»,  даярдаган  «Адеп  башаты» 

фонду. - Бишкек, 2008. 

4.  Ормушев А. Ислам цивилизациясы. - Бишкек,2003. 

5.  Улуттук куррикулум (узундулор),    «Кут  билим»,  2007, 

№29, 30. 

6.  Муратов  А.  Аталар  сөзү-акылдын  көзү.  Адеп  ангеме-

лери.1-китеп. 

7.  Сапармурат Н. Т.  Рухнама. -Бишкек, 2004. 

 

Рецензент: пед.ил.канд., доцент К.Миталипов 



 

   


   


Достарыңызбен бөлісу:




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет