КЫРГЫЗ ТИЛИ 148
эмгектери кыргыз элине өлбөс-өчпөс белек болуп калды. Ар бир сөздү
чечмелеп берүүдө өзгөчө ыкмаларды колдонгон. Ал үчүн түз, өтмө,
кыйыр маанилер менен макал-лакаптар, учкул сөздөр, идиомалык сөз
тизмектери пайдаланган. Сөз маанисин, ички түшүнүгүн тийиштүү фак-
тылар менен чечмелеп, түпкү маанисин ачуу изилдөөчүнүн эмгегинин
кыл чокусу болгон.
Юдахин түрк тилдеринин көпчүлүгүндө сүйлөй да, жаза да билген.
Кыргыз тилинен башка түрк тилдери боюнча да көп эмгектерди жазган.
Согушка чейин «Уйгурча-орусча сөздүктү» редакциялаган. Түрк тилинин
грамматикасын, лексикасын, диалектологиясын жана алардын тарыхын
да терең билген эң ири түркологдордун бири болгон. «Кыргызстанда
лингвистиканын өнүгүшү» деген эмгегин жазып, кыргыз лексикасын
жыйнап, кыргыз диалектилерине классификация жүргүзүп, азыркы орфо-
графиясынын негизги маселелерин иштеп чыккан. Константин Кузьмич
Юдахиндин эмгектери орус тилин үйрөнүү үчүн кыргыздарга табылгыс
курал катары, ошондой эле орус эли үчүн да кыргыз тилин үйрөнүүнүн
эң сонун куралы болуп кызмат кылат.
Юдахиндин кыргыз адабияты менен маданиятына сиңирген эмгеги
зор. «Манас» эпосунун орусча котормосунун көп бөлүгүн редакциялаган.
Токтогулдун томдорун жана «Манастын» төрт китебине түшүнүк жана
эскертме түзгөн. Кыргыздын жалпы элдик тилинин диалектилик бөтөн-
чөлүктөрүн изилдөө жагына да салым киргизди. Кыргыз ССР Илимдер
академиясы тарабынан түзүлгөн «Кыргыз адабий тилинин түшүндүрмө
сөздүгүнүн» эки томдугуна жана Кыргыз Атласына илимий кенешчи бол-
гон. К. К. Юдахин Кыргыз Өкмөтүнүн чакыруусу боюнча Фрунзеге (азы-
ркы Бишкек, 1944) келип, өмүрүнүн аягына чейин Кыргызстанда жашап,
эмгектенген. 1955-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик
университетинде иштеген. КМУнун филология факультетине профессор
К. К. Юдахин белек катары берген китептеринен атайын китепкана ачыл-
ган. Китепкана өзүнүн ысымы менен аталган.