168
1
БИЛИМ АЛУУ – ИЙНЕ МЕНЕН
КУДУК КАЗГАНДАЙ
1-ТАПШЫРМА.
Блиц-сурамжылоо жүргүзгүлө. Чынжырча менен
бири-бириңерге бирден суроо окуп берип,
жооп алгыла. Жообун таппай калсаңар, суроону
кийинки окуучуга узаткыла
1. Бул нерсени даярдайбыз жана сиңире алабыз. Бирок жеп-иче албай-
быз. Ал эмне?
2. Билим алуу эмнеден башталат?
3. Билимди эмне кылууга болот?
4. Ким бирди жыкса, ким миңди жыгат?
5. Эмне байлык, эмне кенч?
6. Билими, сабаты жокторду эмне деп атайбыз?
7. Билим берүүчү жайлардан бешөөнү жазгыла.
8. Билимин сага арнаган киши ким?
9. Билимдин булагы эмне?
Текстти окуп-түшүнүүдө эмнеге таянабыз?
2-ТАПШЫРМА.
Сөздөрдү жана сөз айкаштарды окугула. Тааныш
эмес сөздөрдүн маанилерин сөздүктөн тапкыла.
Сунушталган лексиканы төмөндөгү схемага
бөлүштүргүлө. Өзүңөр билген түшүнүктөр,
терминдер менен толуктагыла
Улуттук билим берүү системасы; билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү;
билим берүүнүн светтик мүнөзү; билим берүүнүн уланмалуулугу жана үз-
гүлтүксүздүгү; окутуу менен тарбия берүүнүн биримдиги; үйбүлөлүк жана
коомдук тарбиянын өз ара байланышы жана өз ара аракети; инсандын
руханий, моралдык жана физикалык өнүгүүсү; билим берүүнүн дүйнөлүк
деңгээлине багыттоо; гуманизм; жалпы адамдык баалуулуктардын ар-
тыкчылыктары; кадрларды кайра даярдоо; мектепке чейинки мекемелер;
экология.
Достарыңызбен бөлісу: