Бишкек 2019 кыргыз тили


-ТАПШЫРМА. Текстти окугула жана тапшырмаларды



Pdf көрінісі
бет139/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   135   136   137   138   139   140   141   142   ...   233
Байланысты:
kyrg tili practical

6-ТАПШЫРМА.
Текстти окугула жана тапшырмаларды 
аткаргыла
Филипок мектепке барат
Илгерки өткөн заманда Филипок деген бала болгон экен. Күнүгө агасы 
Костя менен мектепке баргысы келет, бирок ага апасы уруксат бербейт.
– Мектепке барганга сенин жашың али жете элек, – дейт апасы.
Атасы күндө эртең менен талаага иштегени барат, апасы болсо агасын 
мектепке жибергенден кийин өзү да ишке жөнөйт. Ал эми Филипок чоң 
энеси менен үйдө калат, зеригет. Кыштын бир күнү үйдөгүлөрдүн баары 
кеткенден кийин Филипок зериге баштады. Чоң энеси мештин түбүндө 
уктап калганда үйдөн качып чыгып, мектепке жөнөдү. Мектепке кайсы 
жол менен бара турганын да билчү. Иттерден гана коркчу. Үйүнө жакын 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
174
иттер аны тааныгандыктан үрүшкөн жок, узап калгандан кийин чоочун 
иттер аны көрүп, үрүп чыгышты. Бир маалда алдынан бир адам чыгып:
– Сен кайда баратасың кибиреп? – деп сурап калды. 
Ал адам менен сүйлөшүп, бирге басып, корккон иттерден өтүп, мек-
тепке жетип алды. Мектепке барарын барды. Мугалим мени кабыл алабы 
же жокпу деп кире албай, мектептин оозунда турду. Бирок кайра үйгө 
кайтпастан класстын ичине кирүүгө бел байлады. Ошентип бир класска 
кирип барды. Мугалим тактайда бирдемелерди айтып жаткан жеринен 
Филипокту көрүп, суроолуу карап туруп калды:
– Сен кимсиң?
– Ал Филипок, Костянын иниси, – деп балдар чурулдап жиберишти.
– Эмне кылып жүрөсүң, Филипок?
– Менин дагы окуп-жазгым келет. Мен байкемден тамгаларды үйрөн-
дүм. Бирок дагы көп окугум, үйрөнгүм келет.
– Демек, сен тамга тааныйсыңбы? Сенин атыңа колдонулган тамга-
ларды айта аласыңбы? – деди мугалим.
– Ф И Л И П О К.
– Азаматсың, апаң менен эртең сүйлөшөйүн. Сени да мектепке жөнөт-
сүн. Сен абдан акылдуу бала экенсиң!
Филипок ошол күндөн баштап Костя менен мектепке бара баштады. 
Кыска убакыттын ичинде Костядай, жада калса андан да жакшы окуп 
калыптыр. Анткени Филипоктун окуйм деген эңсөөсү абдан күчтүү эле.
(Л. Толстойдуку боюнча)
ƒ
„
Тапшырмалар:
y
Тексттин жанрын аныктагыла: аңгеме, притча, жомок, уламыш. Бул 
чыгарма – аңгеме (притча, жомок, уламыш). Анткени… .
y
Филипок туура жосун жасадыбы? Пикириңерди далил менен айткыла. 
Филипок мектепке барам деп туура эмес жосун жасады. Себеби … .
y
Тексттен кандай тыянак чыгарууга болот? 
y
Текстти абзацтарга бөлгүлө. Ал абзацтардын аталышын жазгыла.
y
Текст менен иштегиле. Ар бир ишти төмөндөгү кадамдар аркылуу 
аткаргыла: 1. Сүйлөмдөгү айрым сөздөрдү кыскарткыла. 2. Кээ бир 
жөнөкөй сүйлөмдөрдү бириктиргиле. 3. Эки-үч татаал сүйлөмдөрдү 
да бириктирип, бир татаал сүйлөмгө айландыргыла. 4. Чыгарманын 
мазмунун олуттуу өзгөртүүгө учуратпастан, 4-5 сүйлөмдөн турган 
чыгармага айландырып жазгыла.
y
Ассоциация бергиле. Силердин балалыгыңарда ушундай окуя болду 
беле? Же 1-класска алгач барган күн эсиңердеби? Ушулар боюнча 
чакан текст жазгыла.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   135   136   137   138   139   140   141   142   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет