8-ТЕМА
135
5. Кыргыздар байыркы убактан эле арчадан түрдүү … буюмдарды
(бешик, идиш-аяк ж. б.) жасашкан.
а) жашоо-тиричилик
б) оокат-тиричилик
в) дүйнө-тиричилик
г) турмуш-тиричилик.
5-ТАПШЫРМА.
Сүрөттөр боюнча чакан аңгеме түзүп,
бири-бириңерге окуп бергиле
6-ТАПШЫРМА.
Уламышты тыным менен окугула
Арча
Илгери бир абышка-кемпир жашаган экен. Экөө көп жыл балалуу
болбой жүрүп, карыганда уулдуу болушат. Баласына болгон мээримин
берип чоңойтушат.
Бир күнү баласы отунга кетет. Үйүнө келсе, энеси катуу ооруп төшөк-
тө жатып калган болот. Эненин оорусу күн сайын күчөп, өңүнөн кетип
саргайып, күндөн-күнгө арыктап, кичирейип калат.
Уулу атасынын кеңеши боюнча бир дарыгерди таап келет. Дарыгер
кемпирдин тамырын көрүп:
– Бул ооруга бир гана дары бар, ал – мүрөктүн суусу, ошону ичирсең
энең айыгат, – дейт. Аны көп жерди кыдырып, бир булактан табарын айтат.
Достарыңызбен бөлісу: