КЫРГЫЗ ТИЛИ
158
кыргыз элинин маданий жактан дүркүрөп өркөнү өскөн бүткүл соңку
жаңы доорунда Бүбүсара Бейшеналиева анын айдың-тунук асманында
балбалдып жанып чыккан улуттук биринчи жылдыз болду. Айтор, аны
ар дайым эстеп, ойлоп жүргөнгө жалпы мааниде болсун, жеке мааниде
болсун, мен үчүн олуттуу, терең көп эле жүйөлөр табылат.
Ойлоп отурсам, кээде мага көзү өткөн замандаштарды эскерүү сыпаты
тек бир аргасыз амалдай көрүнүп кетет, анткени эскерме деген кантсе
да эскерме да, ал баары бир адамдын тирүү кезиндеги түп насилин,
жандуу элесин түгөл тартып бере алмак беле.
Достарыңызбен бөлісу: