Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет220/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   216   217   218   219   220   221   222   223   ...   233
Байланысты:
kyrg tili practical

Кантип салыштырат: 
(Ким / эмне) (кимден / эмнеден) (эмнеси менен/ кантип) айырмаланат: 
Бир тууган ага-ини мүнөздөрү менен айырмаланат. 
(Ким менен / эмне менен) (кимдин / эмненин) айырмасы (эмнеден) би-
линет / турат:
Деңиздин жээгинде жашоо менен токойдо жашоонун айырмасы тамак-
тануудан билинет. 
(Кимге / эмнеге) караганда (ким / эмне) сын атоочтун салыштырма 
даражасы: 
Бизге караганда бул адамдар шайырыраак. 
(Кимге / эмнеге) салыштырмалуу (ким /эмне) + жакшы (начар / көп / 
аз) + этиш. 
Түштүктө жашаган адамдарга салыштырмалуу, түндүктө жашаган адамдар 
көп сүйлөбөйт. 
ƒ
„
Айырмачылыкты кантип билдирет:
(Эмне) (эмнеден) эмнеси менен айырмаланат. 
Аңгеме повесттен көлөмү менен айырмаланат.
(Эмне) менен (эмненин) айырмасы …
Аңгеме менен повесттин айырмасы көлөмүндө. 
(Эмненин) (эмнеден) башкы айырмасы …
Аңгеменин повесттен башкы айырмасы көлөмүндө. 
ƒ
„
Салыштыруунун даражасын кантип билдирет:
(Кимди / эмнени) жана (кимди / эмнени) салыштыруу мүмкүн эмес!
Бул чыгарма боюнча тартылган жаңы фильмди жана эски фильмди са-
лыштыруу мүмкүн эмес! 
Аларды салыштырууга болобу?
Алар күн менен түндөй!
(Эмнени) (эмне менен) салыштырууга болбойт.
Бул чыгарма боюнча тартылган жаңы фильмди эскиси менен салышты-
рууга болбойт! Жаңысы кыймыл аракетке бай, кызыктуу, ал эми эскиси 
жадатма.


КЫРГЫЗ ТИЛИ
254
ƒ
„
Окшоштукту кантип билдирет:
Толук / толук эмес
(Эмне) менен (эмне ) окшош. Апасы менен кызы окшош.
(Ким / эмне) (кимге) окшошураак. Улуу кызы ага окшошураак. 
(Ким / эмне) толук бойдон окшош.
(Кимге / эмнеге) окшош.
(Эмне) жана (эмне) дал келет.
(Кимдин / эмненин) (ким / эмне) менен окшоштугу дал келет.
Менин пикирим окутуучунун пикири менен толук дал келет.
Эки топтун окшоштугу – экөө тең сүйлөшкөндү жакшы көрөт.
ƒ
„


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   216   217   218   219   220   221   222   223   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет