Бишкек 2019 кыргыз тили


(ким) (эмнеси менен) айырмаланат



Pdf көрінісі
бет225/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   221   222   223   224   225   226   227   228   ...   233
(ким) (эмнеси менен) айырмаланат:
Кызым унчукпас кыялы менен айырмаланат. Акын бала кезинде өзүнчө 
ойго батып отура берүүчү мүнөзү менен айырмаланчу. 
ƒ
„
Өтүнүчтү (жашырылган буйрукту) расмий мамилелерде кантип 
билдирет: 
Мен … болсо, жаман болмок эмес, деп ойлойм. 
Эгерде … болсо, абдан жакшы болот эле. 
Балким, … кылган туура болот го. Балким, … дурус болор. 
(Кимге) … жасаганы жакшы жыйынтык бермек. 
Эгерде биз (кимге) … + берсек / койсок / десек / айтсак, эң жакшы 
болот, дейм. 
Биздин кызматкерибиз (кимди) (кайда) жөнөтсөк / жиберсек / уюштурсак. 
ƒ
„
Жакшы жасалган жумуш їчїн кантип мактайт: 
А. Дайыма бир нерсени жакшы жасай ала турганын мактаса: 
Сиз мыкты кызматкерсиз. Сен эң алдыңкы окуучусуң. Сен … эң 
жакшы аткарасың. Сен компьютерде жакшы иштей аласың.
Б. Аткарылган иши їчїн мактаса:
Сен кандай жакшы + өткөн чактагы этиш. Жумушту кандай сонун 
аткардың! Сени ушундай жакшы жасайт деп ойлогом. Жумуштун 
майын чыгарып жасарыңди билгем. Ушундай мыкты иш кыларың-
ды билип, дайыма сага таянам. Иштин көзүн билесиң! Жеңилимди 
жерден, оорумду колдон алып турарыңа ишенгем. Кылганыңды 
көрүп, сүйүнүп турам. Бали! 
ƒ
„
Адамды жаман жасаган жумушу їчїн кантип жемелейт:
Тилекке каршы, сен мен күткөндөй кылган жоксуң. 
Сен … жасай албадың. 
Сенин айыңдан … 
Сенин туура эмес жасаганың … 
Өз жумушуңа ушундай да көңүл кош мамиле кыласыңбы!?
Жасаган ишиң көңүлүмө толбой турат. 
Ишти чийки кылдың. 
Бул кылганың такыр эле жарабайт. 


КЕПТИК ҮЛГҮЛӨР
259
Кеп үлгүлөр
Колдонуу мисалдары
Мамилени кантип билдирет: 
Иий, эми бир укмуш экен дейсиң! 
Абдан сонун! 
Класс!
Сага / сизге бул жарашат! 
Укмуш болду.
Кызыктуу, көңүлдүү болду. 
Көргөнгө / окуп чыкканга татыктуу! 
Көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда. Жеген 
да арманда, жебеген да арманда.
Даамы унутулгус экен! 
Жайынча эле экен. 
Өтө начар!
Эң эле жаман!
Сага / сизге бул жарашпайт экен.
Кызыксыз / көңүлсүз / жадатма. 
Муну көргөнгө / окуп чыкканга татыксыз! 
Мындай эле …
Анча деле эмес. 
Ой, болбогон эле нерсе. 
Баргандан көрө барбаган жакшы.
Көргөндөн көрө көрбөй эле койгон жакшы.
Эми сен сураба, мен айтпай эле коёюн.
– Ал чачын кантип жасаптыр?!
– Анын көйнөгү кандай экен?
– Ал фильм кандай болду?
– Ал кыз сага жактыбы?
– Кечээки майрам кандай өттү?
– Жаңы костюмум кандай экен?!
– Жаңы окуучу кандай экен? Жактыбы?
– Бүгүнкү аба ырайын кандай дейсиң?! Жак шыбы? 
– Бышырган наным кандай экен? Нан жапканды 
билет бекенмин? Жакшы бышырыпмынбы? 
– Кечээ мейманга бардың го. Кандай мейман-
дашты? Сени жакшы сыйлаштыбы? 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   221   222   223   224   225   226   227   228   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет