Бишкек 2019 кыргыз тили


Эки сүрөттүн айырмачылыгы



Pdf көрінісі
бет73/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   69   70   71   72   73   74   75   76   ...   233
Байланысты:
kyrg tili practical

Эки сүрөттүн айырмачылыгы: 
С. Каралаев биринчи сүрөттө отурат, ал эми 
экинчисинде «Манас» айтып жатат.
1
5
10
15
20
25
30
М. Шаханов. 
ΧΧ кылымдын ушул улуу феномени кандай 
жагы менен эсиңизде калды?
Ч. Айтматов. 
1959-жылы Москвадан окууну бүтүрүп, элге 
жаңыдан кайткан кезим. Партия мектебинин 
угуучулары Саякбай Каралаев, Карамолдо 
Орозов сыяктуу кыргыздын аты чулу алпта-
рын чакырып, атайы жолугушуу өткөрүштү. 
Угуучулар жалаң кыргыздар эмес, арасында 
орус, немец аралаш түрдүү улуттун өкүлдөрү 
бар эле. Ал эми манасчылар менен өнөрпо-
здордун көпчүлүгү орусча билишпейт. Эки 
ортодо котормочу болдум. Кезек Саякбайга 
келди.
– «Манасты» канча жашыңыздан баштап 
айта баштадыңыз? Алгачкы устатыңыз ким? 
Бир кишинин башына ушунча ташкындаган 
ырлар кантип баткан? – дешип жыйындагылар 
суроону үстөкө-босток жаадырып жатышат. 
– Бала кезимде кой кайтарып жүрүп 
бир теректин түбүнө уктап калыпмын, – деп 
баштады аңгемесин С. Каралаев. – Бешим 
ченде ат дүбүртүнөн ойгонуп кеттим. Уйкулуу 
көзүмдү ачсам, туура мага карай аргымак-
чан бир зор алыбеттүү киши чымын-куюн 
болуп келе жатат. Колундагы найзасы күнгө 
чагылышып, жарк-журк этет. Тулпарынын 
эки көзү оттой жанып, ооздугун карс-курс 
чайнайт. Омуроолотуп келип тизгин тартты. 
Ашыкпай атынан түштү да:
– Эй, бала, бул жатышың кандай? – деди.
– Уктап калыпмын. 
35
40
45
50
55
60
– Сенин оозуңа зор бакыт куюлат. Мын-
дан ары сен «Манасты» айтасың. Кана, ач 
оозуңду! 
Оозумду ачсам, алиги адам заарын бүркүп 
жибергени. Ак маржандай куюлган көбүктүн 
оозумда буркураганы ушунчалык, тумчугуп 
кала жаздадым … А-бу дегиче аттуу киши 
көздөн кайым болду. Мага жолуккан адам 
арбак, балким, кыдыр чыгар, ошондон баштап 
«Манасты» айтып кеттим…
С. Каралаев аңгемесин токтотор эмес, мен 
айткандарын калтырбай которуп олтурдум. 
Окуянын так ушул жерине келгенде чекем 
тердеп, буйдалдым. Сөзмө-сөз которсом, 
көпчүлүктүн ичинде аялдар да отурушат. 
Башка улуттун өкүлдөрү «арбак», «кыдыр» 
дегендердин маанисин анча түшүнө бер-
беши ыктымал. 
Айлам кетип, акыры окуянын күчөгөн 
жерин «оозума түкүрдү» деп котордум. Му-
нун өзү да угуп отургандарга оңой таасир 
эткен жок.
Андан бери канчалаган жылдар өттү. Бул 
тууралуу эч кимге ооз ачкан эмесмин. Жөн 
гана жакында өткөн Белгиядагы бир жолу-
гушуу учурунда С.Каралаевге байланыштуу 
окуяны ошол болгон абалында баяндап 
бердим.
Бир француз калемгери: 
– Муну неге айтпай жүргөнсүз? Эң ке-
ремет жери ушул эмеспи? – деп айран таң 
калбаспы.
(Ч. Айтматов «Аскада калган аңчынын ыйы»)


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   69   70   71   72   73   74   75   76   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет