Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет75/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   71   72   73   74   75   76   77   78   ...   233
Байланысты:
kyrg tili practical

а) сүрдөдүм
б) тайсалдадым
в) санааркадым
г) кыйналдым
6. 47-саптагы «буйдалдым» деген сөздү кайсы сөз менен 
алмаштырсак мааниси өзгөрбөйт.
8. 44–51-саптардын мазмунан кандай тыянак чыгарууга болот?
а) сөзмө-сөз которуу түшүнүксүз
б) котормочулук да оңой эмес 
в) бардык сөздөрдүн котормосу боло бербейт
г) котормонун таасири зор


84
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ –
АЛП ЖАЗУУЧУ
Бул шилтеме боюнча кирип, Ч. Айтматовдун интервьюсун көргүлө: 
https://www.youtube.com/watch?v=y5cdr1GbIDw
1-ТАПШЫРМА. 
Төмөнкү сүрөттөр боюнча Ч. Айтматов 
жөнүндө текст түзгүлө. Текстиңерде жомок, 
уламыш, бычмачы, калай, котормо деген 
сөздөр катышсын. Текстиңерди талкуулагыла, 
анда аталган сөздөрдүн кандай мааниде 
колдонулганын түшүндүргүлө
4
2-ТАПШЫРМА.
Текстти окуп чыккыла. Тапшырмаларды 
аткаргыла
Чыўгыз Айтматов – алп жазуучу
Дүйнө жүзүнө миллиондогон нускада тараган «Жамийла», «Бирин-
чи мугалим», «Саманчынын жолу», «Ак кеме», «Эрте келген турналар», 
«Гүлсарат», «Кылым карыткан бир күн», «Кыямат» ж. б. чыгармалары 
менен кыргыз элин дүйнө жүзүнө тааныткан атактуу жазуучу Чынгыз 
Айтматов Таластагы Шекер айылында 1928-жылы туулган. Айрыкча чоң 
энеси Айымкан эл жомокторун, эски ырларды, уламыштарды көп билген. 
Небереси Чыңгызды дайыма ээрчитип жүрүп элдик каада-салт, өнөр, 
нускалуу башка сөздөр менен тааныштырган. Анын тунук сезимин элдин


5-ТЕМА
85
бай мурастарына сугарган. Ал киши – Чыңгызды эне тилин сүйүүгө үй-
рөткөн биринчи адам. 
Чоң атасы Айтмат колунан көөрү төгүлгөн уста болгон. Тегирмен 
куруп, шаардан кийим тигүүчү машина алып келип бычмачы, тигүүчүлүк 
кылган. Калай чайкап, ээр чапкан өнөрдү билген. Комузду мыкты черткен. 
Арапча окуп, жаза билген. Ал уулу Төрөкулду орусча окуткан. Баласы 
кыргыздардын ичинен чыккан билимдүү адамдардан болуп, жетекчилик 
кызматтарда иштейт. Чыңгыздын энеси билимдүү, маданияттуу аялдардын 
бири болгон. Мына ушул жагдайлар болочок жазуучунун балдар адабияты 
менен өтө эрте таанышуусуна шарт түзгөн. Анын уккан ырлары, жомок-
тору жазуучунун балалык кездеги адабий дүйнөсүн байытып, сезимин 
ойготуп, эне тилдин керемет сулуулугу менен тааныткан.
Согуш учурунда окуусун таштоого туура келет. 14 жашар Чыңгызды 
Шекер айылындагы жаш өспүрүмдөрдүн арасынан эң сабаттуусу ката-
ры айыл советинин катчылыгына дайындашат. Андан соң райПОдо са-
лык жыйноочу, айылда трактор бригадасында эсепчи болуп иштейт. Со-
гуш жылдары турмуштан көргөн-билгендеринин бардыгын кийинчерээк 
«Бетме-бет» ,«Саманчынын жолу», «Эрте келген турналар», «Жамийла», 
кээ бирлерин «Делбирим» аттуу повесттеринде жазган. 
Жамбылдагы зоовет техникумду жана Кыргыз айыл чарба институтун 
бүтүргөн. Адабиятты бала кезинен сүйүп, мектепте окуп жүргөндө эркин 
темада сочинение жазганды жакшы көргөн. Институтутта окуп жүргөндө 
адабиятка айрыкча дит коюп, макала-очерктерди жаза баштайт. Орус 
жазуучуларынын чыгармаларын которот. Кийин зоотехник болуп иштеген 
мезгилинде аңгеме жаза баштайт. Москвада жогорку адабият курсунда 
окуп, терең билим алып чыккандан кийин ал адабий-чыгармачылык ишине 
биротоло өтөт. Анын чыгармалары Лениндик сыйлыкка, СССР жана Кыр-
гыз ССР мамлекеттик сыйлыктарына татыктуу болду. Ал орден-медалдар, 
ошондой эле чет өлкөлөрдүн ардак наамдары жана башка сыйлыктары 
менен сыйланган. Чыгармалары кино, театр, музыка, сүрөт өнөрлөрүн 
өнүктүрүүгө салым кошкон. 2008-жылы көз жумган.
ƒ
„


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   71   72   73   74   75   76   77   78   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет