Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет96/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   92   93   94   95   96   97   98   99   ...   233
Байланысты:
kyrg tili practical

Этиш
Чакчыл
ырда-; Досум ырдады.
ырдап; Досум ырдап баратат.
тий-; Күн тийди.
тийип; Күн тийип, жер жылыды.
жак-; Досума тоолор абдан жакты. жагып; Досума тоолор абдан жагып, ал кайра келмек болуп 
кетти.
1-ТАПШЫРМА.
Төмөнкү сөздөрдү үлгү боюнча өзгөрткүлө.
Суроо бергиле
Үлгү: кураш- + -ып = курашып. 
Улаш-, кел-, чубаш-, каркай-, заңкай-, тий-, арсай-, кет-, жалтыра-, 
тоң-, жаркыра-, өт-, калтыра-, сүй-, бол-, асман тире-, жең-, бил-. 
2-ТАПШЫРМА.
Төмөнкү сөздөрдүн маанисине көңүл бургула 
кура-; Эжем курак курайт.
кураш-; Тоолор тоого курашат.


КЫРГЫЗ ТИЛИ
112
ула-; Агам түтүктөрдү улайт.
улаш-; Тоолор тоого улашат. 
чуба-; каздар чубайт. 
Каздар чубап бара жатышат.
Кичинекей балдар чубашып
бара жатышат. 
Кербенчинин төөлөрү чубашып 
бара жатат.
Тоолор кербенчинин төөлөрүндөй 
чубашат. 
3-ТАПШЫРМА.
Төмөнкү сөз айкаштарды пайдаланып,
«Кыргыз тоолору» деген чакан текст түзгүлө
Тоолор тоого курашат, тоолор тоого улашат; кербенчинин төөлөрү, 
кебез тартып баратат, тоолор төөлөрдөй чубашат; тоңгон муздар, тоолор 
бийик, бороон калтырап араң өтөт, кыргыз эли тоолорду жакшы көрөт. 


7-ТЕМА
113
4-ТАПШЫРМА 
1. Ырды уккула. Кыргыз тоолорун көз алдыңарга элестеткиле. 
2. 2-жолу укканда тексттеги калтырылган сөздөрдү толуктап 
жазгыла. 
Кыргыз тоолору
Тоого тоолор курамалап, _____________________,
Узун тартып, уламалап, _______________________,
Алда кайда кебез тартып келаткан,
Кербенчинин төөлөрүндөй ___________________.
Кара зоолор ар кай жерде каркайып,
__________________, калың тартып заңкайып.
Алмаз сындуу көккө тийген миздери,
Арстандын азуусундай _______________________.
Мөңгү кетпей, ______________ жалтырап, 
Тоңгон _____________ шөкүлөдөй жаркырап.
Ар жагынан бер жагына ____________ эмес, 
Араң гана _____________ өтөт калтырап.
Кыргыз тоосу – элдин ______________тоолору,
Мындай сонун ______________ тоолор болорбу? 
Асман тиреп жеңе билет ар качан
Өлкөбүзгө _______ ____________ жоолорду.
А. Осмонов


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   92   93   94   95   96   97   98   99   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет