Тарыхый жана социомаданий критерий элдик педагогикалык билимдерди өтмүш, учур чак, келечектин контекстинде акыл сыдыргысынан өткөрүп, мезгил сыноосунан өткөн прогрессивдүү дөөлөттөрүн гана педагогикалык билим берүүнүн мазмунуна жалгаштырууну талап кылат.
Кыргыз элдик оозеки чыгармаларын тандоонун башкы критерийлеринин бири алардын кесип таламдуулугу эсептелет. Кыргыз элдик оозеки чыгармаларын тандап иргеп алууда эң обол ошол билимдер болочок мугалимдин инсандыгын, этномаданий таалим-тарбиянын милдеттерин ишке ашырууга байланыштуу кесиптик камылгасын өнүктүрүүгө канчалык деңгээлде салым кошо алат, – деген маселе көңүл борборунда болушу шарт.
Этнопедагогикалык билимдердин идеал жараткыч касиетине кароо. Болочок мугалимдердин этнопедагогикалык көз караштарынын өзөгүндө миңдеген муундардын акыл дарамети аркылуу эчен ирет алымчаланып, кошумчаланып, асылдандырылып, эчен кылымдык сыноолордон өтүп олтуруп, азыркы абалга жеткен түптүү гуманисттик идеалдар жатышы зарыл. Алсак, уламыш, аңыз-аңгеме, жомоктордогу Акыл Карачач, Жээренче чечен, Алдар көсө, Асан кайгы, эпостордогу Манас, Бакай, Алмамбет, Семетей, Кошой, Акбалта, Эр Табылды, Курманбек сыяктуу элдин сүймөнчүлүгүнө айланган каармандардын образдарына талдоо жүргүзүү балдарга кыргыз элинин «чыныгы адам» жөнүндөгү түшүнүктөрүн ар тараптуу андап түшүнүүсүнө жардам берет.
Биз бул көрсөтүлгөн критерийлерге таянуу менен “кыргыз тили жана адабияты” адистигинин окуу программаларынын мазмунун кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө студенттерди даярдоонун алкагында өркүндөтүүгө аракеттендик. Бул программанын кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын жана окуучуларга адептик тарбия берүүнүн проблемалары камтылган бөлүмдөрүнө басым жасоону максатка ылайык деп эсептейбиз.
Жогорку педагогикалык билим берүүнүн мазмунунун этнопедагогикалык компонентине анализ жасоо менен жождордун окуу планында этнопедагогикалык жүктү алып баруучу предметтер катары “Философия”, “Ата Мекен тарыхы”, “Укук таануу”, “Педагогикалык кесипке киришүү”, “Социалдык психология“, “Педагогикалык теориялар, системалар, технологиялар”, “Билим берүүнүн жана педагогикалык ойлордун тарыхы”, “Кыргыз этнопедагогикасы” окуу дисциплиналары эсептелерине ынандык.
Диссертацияда аталган предметтердин кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде адептик тарбия берүүдөгү потенциалын арттыруунун методикалык негиздери кеңири чагылдырылган.
Учурдагы окуу пландарына жүргүзүлгөн иликтөөлөр коомдук-гуманитардык, психологиялык-педагогикалык дисциплиналарды үйрөнүү процессинде студенттер ээ болгон билимдердин, билгичтиктердин, кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө кесиптик даярдыгынын бардык компоненттерин калыптандыруу үчүн жетишсиз, – деген тыянакка алып келди. Бул мүчүлүштүктү жоюу үчүн биз “Кыргыз элдик оозеки чыгармалары жана окуучуларга адептик тарбия берүү” деген атайын курстун программасын иштеп чыгуу милдетин койдук. Атайын курстун максаты – студенттерди элдик педагогикадагы адептик тарбия берүү тажрыйбаларын үйрөнүүгө жана жалпы эле кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүү боюнча системалуу активдүү таанып-билүү жана практикалык ишмердикке тартуу.
Бул максат төмөнкүдөй маселелерди чечүүнү талап кылат: кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын адептик маңызын ачып көрсөтүү жана бул аркылуу болочок мугалимдердин адептик сапаттарын, идеалдарын, көз караштарын өнүктүрүү; кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүү боюнча студенттердин кесиптик билимдерин тереңдетүү жана системалаштыруу; студенттерде V-VII класстардын окуучуларына тарбия берүүдө кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын адептик-этикалык потенциалын колдонуу боюнча методикалык билгичтиктердин комплексин калыптандыруу.
Биз эксперименталдык окутуунун формаларын, методдорун аныктоодо жана тандоодо төмөнкүдөй принциптерди сактоону жетекчиликке алдык: окутуунун эффективдүү методун аныктоодогу башкы критерий катары анын өнүктүрүүчүлүк мүмкүнчүлүгү; окутуунун формасынын, методунун жана ыкмасынын билим берүүнүн мазмундук компонентине шайкеш келиши эсептелет. Бул учурда кыргыз элдик оозеки чыгармалары окуу материалынын башка түрлөрүнөн айырмаланып, өздөштүрүүнүн, кабылдоонун өзгөчө эмоционалдык ыкмаларын талап кылат; окутуунун тигил же бул методунун максатка ылайык тандалышы студенттердин адептик-этикалык түшүнүктөрүнүн жана кызыгуусунун этаптуу өнүгүү принцибине байланыштуу болот.
Окуу процессинде колдонулуучу окутуу методдору – традициялык методдорду жана өнүктүрүүчү методдорду камтып, жетишерлик бай арсеналга ээ. Алардын бир тобу (тигил, бул группадан) биздин окуу жумушубузда колдонулду. Мындан сырткары биздин тажрыйбабызда иштеп чыккан традициялык эмес мүнөздөгү методдор да пайдаланылды.
Кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө студенттерди даярдоо процессиндеги аткарган ролуна жараша тажрыйбалык-эксперименталдык жумушта колдонулган бардык методдорду жана ыкмаларды жалпылаштыруу менен төмөнкүдөй түрлөргө ажыратууга болот: 1) традициялык методдор (сөздүк, көрсөтмөлүү, практикалык); 2) проблемалык-чыгармачыл мүнөздөгү методдор (проблемалык-чыгармачыл тапшырмалар, проблемалуу кырдаалдар, окуу проблемаларын коюу ж.б.); 3) фольклордук-эстетикалык кырдаалды түзүү методдору (фольклордук чыгармаларды кабыл алууда көрсөтмөлүүлүктү камсыздоо); 4) чыгармачыл ишмердикти уюштуруу методу (студенттерди ырларды, жомокторду жазууга, фольклор жөнүндөгү табышмактарды, диалогдорду түзүүгө тартуу); 5) фольклордук булактарды активдүү өздөштүрүүгө студентттердин кызыгуусун стимулдоочу методдор (фольклордук-дидактикалык чыгармаларды айтууну талап кылган тапшырмаларды системалуу колдонуу ишмердигиндеги ийгилиги үчүн мактоолор). Аталган методдордун ар бир тобу кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө студенттердин даярдыгын калыптандыруу процессинде тиешелүү милдеттерди аткарат.
Лекциялык, семинардык жана практикалык сабактар менен катар эле биз студенттерди жождо кесиптик даярдоонун формасы катары алардын атайын уюштурулган аудиториядан тышкаркы жумуштарын да пайдаландык. Болочок мугалимдердин элдик оозеки чыгармачылык жөнүндөгү изилдөө ишмердиктерин стимулдаштыруу максатында атайын курс менен тыгыз байланышта өз алдынча чыгармачыл мүнөздөгү илимий-изилдөө жумуштары пландаштырылган.
Тажрыйбалык жумушта болочок мугалимдердин ишмердигинин практика менен байланышын арттыруу максатында аудиториядан тышкаркы жумуштардын формалары колдонулду: элдик оозеки чыгармачылыктын таланттуу өкүлдөрү менен жолугушуу, чыгармачыл конкурстар (фольклордук майрамдарды даярдоо жана өткөрүү, чыгармачыл мелдештер (ыр-кесе, манас айтуу ж.б.); музыкалык-фольклордук концерттерге катышуу, илимий конференцияларды өткөрүү. Биздин бул тажрыйба үчүн элдик оозеки чыгармаларга басым жасоо менен жүргүзүлгөн этнопедагогикалык практика баалуу болду.
Этнопедагогикалык практиканын милдеттери болочок мугалимдердин өзүнүн айлана-тегерегиндеги кыргыз элдик оозеки чыгармаларын (уламыштар, жомоктор, макал-лакаптар, санат ырлары ж.б.) үйрөнүп, аларды топтоосу менен эле чектелбестен, элдик педагогдордун (ата-энелер, элдик оозеки чыгармачылыктын өкүлдөрү ж.б.) ишмердүүлүктөрүн жалпылыштыруу, системалаштыруу жумуштарын да камтыйт.
Элдик оозеки чыгармаларды топтоо, алардын өзгөчөлүктөрүн, тарбиялык маанилүүлүгүн тактоо, калк арасына жайылтуу сыяктуу комплекстүү жумуштарды аткаруу студент-практиканттардын кыргыз элдик оозеки чыгармаларына сарамжалдуу, астейдил мамиле жасоодогу жоопкерчилигин жогорулатат. Ошентип, этнопедагогикалык практиканы уюштуруу аркылуу студенттер менен биргеликте мугалимдин кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүдөгү кесиптик ишмердүүлүгүн моделдештирүүгө аракеттендик.
Тажрыйбалык-эксперименталдык жумуштардын логикалык жыйынтыгы катары педагогикалык практика эсептелет. Педагогикалык практиканын бардык этаптарындагы изденүүчүлүк мүнөзүндөгү тапшырмаларды аткаруу, окуучуларга адептик тарбия берүүдө кыргыз элдик оозеки чыгармаларын пайдалануу проблемалары боюнча анализдөө, жалпылоо жумуштарын жүзөгө ашыруу студенттердин адептик тарбиялоо жумуштарынын зарылдыктарына туруктуу кызыгуусунун жана ишениминин бекемделишине, чыгармачыл-изденүүчүлүк мамилесинин калыптанышына өбөлгө түздү.
Топтолгон материалдарды мазмундук жана статистикалык талдоодон өткөрүү изилдөө ишибиздин милдетине ылайык кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдерди кесиптик даярдоонун моделин түзүүгө мүмкүнчүлүк берди
Достарыңызбен бөлісу: |