Изилдөөнүн практикалык мааниси. теориялык жактан негизделген методикалык сунуштар болочок мугалимдердин элдик оозеки чыгармалардын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө салым кошот.
Ошону менен бирдикте мугалимдердин квалификациясын өркүндөтүү институттарында этнопедагогикалык билим берүүнүн мазмундук чектерин кеңейтүү, этнопедагогикалык багыттагы окуу-программалык документтердин, методикалык жана дидактикалык материалдардын сапатын көтөрүүгө да өбөлгө боло алат.
Достарыңызбен бөлісу: |