Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет19/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

Калия Кулалиева
Тиркеме № 2
«ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ» КУРСУН БҮТҮРҮҮ СЫНАК 
МАТЕРИАЛДАРЫ БОЛЖОЛ МЕНЕН ТӨМӨНКҮДӨЙ ТҮРДӨ 
ТҮЗҮЛҮШҮ МҮМКҮН 
Сынак тапшырмаларынын үлгүлөрү менен таанышыңыз.
Аты-жөнү: .......................................
А. Суроолорго жооп бериңиз. (10)
1. Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура жазылган?
А) айыл-чарба, үй бүлө, өнөр-жай, ден-соолук
Б) айыл чарба, үй-бүлө, өнөр жай, ден-соолук
В) айыл-чарба, үй бүлө, өнөр-жай, ден соолук
Г) айыл чарба, үй-бүлө, өнөр жай, ден соолук
2. Төмөнкү аталыш кайсы варианттагыдай жазылышы керек?
А) Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту
Б) Кыргыз Республикасынын жогорку соту
В) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту
Г) Кыргыз Республикасынын жогорку Соту
3. Кайсы катардагы мүчөлөрдү катары менен уласак, сүйлөм иш кагаздар 
стилине ылайык түзүлгөн болот?
  Кызматкерлердин ички тартип______ сактоосу боюнча жүргүзүл_______ 
текшерүү  учурунда    бухгалтер-кассир  К.  Дыйканов  жумуш  ордунда  болбогону 
аныктал______ .
А) -ин,  -ө турган,   -ыптыр
Б) -терин, -үүчү, ууда 
В) -ин, -гөн, -ды
Г) -ти, -чү, -ган
4.  Төмөнкү  сүйлөмдөгү  боштукту  кайсы  катардагы  сөз  менен  толуктоо 
керек?
Үстүңкү  кабаттагы  306-бөлмөнүн  суу  түтүгү  жарылып  кеткенине  байла-
ныштуу, 206-бөлмөдөгү 2 компьютер колдонулууга ____________________ болуп 
калган.
А) пайдасыз
Б) жараксыз
В) керексиз
Г) ыңгайсыз

213
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
5. Мындай көрүнүш кайталанбай тургандыгын билдиремин.
Жогорудагы маанидеги сүйлөм кайсы иш кагазына мүнөздүү.
А) Билдирүү
Б) Түшүнүк кат
В) Ишеним кат
Г) Маалым кат
6. Мүчөлөрдү улап жазыңыз. Иш кагазынын жазылбаган маалым дарек-
терин жазыңыз. (10)
Мен,  Жапаров  Аскат,  (паспорт  №  ...................................)  Көк-Жар  кичи 
район...............  11-үй.................  2-батир..................  тургуну,  «Тулпар»  кичи 
ишканасы..............  директор...........  Молдоканов  Нурадил...................  менчик 
бизнес..........  өнүктүрүү  үчүн  15  000  (он  беш  миң)  доллар  алты  ай............. 
мөөнөт...............  алдым.  Бул  сумма.........  2005-жылдын  10-июль.................  толугу 
менен төлөп берүүгө милдет..................... .
Эгер бул сумма................ убагында төлөй албай кал..........., күрөө......... коюлган 
менин  атым............ квартирам......... документ................ берүү......... макул........... .
7. Тапшырмаларды аткарыңыз. (10)
1. Боштуктарга ылайык келген сөздөрдү жазыңыз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН 
БУЙРУГУ
Акындардын  улуттук  классикалык  өнөрүн  андан  .........................өнүктүрүү, 
маданий-тиричилик  тамыры  бир  элдердин  ...........................тилектештикти  жана 
достукту чыңдоо ........................................ :
1.  Кыргыз  Республикасынын  көз  карандысыздык  Күнүнүн  17  жылдыгына 
..............................  Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  байгесине  биринчи 
Эл аралык айтыш (мындан ары – Эл аралык айтыш) 2008-жылдын 28-августунан 
30-августуна чейин ..................................... .
2.  Эл  аралык  айтышты  өткөрүү  боюнча  уюштуруу  комитетинин  тиркелген 
курамы .............................................. .
Уюштуруу комитети үч күндүк ................................. 2008-жылы Эл аралык ай-
тышты өткөрүү жөнүндө Жобону ........................... ............................. жана бекитсин.
3.  Эл  аралык  айтышты  өткөрүүгө  финансылык  ...............................  .................. 
..........  максатында    Кыргыз    Республикасынын    Президентинин    резервдик   
фондунан Кыргыз  Республикасынын  Маданият жана маалымат  министрлигине  
480000 (төрт жүз сексен миң) сом ...................................... .
2. Белгиленген сөздөргө маанилеш сөздөрдү табыңыз.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
– Эл аралык айтышты даярдоо жана өткөрүүгө зарыл (//) ..................................... 
каражаттарды издеп тапсын;
–  Эл  аралык  айтышты  өткөрүүгө  бардык  жактан  көмөк  көрсөтсүн  (//) 
...................... .........................;

214
Калия Кулалиева
– уюштуруу комитети менен бирдикте:
Эл аралык айтышты уюштурууга жана өткөрүүгө демөөрчүлөрдү тартсын;
Жыл  сайын(//)  ..........................................  Эл  аралык  айтышты  өткөрүү 
жөнүндө(//)  ..............................  жобонун  долбоорун  иштеп  чыксын  жана  Кыргыз 
Республикасынын Президентинин кароосуна киргизсин.
5. Бул буйруктун аткарылышына (//) .................................................. кѳзѳмѳлдүк 
кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн.
Кыргыз 
Республикасынын 
Президенти 
.............................................. 
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү, 2008-жылдын 6-августу.
8. Текст боюнча берилген тапшырмаларды аткарыңыз. (10)
1. Башаламан тартипте берилген сүйлөм бөлүктөрүн туура жайгаштыруу 
аркылуу сүйлөм түзүңүз. 
Алты кабаттуу дарылоочу мекеме курулат
1. 150 орунга эсептелген / Саламаттык сактоо министрлигине / дарылоочу кор-
пус/ курулат / алты кабаттуу жаңы / Улуттук госпиталдын аймагында /караштуу.
2. түптөө аземи / анын /  болуп өттү/ пайдубалын/ жакында.
3. / бейтапкананын комплекси / ээлемекчи / 1555 чарчы метр / бул / жерди. 
4. негизинде / берген гранттык жардамы / башкы дарыгери / заманбап клиника 
куруу  үчүн  /  өбөлгө  болду/  Мирбек  Нуралиевдин  айтымында,  /  буга  /  Улуттук 
госпиталдын / эки тараптуу кызматташуунун / Кытай өкмөтү /саламаттык сактоо- 
бузга.
2. Берилген сүйлөмгө карата түрдүү төрт суроо түзүңүз. 
Долбоордун сметалык наркы 330 млн. сомго барабар.
1.
2.
3.
4.
9. Тыныш белгилерди туура коюп чыгыңыз. (10)
Элдик курултай жомокто тарыхта
Жогоруда айтылган жөө жомокто хан менен калың элдин ортосундагы катыш 
байланыш  мамиле  жөнүндө  да  кызыктуу  пикир  орун  алгандыгын  байкаган 

215
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
чыгарсыз. Калк башына жок болуу же бар болуу маселесин чечүү түшөт. Мындай 
тагдыр  жаратуучу  маселе  элдин  катышуусу  менен  талкууланып  бүтүм  жалпы  эл 
тарабынан кабыл алынат. Маселени хан коёт да ой-пикирлер элден келет.
  Сиз байкагандай хан талкууга бир маселени коёт элдин пикири менен анын 
үч түрлүү чечилиши талкууланат биринчиси жерибизди ажыдаарга таштап көчүп 
кетели экинчиси ата-бабанын жерин таштабай ушул жерде жашай берели да башка 
салганды көрөлү үчүнчүсү бир баатырды даярдап ажыдаарды өлтүртөлү.
   
 
 
 
 
 
 
 
 
(С. К.)
10. Сиз бир мекеменин башчысы болуп иштейсиз. Мекемеңизде иштеген 
жаш  адиске  же  жакында  өткөрүлүүчү  иш-чарага  байланыштуу  кандайдыр 
бир буйрук чыгарыңыз.  (15)
11. Берилген эки теманын бирине эссе жазыңыз. (35)
1. Мен жана мен жашаган коом
2. Келечектен эмнелерди күтөм?

216
Калия Кулалиева
ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР 
Ахма
тов Т., Аширбаев Т. Иш кагаздары мамлекеттик тилде иш жүргүзүү. – Б.: Мамл. тил жана 
энциклопедия борбору, 2001. – 344 б.
Жапарова Б., Жусупова Н. А. Мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарын жана иш кат-
тарын жүргүзүү / Делопроизводство и деловая переписка на государственном и официальном язы-
ках. – Б., Кут аалам, 2009. – 268 б.
Жапарова  Б.  Б.,  Калыева  Ө.  А.  Мамлекеттик  тилде  иш  жүргүзүү.  Делопроизводство  на 
государственном языке. – Б., 2005. – 188 б. 
Ибрагимов С. Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү: окуу куралы. – Б., 2006. – 150 б. 
Ибрагимов С. Иш кагаздарын жүргүзүүнүн орусча-кыргызча сөздүгү: усулдук колдонмо. – Б., 
2008. – 212 б.
Жапаралиева Н., Адылова Б. К. Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү. – Б., 2010. 
– 74 б.
Кыргыз  Республикасынын  Президентинин  Администрациясынын  Жарчысы  /  Вестник 
Администрации Президента Кыргызской Республики. Расмий мезгилдүү басылма. Ноябрь, 2010-ж., 
№ 6.
Атоолордун (терминдердин) орусча-кыргызча сөздүгү. – Б.: Энциклопедия борбору, 2010. – 256 
б.
Чыманов Ж. Кыргыз тилин окутуунун теориясы жана практикасы. – Б.: Турар, 2009. – 488 б.
Биялиев К. Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары колдоно билүү деңгээлдери: методикалык 
жетектеме. –Б.:2008. – 140 б.
Добаев К., Акматова А., Сулайманова Р. Кыргыз тилин бөтөн тил катары окутууга арналган 
окуу китептеринин мазмуну жана түзүмү: окуу китептерин түзүүчүлөр үчүн усулдук сунуштар. – Б.: 
2009. 
Кулалиева К. Кыргыз тилин үйрөтүү: усулдук колдонмо. – Б.: 2011. – 144 б.
КТМУ. 2009-2010-окуу жылы. Студенттин маалымат китепчеси. –Б., 2009.
Кыргыз-Түрк  «Манас»  университетинде  кыргыз  тилин  окутуунун  жаңыча  усул-ыкмалары: 
усулдук колдонмо. – Б., 2006. – 280 б.
Кыргыз адабий тилинин грамматикасы / С.Кудайбергенов (башкы редактор). – Ф.: Илим, 1980. 
– 539 б.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелери. Соңку редакциясы. Кыргыз Республикасынын Президентине 
караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, –  Б., 2009. – 32 б.
Сейдакматов К. Сөздөрдүн келип чыгыш тарыхынан. –Б., 2004. – 232 б.
Кыргыз  поэзиясынын  антологиясы.  1-том.  Фольклор  жана  эл  акындарынын  ырлары.  –  Ф.: 
Кыргызстан. 1980. – 769 б.
Ашым Жакыпбек. Теңири Манас: роман / Сүрөтчүсү Т. Курманов. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 560 б.
Кыргыз  тилинин  справочниги:  Тил  илими,  лексика,  фонетика,  морфология,  сөз  жасоо, 
орфография,  пунктуация,  жазуу,  синтаксис,  байланыштуу  кеп.  –  Оңд.,  толук.  6-бас.  –  Б.:  Турар., 
2010. – 204 б.
Архипкина  Г.  Д.  Деловая  корреспонденция  на  немецком  языке.    Geschaftskorrespondenz  / 
Г.  Д.Архипкина,  Г.  С.Завгородняя,  Г.  П.  Сарычева.  –  М.:  ИНФРА-М,  2011.  –  191  с.  –  (Высшее 
об
разование).
toktom.kg 
c
om-papers.info
http://doc-style.ru
kabarat.kg
http://kyrgyzinfo.ru

217
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
МАЗМУНУ
КИРИШ СӨЗ ...........................................................................................................................3
ИШ КАГАЗЫНЫН ТҮРЛӨРҮ ...............................................................................................5
ӨМҮР БАЯН ...........................................................................................................................13
АРЫЗ ........................................................................................................................................24
ТҮШҮНҮК КАТ .....................................................................................................................32
ТИЛ КАТ ..................................................................................................................................37
МҮНӨЗДӨМӨ ........................................................................................................................39
КЕЛИШИМ .............................................................................................................................47
КУЛАКТАНДЫРУУ ...............................................................................................................58
БУЙРУК ...................................................................................................................................65
ТЕСКЕМЕ ................................................................................................................................71
ПРОТОКОЛ .............................................................................................................................74
АКТ...........................................................................................................................................80
БАЯНДАМА КАТ ...................................................................................................................87
БИЛДИРМЕ .............................................................................................................................94
КӨРСӨТМӨ ............................................................................................................................99
ЖОБО .......................................................................................................................................104
ТОКТОМ ..................................................................................................................................108
ЖАРЛЫК .................................................................................................................................115
НУСКАМА ..............................................................................................................................122
УСТАВ .....................................................................................................................................132
МЫЙЗАМ ................................................................................................................................140
МААЛЫМ  КАТ ......................................................................................................................147
ИШЕНИМ КАТ .......................................................................................................................156
ОТЧЁТ ......................................................................................................................................162
ӨТҮНҮЧ КАТ .........................................................................................................................164
КЕПИЛДИК КАТЫ.................................................................................................................169
МАКУЛДУК БЕРҮҮ КАТЫ ..................................................................................................173
БАШ ТАРТУУ КАТЫ .............................................................................................................177
КӨҢҮЛ АЙТУУ КАТЫ .........................................................................................................180
КУТТУКТОО КАТЫ ..............................................................................................................186
АЛКЫШ КАТЫ .......................................................................................................................193
ОКУУ КИТЕБИНДЕ БЕРИЛГЕН ИШ КАГАЗДАРЫНА МҮНӨЗДҮҮ АЙРЫМ 
СӨЗ ЖАНА СӨЗ ТИЗМЕКТЕРИНИН КЫРГЫЗЧА-ОРУСЧА СӨЗДҮГҮ .......................198
ОКУУ КИТЕБИНДЕГИ КЫСКАРТУУЛАР ........................................................................210
КИТЕПТЕГИ КЫСКАРТЫЛГАН ТҮРДӨ КОЛДОНУЛГАН УЮМ, МЕКЕМЕЛЕРДИН 
АТТАРЫ ...................................................................................................................................211
«ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ» КУРСУН БҮТҮРҮҮ СЫНАК МАТЕРИАЛДАРЫ 
БОЛЖОЛ МЕНЕН ТӨМӨНКҮДӨЙ ТҮРДӨ ТҮЗҮЛҮШҮ МҮМКҮН  ...........................212
ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАРДЫН ТИЗМЕСИ:  .................................................... 216

218
Калия Кулалиева
Окуу куралы
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Кулалиева Калия Одесовна
Редактору Тамара Абылкасымова
Компьютерге терип, калыпка салган Мырзабек Кадыров
Терүүгѳ берилди __________. 
Басууга ________. кол коюлду.
Кагаздын форматы 70х90
1
/
16
.
Кѳлѳмү 26,0 басма табак. 
_______________  басмасы
Бишкек ш., Абрахманов кѳчѳсү, 170 А.
Тел.:


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет