Тақырыбындағы халықаралық ғылыми-практикалық конференция материалдары


ишти бер”, “адам ишинен, акылман сөзүнөн билинет”



Pdf көрінісі
бет80/277
Дата07.01.2022
өлшемі4,33 Mb.
#20557
1   ...   76   77   78   79   80   81   82   83   ...   277
ишти бер”, “адам ишинен, акылман сөзүнөн билинет” деген накыл сөздөр бекеринен айтылбаган.  
Кеп  ишмердүүлүгүндө  кыргыз  тилиндеги  сөздөрдү  туура  айтып,  туура  угуп  калыптанганда  гана  кеп 
маданиятынын талаптарына туура мамиле кылган болобуз. Адамдын кеп маданияты кеп байлыгы канчалык кенен 
болсо,  ал  сылык  сүйлөөгө  карата  коюлган  бардык  талаптарга  жооп  бере  алат.  Эгерде  сөзгө  чоркок,  кепке  мокок 
болсо, ал тескерисинче  сылык-сыпайы пикир алышууга өз кедергисин тийгизет да, жылуу-жумшак  сүйлөшүүнүн 
этикетин  бузуп,  адам  баласынын  көӊүлүн  жубатаарлык  сөздөрдү  орой-олдоксон  сөздөргө  алмаштырып,  анын 
көӊүлүн чөгөргөнгө алып келет. 
Демек,  пикир  алышууда  орой-олдоксондукка  жол  бербей,  сылык  сүйлөөгө  карата  коюлган  талаптарды 
ылайыгына жараша турмушубузда колдоно билгенде гана кеп маданиятын ар тараптан өнүгүп-өстүрө алабыз. Буга 
сандаган жылдар бою көөнөрбөй жашап келген сөз өнөрү чоӊ таасирин тийгизет. 
Сандаган жылдар бою көөнөрбөй жашап келген элдик чыгармачылык өнөрлөрдүн баары ошол элдин акылына, 
эмгегине,  табигый  шартына,  тарыхый  окуяларына  жараша  жалпы  эле  жаратылыш  менен  болгон  күрөштө  бирге 
жаралып аны менен чогуу өсүп-өнүгөт. Кол өнөрчүлүк, обон-күү, оюн-зоок, кооздук окшогон көп өнөрлөр менен 
ажырагыс бирдикте жашап келе жаткан тил өнөрү да тынымсыз өсүп отуруп, адам өзү кубанаарлык даражага жеткен 
не бир залкар мурастарды жараткан. 
Тил адам баласынын табылгасы деп илгерки замандан бери эле илимпоздор айтып келе жатышат. Тилсиз адам 
баласы  тиричилик  кура  албайт.  Коомдошуп  жашоо  да  мүмкүн  эмес.  Жер  бетиндеги  адамдарды  байланыштырып 
келе жаткан да тил. Тил аркылуу байыркы бабалардын жашоо тиричилигин билебиз. Азыркы жашоо абалыбызды 
кийинки тукумга калтырабыз. Ошол себептүү түпкү ата-бабаларыбыздан тартып эле тил өнөрүн баарынан жогору 
коюп «Өнөр алды – кызыл тил», «Баа жетпеген балдай тил, балдай тилди сүйлөй бил», «Тил – ойдун сандыгы», «Тил 
– 
акылдын жарчысы» жана башка ушул сыяктуу баа жеткис, көөнөрбөс не бир сонун кийинки муундар үчүн үлгү 
боло турган накыл сөздөрдү жаратып кеткен. 
Элибиздин улуттук өзгөчөлүгүнө, салт-санаасына, үрп-адатына жараша келип чыккан, күндөлүк турмушубузда 
колдонулуп  жүргөн  амандашуу-саламдашуу,  ал-акыбал,  ал-жай  сурашуу,  кайрылуу,  улууга  урмат,  кичүүгө  ызат, 
теӊтушуна  сыпайычылык  көрсөтүү,  ыраазычылык  билдирүү,  кечирим  суроо,  куттуктоо,  көӊүл  жубатуу,  кош 
айтышуу жана башка ушул сыяктуу учурлар кеп адебинин негизги шарты, талабы, кырдаалы катары аныкталат да, 
адамдардын  оозмо-ооз,  бетме-бет  пикир  алышуусун  шарттайт.  Пикир  алышуунун  ийгилиги,  жыйынтыгы  кеп 
адебине көз каранды абалда болуп кеп маданиятын калыптандыруучу процесс катары кёрсётщлёт.  
Ал  эми  өз  ара  оозеки  пикир  алышуубузда  киринди  сөздөр  да  ички  маданиятыбызды  көргөзөт.  Адамдарга 
жагымдуу  маанай  тартуулоодо  чоӊ  роль  ойнойт.  Себеби  кебибиздин  арасына  кыстарылып,  белгилүү  бир 
синтаксистик милдет аткаруу мүмкүнчүлүгүнөн сырткары турганы менен айырмаланат. Мисалы, кечиресиз, кечирип 
коюӊуз, мүмкүн болсо, макул көрсөӊүз, уруксат болсо, ылайык десеӊиз, кажет көрсөӊүз, туура тапсаӊыз жана башка 
ушул  сыяктуу  киринди  сөздөр,  сөз  тизмектери  сырттан  караганда  анчалык  таасирдүү  болуп,  көтөрүӊкү  жылуу-
жумшак илеп менен айтылгандай сезилгени менен, кебибизге белгилүү даражада жагымдуу сезим, жакшы маанай 
берип, сыпайгерчиликти, ырааттуулукту билдирип, жылуу-жумшак илеп алып келет. Майда-барат сезилип, кадыресе 
көрүнүш  катары  назарыбызга  анча  түшпөгөнү  менен,  улуу-кичүүгө  бирдей  жагымдуу,  кулакка  жумшак,  жылуу, 
сылык угулат. Бул адамдын кичипейил, адептүү, сылык-сыпайгерчилигин, ички маданиятын айгинелейт. 


79 
Ушул  өӊдүү  эле  мааниге,  касиетке  улуулар  менен  кичүүлөрдүн,  аялзаты  менен  эркектердин  бири-бирине 
кайрылуусун, өтүнүүсүн билдирүүчү карагым, кызым, уулум, иничек, карындаш, чоӊ жигит, чоӊ кыз, эже, эжеке, 
ава,  аваке,  байке,  аке,  акетай,  ата,  апа,  эне,  чоӊ  ата,  чоӊ  эне  жана  башка  ушу  сыяктуу  каратма  сөздөр,  улуу 
адамдардын,  жаш  кыздар,  балдарга  карата  жалынып-жалбаруу  мүнөзүндө  айтылып,  ички  сезимди  билдирген 
көлөкөм,  берекем,  чырагым,  алтыным,  күмүшүм,  алдыӊа  кетейин,  тегеренейин,  мээнетиӊди  алайын,  каралдым, 
кулунум, чүрпөм, балапаным, жаркыным жана башка ушул сыяктуу маанидеги эмоциялуу-экспрессивдүү сөздөр да 
жогорудагыдай касиетке ээ. 
Кеп маданиятынын кооздугун, сёз байлыгын ёркщндётщп –ёстщрщщдё жана аны сактоо-бул ар бир 
инсандын милдети катары тщшщнсок, адабий тилдин нормаларын, кеп маданиятындагы кеп тууралыгын, 
байлыгын, тазалагын, тактыгын жана кеп адебин сактай билщщ зарыл деп эсептесек, ошону менен бирге 
сщйлёгён  сёзщбщз  айткан  кебибиз  кщндёлщк  пикир  алышуу  тажрыйбабызда  кыргыз  адабий  тилдин 
нормаларын  толук  сактап  жана аны  туура  так  колдонсок  бул  биздин  руханий  байлыгыбыз  болгон  кеп 
маданиятыбыздын тщздён –тщз кёрсёткщчщ болуп саналат. 
Кеп  маданияты  жөнүндө  окуу  байыркы  Грецияда  пайда  болгон.  Ал  мезгилдеги  чечендик  өнөрдүн 
дүркүрөп өсүшү, анын практикалык жана теориялык белгилеринин калыптанышынан улам келип чыккан. 
Кеп маданиятынын алгачкы теориялык жана практикалык аспектисин биринчи болуп Аристотель түзгён. 
Ал: “ Кеп - бул адам ишмердүүлүгүндө, жашап өмүр 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   76   77   78   79   80   81   82   83   ...   277




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет