Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет12/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   19

ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 
 
Сен эч нерсени билмексен болуп кой, сүйлөштүкпү.
 
 
Көрмөксөнгө салып өтүп кетти. 
1. Боштуктарга туура келген атоочтук мүчөлөрдү улап жазыңыз.
Уул үйлө............ ата-эненин кубанычы койнуна батпай турат. Жайгаш...... 
.................. жериңерди көрдүңөрбү. Шаарда иш........ .......................... сиңдим-
ден кат келиптир. Кайра-кайра айтсам да ук.................... ............................ да, 
Бегайым.  Саат  оңдо.........  ................................  жерди  издеп  жүрөм.  Мунуңар  
колдонул........  ..........................  компьютер  го.  Айт................  сөзүңдү  даярдап 
ал. Кийил................... жаңы көйнөк тура. Оку..... .................................. китептер 
буларбы? 
2. Боштуктарды толуктап жазыңыз. Атоочтуктарды табыңыз.
1. Соолубас ....................... ..................................... .
2. .............................. .................................. жүргөн бала сиздин иниңизби?
3. Келе жаткан кыз ........................................ .......................................... .
4. ................................. ....................................... артистти тааныбайт экенмин.
5. Жазбаган калемдин ................................................................................... .........?
6. Баары ага жаккыдай болуш керек, ............................................... .
7. ....................................... ................................... койсоң эмне болот?
8. Урунарга тоо таппай, урушарга .......................................................... турам да.
3. Төмөнкү сүйлөмдөрдү атоочтуктун мүчөлөрү аркылуу бириктириңиз.
Үлгү: Сен автобуска түштүң. Ал абдан жай жүрдү.
Сен түшкөн автобус абдан жай жүрдү.
1. Мен ооруканага бардым. Ал оорукана шаардын четинде экен.
2. Жетекчим бир иш берди. Ал иш жоопкерчиликти талап кылат.
3. Төрагабыз көп сүйлөбөйт. Бирок бүгүн көп сүйлөдү.
4. Доктур дары жазып берди. Мен аларды өз убагында ичишим керек.
5. Эсен шашып кирип келди. Ал мени менен иштейт.
6. Мен нускаманын текстин жаздым. Аны чогулушта бекитишти.
 Грамматика
Чакчылдар
Чакчылдар бир жагынан тактоочторго, экинчи жагынан этиштерге окшошот. 
Тактооч сыяктуу кыймыл-аракеттин аткарылышындагы ар кандай кырдаалды 
билгизеткубана сүйлөдү, токтобой ыйлады ж.б.
Этиш сыяктуу кыймыл-аракеттик маанини билдирет, башка кыймыл-аракетти 

130
Калия Кулалиева
мүнөздөө  үчүн  колдонулгандыктан,  кошумча  кыймыл-аракет  катары  каралат: 
акылдашып иштеди, кеңешип жазды ж.б.
Чакчылдар төмөнкү мүчөлөрдүн жардамы менен жасалат: 
-ып: Аксакал киши сүйлөп отурду.
-а, -е, -й: Кыйкырсак да, токтобой кете берди.
-ганы: Жыргалбек үйгө келгени тыңып калдык.
-гынча  (-гыча):  Көлгө  барганча,  жайлоого  бар.  Мен  келгиче  ишти  бүтүр, 
макулбу?
-майынча: Нускаманы окумайынча кол койбойм.
-бай: Эки саат тынбай машыкты.
-гычакты: Делегаттар келгичекти залды даярдаш керек.
 Көнүгүүлөр
1. Чакчыл мүчөлөрдү туура улаңыз.
Сизди алыстан көр..... сүйүндүм. Чыгарылган чечимге макул бол........ кет-
ти. Караңгы кир.............. иштептирбиз го. Ишти бүтүр.................... эч жакка 
жылбайм. Быйыл да окууга тапшыр............... келдим. Күн бат......................... 
келип калгыла. Арген агрономдук кесипке кызык.............. берет. Дарыланбай 
жүр.......... берди.
2. Боштуктарга туура келген чакчылдарды жазыңыз.
1. Агам Парижден сени менен бирге .......................... келдиби?
2. Кожомкул балбан жөнүндө ................................... кетпейм.
3. Катты ал ................................. жөнөтүшүбүз керек.
4. Ишти .................................. жасабайсың да.
5. Мени шаарга ................................. келишиптир.
6. От ....................................... отурбадыкпы ошол жерде.
7. Ынтымак ..............................., иш оңолбойт.
8. Алар сүйлөп .............................., даярданып алабыз.
3. Берилген сөздөрдү туура айкаштырыңыз.
көрбөй   
 
 
барат
урматтап  
 
 
кетпейт
каткырып  
 
 
сүйлөдү
катышканы 
 
 
айрылды
байкабай 
 
 
келди
тапшырмайынча 
 
тосушту
достошкону   
 
күлдү

131
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Угалы
1-кѳнүгүү. Нускаманын кимдер үчүн жазылганын аныктаңыз.
2-кѳнүгүү. Нускамадагы этиш сѳздѳрдү жазыңыз, аларды катыштырып сүйлѳм түзүӊүз.
 Сүйлөшөлү
1.  Бир  мекеменин  кызматкерлеринин  дарылануусуна  сарпталган  чыгымдарын  төлөө 
инструкциясы кандай аталыштагы бөлүмдөрдөн турушу мүмкүн?
Жооп  берүүдө  төмөнкү  сөз  айкаштарын  колдонсоңуз  болот:  ден  соолук 
борбору,  медициналык  тез  жардам,  оорулуунун  ооруканага  жөнөтүлүшү, 
чет өлкөдө дарылануу ж.б.
2. Бир кызматкер мекеме кызматкерлерге дарылануу үчүн кеткен чыгымдарды төлөп бериши 
керек десе, экинчиси ага каршы чыгат. Ролдорго бөлүштүрүп, сүйлөшөбүз.
 Жазалы
1. Иш убагындагы кызматкерлердин тартиби боюнча инструкция түзүңүз.
2. Төрт саптын маанисин чечмелеңиз:
Алыска сапар жол жүрсөң,
Аземдүү жорго ат жакшы.
Билбес жаман туугандан
Билеселүү жат жакшы. 
(Тоголок Молдо)

132
Калия Кулалиева
УСТАВ
Устав  –  мекеме,  уюм  же  ишкананын  ишмердик  багыттарын,  укуктарын, 
милдеттерин жана ишинин уюшулушун жөнгө салуучу, белгилөөчү эрежелердин 
жыйындысы.  Устав  мекеменин  жамааты  тарабынан  кабыл  алынат.  Тиешелүү 
юстиция органы текшергенден кийин мекеме жетекчиси бекитет. 
Ар бир мекеме, уюм, ишкана менчиктүүлүгүнүн түрүнө карабай, өз ишмердигин 
аныктоочу  уставга  ээ  болот.  Уставдын  жалпы  жоболору  мамлекеттин  аракеттеги 
нормативдик  актыларына  карама-каршы  келбеш  керек.  Уставга  өзгөртүүлөр 
киргизилсе, юстиция бөлүмүнөн кайра каттоодон өтүшү зарыл.
Уставдын титулдук бетиндеги БЕКИТҮҮ бөлүгү төмөнкүчө болот.
Мисалы: 
БЕКИТЕМ
Кыргыз Республикасынын
Саламаттыкты сактоо
министри____________
2011-жылдын 23-апрели
МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК БОРБОРДУН
УСТАВЫ
Бишкек – 2010
1. 
2.
3.
4.
5. …
   
 
 
 
 
 
Министрдин аты-жөнү
Эскертүү!  Уставдын  текстин  толук  келтирүүгө  окуу  китебинин  көлөмү  жол 
бербегендиктен, көнүгүүлөрдү аткаруу учурунда Уставдын толук мазмуну менен 
тааныша аласыздар.

133
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
1. Уставга мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары: 
милдеттери, жоопкерчиликтери, юридикалык макамы, укуктуу, милдеттүү, 
түзүү,  куруу,  ачуу,  өнүктүрүү,  көмөк  көрсөтүү,  шарт  түзүү,  жайылтуу, 
таратуу, түшүндүрүү ж.б.
2. «Каттоодон өтүү» , «юридикалык макам» дегендердин маанисин түшүндүрүп бериңиз.
3. Төмөнкү сөздөр кайсы катардагы сөздөрдүн тобуна туура келерин аныктаңыз.
Уюмдун,  максаты,  мүчөсү, ишмердүүлүгүн,  токтотуу, кызматы
жүргүзөт / алып барат / токтотот : …………….........……………………………
уюмдун / мекеменин / ишкананын : ……………………………………………….
ачуу / жабуу / улантуу: ……………………………………………………………….
Милдети / ишмердүүлүгү / укугу : …………………………………………………..
тейлөө / туризм /  мейманкана : …………………………………………………….
уюмдун / партиянын / кеңештин : ………………………………........................
4. Уставдын «БЕКИТҮҮ» бөлүмүндө кандай маалымат камтылышы керектигин айтып бериңиз.
 Окуйлу
   
 
 
 
 
 
 
 
БЕКИТЕМ
   
 
 
 
 
 
 
«Тагайберди ынтымагы»
   
 
 
 
 
 
 
коомдук бирикмесинин
   
 
 
 
 
 
 
төрагасы
   
 
 
 
 
 
 
2011-жылдын 5-декабры
«Тагайберди ынтымагы» 
коомдук бирикмесинин
УСТАВЫ
Бишкек – 2011
1. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР
1. Толук аталышы: «Тагайберди ынтымагы» коомдук бирикмеси (мындан 
ары «Бирикме» деп аталат); кыскартылган аты – «Тагайберди ынтымагы» КБ.
Орус  тилинде:  Общественное  объединение  «Тагайберди-ынтымагы»; 
кыскартылган аты: ОО «Тагайберди ынтымагы». 
2. Бирикменин дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 
Панфилов көч., 58.
3. Бирикменин ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү чектелген эмес.
4. Бирикме өзүнүн аймактык филиалдарын түзүүгө укуктуу.

134
Калия Кулалиева
 Көнүгүүлөр
1. Боштуктарга туура келген мүчөлөрдү улап жазыңыз.
2. ЮРИДИКАЛЫК МАКАМЫ
1. Бул бирикме жарандар…….. улутуна жана саясий ишеним………, жы-
нысына, жашына, социалдык абалына кара……………, жалпы кызыкчылык- 
тын негизинде өз каалоолору боюнча түзүл……… бирикме болуп саналат.
2.  Бирикме  өз  ишмердүүлүгүн  Кыргыз  Республика………. 
Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жаран…….. кодексине, Кыргыз 
Республикасынын «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндөгү мыйзам………. 
жана  башка  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарына,  ушул  Уставдын 
жоболор……….,  ошондой  эле  Эл  аралык  укук  нормалар………  ылайык 
жүргүзөт.
3.  Бирикме  өз  ишмердүүлүгүн  мүчөлөрүнүн  ыктыяр…….,  тең  укуктуу 
жана мыйзамдуулук, ачык-айкындык жана өзүн-өзү башкаруу принциптери-
нин негизинде түзүлгөн коммерция………. эмес уюм болуп саналат.
4.  Бирикме  мыйзам  боюнча  көрсөтүл………..  тартипте  мамлекеттик 
каттоодон өткөн учур………. тартып юридикалык тарап катары укуктар…… 
ээ  болот.  Карамагында    мүлкү,  өз  алдынча  балан…..,  каттоодон  өткөрүл-
гөн  эмблемасы  (символика),  айырмалоочу  белгилер…….,  кызыктыр…….. 
сыйлыктары,  төрт  бурч……  штамп,  тегерек  мѳѳр  жана  башка  өз  аталышы 
түшүрүл……. маалым даректерге ээ болуу менен Кыргыз Республика……… 
жана  чет  өлкөлөрдө  эсептешүү  номурлары  жана  валюта  эсеп……  болушу 
мүмкүн.
5.  Бирикме  –  Республикалык  макам………  ээ,  ишмердүүлүгүн  Кыргыз 
Республика………. территориясы…….. жүргүзөт.
2. Боштуктарды туура келген сөздөр менен толуктап жазыңыз.
6.  Бирикме  ар  түрдүү  эл  аралык  ………………  мүчө  болуп  кирүүгө 
………………. .
7.  Бирикме  Кыргыз  Республикасынын  массалык  ………………. 
каражаттары  жөнүндө  мыйзамдарына  ……………….  ар  кандай  массалык 
маалымат  каражатын  түзүүгө  жана    басып  чыгаруу  ишмердүүлүгүн 
………………………. укуктуу.
8.  Бирикме  мыйзамга  ылайык  ……………..  тартипте  Кыргыз 
Республикасынын  территориясында  …………..  филиал,  бөлүм  жана  башка 
структуралык түзүмдөрүн ………………… укуктуу.
9. Бирикме өз милдети …………….. акча каражаты жана өзүнө тийиштүү 
мүлк үчүн …………… берет. Бирикменин мүчөлөрү Бирикменин милдеттери 
…………...  жооп  беришпейт,  ал  эми  Бирикме  …………….  мүчөлөрүнүн 
карыздары боюнча жооптуу ……………. .

135
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
10. Бирикменин мүчөлөрү Бирикменин ээлигине өткөрүп берилген мүлк-
кө (б.а. мүлккө карата укуктарынан ажырашат), ошондой эле мүчөлүк акыга 
…………….. укуктарын сактай алышпайт.
11.  Бирикме  табылган  кирешени  өз  ……………….  бөлүп  берүүгө 
милдеттүү  эмес,  ал  Бирикменин  түзүлүш  максаттарын  ишке  ашыруу  үчүн 
………………………. .
3. Белгиленген сөздөргө маанилеш (//) жана карама-каршы маанидеги (

) сөздөрдү табыңыз.
3. МАКСАТЫ, МИЛДЕТИ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН ФОРМАЛАРЫ
1. Коомдук бирикме жарандык, социалдык, маданий, гуманитардык жана 
экономикалык укуктары менен Кыргызстан элдеринин (//)………………….., 
ошондой  эле  Кыргыз  Республикасынын  тышында  ()………………… 
жашаган кыргыздардын эркиндигин коргоо жана ишке ашыруу максатында 
түзүлөт.
2. Бирикменин негизги  милдеттери төмөнкүлөр:
– Кыргыз Республикасынын жарандарынын коомдук аң сезиминде демо-
кратиялык принциптердин, руханий жана маданий баалуулуктарга, эркин сөз 
жана ар намыс эркиндигин, толеранттуулукка тарбиялоо жана өз ара урмат-
ташып, сыйлашууну (//) ………………. бекем орнотуу; 
– Жарандык коомдун өнүктүрүү максатында социалдык, маданий, гума-
нитардык,  илимий  жана  башкаруу  ()  ………………………..  боюнча  ой-
максаттарды коюу жана аларды ишке ашыруу;
–  Жарандар  менен  уюмдардын  укуктарын,  эркиндигин  () 
………………… жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо (//), талаш-тар-
тыш маселелерди чечүү, юридикалык жардам көрсөтүү;
–  Кыргыз  Республикасында  жана  чет  өлкөлөрдө  жашаган  (//) 
………………..  кыргыздардын  моралдык  жактан  биригүүсүнө  таасир  этүү 
менен, кыргыз элинин улуттук, маданий  адат-салт, идеяларын өнүктүрүүгө 
() ……………. салым кошуу;
– Кыргыз элинин тарыхынын, улуттук-маданий баалуулуктарынын кенен 
жайылып, изилденишине (//)………………….. түрткү берүү;
– Кыргыз этносунун өнүгүш тарыхындагы рухий жана материалдык эсте-
ликтерин коргоо жана сактоо;
–  Кыргыз  тилин  үйрөтүү,  сактоо  жана  өнүктүрүүгө  салым  кошуу 
()……….;
–  Кыргыз  улуттук  ашканасынын  мындан  ары  ()…………………. 
өнүгүшүнө жана жайылышына түрткү берүү;
– Салттуу улуттук колго жасалган буюм-тайым, сувенирлерди жасап са-
тууга, жайылтууга (//) ……………………….. көмөк көрсөтүү;
– Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын 
укугун, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын (//) ……………….. 
коргоо;

136
Калия Кулалиева
– Кыргыз Республикасынын тышында жашаган этникалык кыргыздарга 
моралдык, гуманитардык жана экономикалык көмөк көрсөтүү;
– Кыргыз жаштарынын патриоттук сезимин ойготуу, улуттук аң-сезимди 
калыптандыруу ()……………………. ;
–  Жаран  жана  уюмдарга  бирикменин  уставдык  максаттарына  ылайык 
программа жана долбоорлорду иштеп чыгуу (//) ……………………. боюнча 
кеңеш берүү жана уюштуруу-методикалык иштерине көмөктөшүү;
– Спорттун, анын ичинде улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүгө көмөк-
төшүү;
– Гендердик укуктарды колдоо жана бекемдөө () ……………………;
– Аз камсыздалган (//) ………………….. үй-бүлөдөгү балдардын билим 
алуусуна көмөктөшүү;
– Жарандардын ден соолугун коргоо, чыңдоо боюнча иш алып баруу;
– Экологиялык программаларды каржы-маалымат менен камсыздоо, ай-
лана-чөйрөнү жана Кыргыз Республикасынын флора (//) ……………. менен 
фаунасын  (//)……………  сактоо  жана  коргоо  боюнча  долбоорлорду  ишке 
ашыруу;
– Ата мекендик ишкана, банк жана башка финансылык мекемелердин ин-
вестициялык жана инновациялык потенциалын, менеджментин жана монито-
рингин анализдөөгө эксперт катары катышуу;
–  Орто  жана  чакан  ишкердүүлүктү  өнүктүрүүгө  ()  ………  көмөк 
көрсөтүү;
– Кошумча жумушчу орундар менен камсыз кылуу максатында курулуш, 
автоунаа,  типография,  фармацевтика,  текстиль,  айыл-чарба  жана  башка  өн-
дүрүш түрлөрү боюнча, мейманкана, туризм, медицина жана косметология-
лык  жана  башка  кызматтарды  уюштуруу  (//)  ………………………….  жана 
өнүктүрүү.
4.  Бирикменин  ишмердүүлүгүнүн  беш  гана  түрүн  калтырып,  калганын  кыскарттык, 
ишмердүүлүктүн  дагы беш түрүн жазыңыз.
3. Уставдагы милдеттерди чечүү максатында  бирикме ишмердүүлүктүн 
төмөнкү формаларын жүргүзөт:
 Бирикменин кызыкчылыктарын ар түрдүү мамлекеттик жана коомдук 
уюмдарда тааныштыруу.
–  Ар  кандай  чыгармачылык  топторду,  спорттук  клубдарды,  эксперттик 
кеңештерди, комиссияларды түзүү жана алдыга коюлган максаттарга жетүү 
үчүн аларга чет элдик адистерди тартуу.
– Ушул сыяктуу эл аралык бирикмелер менен түз байланыштарды түзүү 
жана аларга жардам көрсөтүү.
– Ар кандай кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруу жана ишке ашыруу.
– Кыргыз тилин окутуу боюнча курстарды ачуу.
Бирикме  Кыргыз  Республикасынын  мыйзамдарында  тыюу  салынбаган, 
ушул  уставда  көрсөтүлгөн    бирикменин  максат  жана  маселелерине  каршы 
келбеген бардык иш-аракет менен алектенүүгө укуктуу.

137
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Угалы
Уставдын окулган бул пункттарын угуп, суроолорго жооп жазыӊыз.
1. Бирикмеге кандайча мүчө болсо болот?
2. Кайсы учурда мүчөлүктөн чыгарылат?
3. Бирикменин жалпы жыйыны, Бирикменин кеңеши деген эмне?
4. Бирикменин каржы булактарын көрсөтүңүз?
5. Бирикме кайсы учурда өз ишмердүүлүгүн токтотот?
 Жазуу эрежелери
Үнсүз тыбыштардын жазылышы: ж, к.
1. Кыргыз тилиндеги ж тыбышы менен орус тилинен кабыл алынган сөздөрдөгү 
ж тыбышынын айтылышы ар башкача болсо да, бул эки тыбыш бир гана тамга 
аркылуу берилет: жемиш, жашыл, жеңиш; жюри, жандарм, пейзаж.
2. Сөздөрдөгү жана муундардагы жоон, ичке үндүүлөрдүн катышына карай к 
эки  түрдүү тыбыштык милдет аткарат. Жоон үндүүлөр менен келгенде к түпчүл 
к(кы) тыбышын билдирет. Ичке үндүүлөр менен келгенде к тамгасы орточул к (ки) 
тыбышын билдирет. Туура окуңуз: кайчы, кийчи; канат, китеп; кызык, кийик; 
окуу, эки; укук, күкүк. 
3. Орус тили аркылуу кирген сөздөрдө жоон жана ичке үндүүлөр менен келген 
муундарда к тамгасы орточул к (ки) тыбышын билдирет: казарма, кадр, факт ж.б.
1. К жана Ж тыбыштары катышкан сөздөргө уйкаш сөздөрдү табабыз.
Мисалы: кийик – бийик.
так –   
 
 
 
 
жылдыз –
кыш –   
 
 
 
 
кыргыз –
көр –   
 
 
 
 
Жамал –
көк –   
 
 
 
 
факт –
күрөк –   
 
 
 
 
казы –
барак –   
 
 
 
 
күн – 
2. Берилген сөздөрдү эстеп калганга аракет кылыңыз. Китепти жаап, дептерге бул сөздөрдү 
жазыңыз.
Сабак, трактор, экскурсия, нускама, буйрук, таңсыктык, казал, жолдош, жанр, 
жан, курал, эреже, тартип, жол, айыпкер, күнөөлүү, эрте, жаңы, сапаттуу.

138
Калия Кулалиева
 Грамматика
Этиштин мамилелери
  Кыймыл-аракеттин сүйлөп жаткан адамдын өзү тарабынан иштелгендигин 
же башка адамдар тарабынан аткарылгандыгын билдирген грамматикалык катего-
рия этиштин мамилелери деп аталат. Этиштин беш мамилеси бар: 1) негизги ма-
миле, 2) кош мамиле, 3) өздүк мамиле, 4) туюк мамиле, 5) аркылуу мамиле.
Негизги мамиле
Кыймыл-аракет  сүйлөп  жаткан  адам  тарабынан  аткарылгандыгын  билдирген 
этиштер негизги мамиле деп аталат. 
Мисалы: Рамис кол койду. Жылдыз китеп окуду.
Негизги мамиле этиштин өзүнө тиешелүү мүчөсү жок, башка мамиле этиштер-
ди түзүүгө негиз болот: ал – алдыр, тер – териш, жап – жамын ж.б.
Кош мамиле
Кыймыл-аракеттин бир канча адам тарабынан кошулуп, биргелешип аткарыл-
гандыгын көрсөтүүчү этиштер кош мамиле деп аталат.
Кош мамиле этиштерди -ыш (-иш, -үш, -уш, -ш) мүчөсү уюштурат. 
Мисалы: жардамдаш, катыш, жууш, жазыш ж.б.
1. Боштуктарга  негизги жана кош мамиледеги этиштерди жазыңыз. 
Мен бул жерде иштегенимди тастыктаган тактама .............................. .
Асан менен ал сүйлөшүп отуруп ишке да ...................................................... .
Тапшырык боюнча компьютерлерди ............................................................ .
Ал жаңылыктарды радиодон ............................................................. .
Досторум менен телефон аркылуу .................................................... .
Сиз учак менен ...............................................?
Алар автобус менен ........................................?
Конокторду татыктуу ..................................... .
2. Берилген этиштерге кош мамиленин мүчөсүн улаңыз, байланыштуу текст түзүңүз.
Кел.....,  текшер......,  бүт.......,  бүтүм  чыгар.........,  чакыр........,  билдир........, 
четтет....... .
3. Сүйлөмдүн биринчи бөлүгүн толуктап жазыңыз.
1. .............................. ......................... .......................... ...................... учуп кетишет.
2. .......................... ................................ ................................ музейине барышты.
3. ...................... .......................... ......................... ...................... эрдик көрсөтүштү.
4. ........................... ................................. ................................... учурашып өтүшөт.
5. ........................... ................................. ............................... окуяларды угушту.
6. ............................. .............................. ................................ окуп чыгышты.

139
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
 Сүйлөшөлү 
1. Жаңы ишкана ачып жаткан адам: Бизге уставдын кереги жок, адегенде ишибизди жүргүзүп 
алалы. Анан кагаз-магаз менен алектенебиз.
Анын кеңешчиси:
  Жок, уставсыз иш болбойт. Себеби ...
Ролдорго бөлүшүп талашты улантабыз. Ким өзүнүн тууралыгын канчалык деңгээлде далилдей 
ала турганына көңүл бурабыз. 
Акырында бул маселе боюнча ар бирибиз өз пикирибизди билдиребиз.
2.  Сиз  өз  мекемеңиздин  Уставы  менен  таанышсызбы?  Анын  мазмунун  жаныңыздагыларга 
айтып бериңиз.
 
 Жазалы
Бир чакан ишкананын Уставын жазыңыз. Негизги бөлүктөрүнүн жазылышы, башындагы жана 
аягындагы маалым даректердин көрсөтүлүшү маанилүү.

140
Калия Кулалиева
МЫЙЗАМ
Мыйзам – бул бардыгы үчүн бирдей милдеттүү жүрүм-турумдардын эрежеси 
камтылган  ченемдик-укуктук  акт.  Мыйзамдар  адамдардын  укуктарын  жана  мил-
деттерин өз ичине камтыйт жана көп ирет колдонууга багытталат.
Президент,  өкмөт,  депутаттар  жана  30  миң  шайлоочу  мыйзам  долбоорун 
сунуштоо укугуна ээ. Бул үчүн ага 30 миң жарандын колун топтоо же өкмөт аркылуу 
киргизүү керек болот. Министрлик дагы өз алдынча мыйзам кабыл алуу демилгеси 
менен чыга албайт. Ал муну адатта өкмөт аркылуу ишке ашырат.
Парламентке  киргизилген  мыйзам  долбоору  адегенде  Жогорку  Кеңештин 
тийиштүү  комитети  тарабынан  каралат  да,  андан  кийин  ЖКнын  бардык 
депутаттарынын  кароосуна  киргизилет.  Эреже  катары,  мыйзам  долбоору 
талкуулоонун  биринчи  баскычынан  же  биринчи  окуу  деп  аталган  жол-жободон 
өткөрүлөт жана жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Республиканын Президенти 
тарабынан бекитилет. Жөнөкөй мыйзам кайсы бир маанилүү иштин аткарылышына 
же сакталышына арналса да, көлөм жагынан чакан болот. 
Татаал  мыйзам  мамлекеттин  маанилүү  деп  эсептелген  тармагы  боюнча  мам-
лекет  менен  уюмдардын,  мекемелердин,  коомчулуктун,  жарандардын  ортосунда-
гы укуктук негиздерин, милдеттерин конституциялык принципте жолго салуунун 
жол-жобосун  ичине  камтыйт.  Анда  ошол  тармактын  мааниси,  коомго  тиешеси,  
тийиштүү жоболорун аткаруу шарты, мамлекет менен анын жарандарынын өз ара 
милдети глава, берене, пункттан туруп, так, кыска, түшүнүктүү жазылат.
 Окуйлу

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   8   9   10   11   12   13   14   15   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет