Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия


сатуу, сатып алуу же алмашуу аракеттерин жүргүзүүгө



Pdf көрінісі
бет14/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19

сатуу, сатып алуу же алмашуу аракеттерин жүргүзүүгө, арыз жазуу жана ага кол 
коюуда ыйгарым укук берем. 

153
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Ишеним кат 2013-жылдын 31-майына чейин жарактуу. 
Жанболотов М. А. 
 
 
 
Колу/...........
(Нотариалдык  кеңсенин  бул  ишеним  катты  күбөлөндүргөн  тиешелүү 
жазуулары).
   
 
 
 
 
 
Колу
   
 
 
 
 
 
Күнү, айы, жылы
   
 
 
 
 
 
Мөөрү 
 Көнүгүүлөр
1. Жөнөкөй ишеним каттын тексттериндеги грамматикалык конструкцияларга көңүл бурабыз.
2. Мүчөлөрдү туура улаңыз.
ИШЕНИМ КАТ
Мен, Орозова Дамира, менин наам.............. Москвадан келген посылка........... 
алып коюу үчүн Караев Алмаз......... ишеним кат беремин (ишеним көрсөтөмүн).
Караев Алмаздын паспорт.......... № А1645875 Бишкек шаары......................... 
Элебаев көчө.......................  № 17 үйүндө каттал........................ . 
   
 
 
 
 
Колу /.........................
   
 
 
 
 
Күнү/........../........./.............
Орозова Дамиранын колун күбөлөндүрүүчү мекеменин жетекчиси 
   
 
 
 
 
Колу /.........................
   
 
 
 
 
Күнү/........../........./.........
   
 
 
 
 
Мөөрү
3. Бир жолку ишеним каттын атайы ишеним каттан айырмачылыгын белгилеңиз.
4. Боштуктарды мааниси боюнча туура келген сөздөр менен толуктаңыз.
ИШЕНИМ КАТ
Мекеменин штампы
04.01.2011
«Кыргыз  жер»  ААКтын  директорунун  Турат 
Казиевич  Жумабековго    ААКтын  атынан  сот 
кеңсесинде  доочу,  жооп  берүүчү  жана  үчүнчү 
жакка  ....................  укуктар  боюнча  .................... 
жүргүзүүчү ыйгарым укуктар берилет
Т. К. Жумабековдун колунун үлгүсү............................................................ .
Ишеним кат 2013-жылдын 31-декабрына .......................... ......................... .
  «Кыргыз жер» Ачык ..........................
  коомунун директору  
 
 
 
А. С. Жанкубатов

154
Калия Кулалиева
5. Ишеним каттын башкы бөлүгү берилди, калган бөлүгүн толуктап жазыңыз.
ИШЕНИМ КАТ
Мекеменин штампы
Бишкектеги кыш чыгаруучу чакан 
ишкананын башкы бухгалтери 
Асан Оморович  Калматовго
...........................................................
 
 
 
 
 
 Грамматика
Жалпы өткөн чак
Жалпы (белгисиз) өткөн чак кыймыл-аракеттин жалпы эле мурун болуп өткөн-
дүгүн билдирет. -ган (-ген, -гон, -гөн, -кан, -кен, -кон, -көн) мүчөсү жалпы өткөн 
чакты уюштуруучу мүчө. 
Мисалы: Биз ал чогулушка катышканбыз. Бул боюнча мыйзам 2 жыл мурун 
кабыл алынган. Эжем биздикинен эбак эле кеткен.
1. Этиш сөздөргө жалпы өткөн чактын мүчөлөрүн улаңыз.
бар.......... 
 
сүйлө..........   
корго..............
күл.......... 
 
жаз.............   
жөнөт.............
сура......... 
 
жибер..........   
чык.................
айт.......... 
 
ич................   
ойнот..............  
2. Боштуктарга мааниси боюнча туура келген жалпы өткөн чактагы этиштерди жазыңыз.
1. Ошондо бул мекеменин түзүлгөнүнө 10 жыл ....................................... .
2. Курманжан Алымбек даткага ............................ .................................... .
3. Түгөлбай Сыдыкбеков «Көк асаба» деген романды ............................. .
4. Ал эми Өскөн Даникеев «Көкөй кести» деген чыгарманы ........................... . 
5. Бул катка И. Раззаков ........................................ .
6. Кызматкер берилген тапшырманы так ................................. .
3. Берилген сөздөр менен жалпы өткөн чакта сүйлөм түзүңүз. 
5 жыл, мен, мурун, менен, тааныш, киши, бул.
..................................................................................................................... .
Улуулар, кичүүлөр, десе, чакырыш, чоң атамды,  деп, «молдоке», «мугалим 
аке»
...................................................................................................................................
Симпозиум, да, катыш, ал, сиз
................................................................................................................................. ?
Сиз, бер, өзүңүз, ишеним кат, жаз
.................................................................................................................................. .

155
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Эскертүү!
Жалпы  өткөн  чакты  да,  атоочтукту  да  -ган  мүчөсү  уюштурат,  бирок 
салыштырып, айырмалай билиңиз.
Ал жакшы иштеген кызматкер. (Атоочтук) Ал кандай кызматкер?
Ал кызматкер жакшы иштеген. (Жалпы өткөн чак) Ал эмне кылган?
4. Мисалдарды келтириңиз.
 Угалы
1-кѳнүгүү. Ишеним каттын мазмунун айтып бериңиз. 
2-кѳнүгүү. Ишеним катты жазыңыз.
 Сүйлөшөлү
Сиз бир фирманын жетекчиси болуп иштейсиз. Чет өлкөгө 2 айлык иш сапарга кеткен жатасыз. 
Ордуңузга кимди, кандай кызматкерди дайындайсыз? Юрист консультант менен кеңешиңиз. 
Кандай мазмундагы ишеним кат жазылышы керек?
1-жак. Адамдар ишеним катты көбүнчө туугандарына жазып берип, анан анын 
азабын көп тартышат. Туугандар убактылуу берилген менчикти өздөрүнүкү 
кылып алгысы келет. Мен мүлккө карата ишеним катты иштин көзүн билген, 
ишеничтүү досторума  же кесиптешиме жазып берер элем.
2-жак. Жок, мен андай кылбайм. Үй-бүлөлүк маселелерге башкалардын ара-
лашпаганы дурус. 
 Жазалы
1.  Сиз  Бишкекте  жашайсыз.Туулган  кичи  мекениңизде  сиздин    2  гектар  айдоо  жериңиз  бар. 
Жериңизге байланыштуу жакын туугандарыңыздын бирине ишеним кат жазып бериңиз.
2. Ыр саптарынын маанисин чечмелеңиз:
Ырыс алды – ынтымак,
Өлмөйүнчө кол кармаш!
Билими бар азамат,
Бир-бириңе жардамдаш.
Билинбей жүрүп бир күнү
Мүдүрүлөт алтын баш...
Өнөрүң болсо, өргө чап,
Кор кылбай, асыл жанды бак.
Эрдин көркү – эл менен, 
Эмгегиң менен элге жак!
 
(Токтогул)

156
Калия Кулалиева
ОТЧЁТ
Пландаштырылган  иштердин,  берилген  тапшырмалардын  аткарылышы, 
кызматка  жана  илимий  изилдөөгө  байланыштуу  иш  сапарлардын  жыйынтыгы 
тууралуу иш кагазы отчёт болот. 
Отчёт  кызматкер  же  жооптуу  комиссиянын  төрагасы  (мүчөлөрү)  тара-
бынан  жетекчинин  наамына  жазылат.  Отчётто  аткарылуучу  иш,  аны  аткарууда 
эмнелерге көңүл бурулганы, эмнелер аткарылбай калганы, кандай кемчиликтерге 
жол  берилгени,  эгер  иш  аткарылбай  калса,  аткарылбай  калышынын  себептери, 
кемчиликтерди жоюунун жолдору сунушталат.
Мазмуну боюнча отчёт мезгилдүү иштер, иш сапары жана атайын тапшырма 
отчёттору болуп бөлүнөт.
1. Отчёттун текстине мүнөздүү сөз жана сөз айкаштары:
текшерилди,  аткарылды,  каралды,  аныкталды,  тапшырма  берилди,  ...  
деген  жыйынтык  чыгарылды,  ...  деген  тыянакка  келдик,  эске  алынды, 
эскертилди, кошумча убакыт берилди, дагы бир текшерүүдөн өткөрүү керек, 
сунуштайбыз, сурайбыз, өтүнөбүз ж.б.
2. Туура толуктаңыз.
комиссия тарабынан төмөнкүлөр ...........................................................................
эки айлык мөөнөт ....................................................................................................
курулуш объектисиндеги шарттар .............................. ...........................................
кеткен мүчүлүштүктөр айтылып, аларды оңдоого ............... ..............................
иштетүүгө болот ................................. .....................................................................
ишин токтотуу керек ............................. .................................................................
.................................. ...................................... ........................................ суранабыз.
..................................... ................................... .......................................... өтүнөбүз.
.................................................... .................................................... белгилүү болду.
............................... ............................... ............. курулушту бүтүрө албай калдык.
................................. .................................... ............................................ жөнүндө.
.............................. ......................................... .........................билдирмек болушту.
3. Ар бир кесип ээси өзү иштеген тармак же жоопкерчиликтүү болуп дайындалган кайсы бир 
иш боюнча түрдүү мазмундагы отчёт даярдайт.
Мисалы,  мугалимдин  отчётунда  төмөнкү  маселелерге  байланыштуу 
маалыматтар  камтылышы  мүмкүн:  өткөргөн  ачык  сабактары,  гезит-
журналга жарыялаган макалалары, чыгарган китептери, өткөргөн илимий,  
маданий иш-чаралары ж.б.

157
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Экономисттин,  геологдун,  архитектор,  суу  инженери  жана  сүрөтчүнүн 
отчётторунда  кандай  маалыматтар  камтылышы  мүмкүн.  Ар  бирине 
токтолуп, кыскача баяндаңыз.
 Окуйлу
1. Окуп, отчёттун кайсы түрү экендигин аныктаңыз.
2. Отчёттун кайсы түрүндө эмне жөнүндө сөз болот? Болжолдуу жоопторду издейбиз.
Бишкек шаардык № 3 
китепкананын балдар адабияты
бөлүмүнүн 2011-жылга 
пландаштырылган иштеринин
аткарылышы жөнүндө
 О Т Ч Ё Т
Биздин  фонддо  1000ге  жакын  автордун  калемине  таандык,  8  миңден  ашык 
балдар  үчүн  жазылган  ар  түрдүү  жанрдагы  китептер  бар.  Фонд  жаңы  чыккан 
китептер менен толукталды. Анын ичинде балдар адабияты боюнча котормолор да 
бар. Жаңы алынган китептердин тизмеси тиркемеде берилди.
Жылдык  планыбызда  каралган  иш-чаралар  өз  убагында  өткөрүлдү.  Балдар 
жазуучулары  менен  жолугушуулар  уюштурулуп,  белгиленген  темада  талкуулар 
болуп өттү. Бардык жолугушуулардын программасы отчётко тиркелди.
Бардыгы болуп жыл ичинде 5 миңге жакын окурманга сапаттуу кызмат көр-
сөтүлдү.
Китепканачыларыбыз пландаштырылган иш-чараларды ишке ашырууга жооп-
керчиликтүү мамиле кылышып, жогорку уюшкандыкты көрсөтүштү.
Кээ бир кызматкерлерибиздин жылдык жыйынтык чыгарууда моралдык жана 
материалдык сыйлыктарга көрсөтүлүшүн жетекчиликтен сураймын.
Тиркемелер:
1.  Балдар адабияты бөлүмүнө жаңы алынган китептердин тизмеси;
2.  Уюштурулган иш-чаралардын тизмеси жана программалары.
  Бөлүмдүн башчысы   
 
 
А. Жумалиева
   
   
25.12.2011
 
 
 
 
 
 
 

158
Калия Кулалиева
 Көнүгүүлөр
1. Мазмуну менен таанышып, отчёттун түрүн аныктаңыз.
2.  Төмөнкү  отчёттун  түзүлүшү  жогоруда  келтирилген  отчёттон  кандай  белгилери  менен 
айырмаланарын аныктаңыз?
3. Сөздөргө мүчөлөрдү улаңыз.
Кыргыз экономика………...
университети…….. биринчи
проректор…….. К. А. Касымовго
дүйнө………….. экономика
кафедрасынын доценти
О. Осмонов……… АКШнын
Сиетл шаарын……… өткөн
иш сапары жөнүндө
БЕКИТЕМ
Кыргыз экономикалык
университетинин
ректору______________
                             (колу)
2010-жылдын 25-ноябры
 О Т Ч Е Т У
Мен,  О.  Осмонов,  2010-жыл…………  1-ноябрынан  20-ноябры……….  чейин 
АКШнын  Сиетл  шаары………..  Вашингтон  университетин……….иш  сапарында 
болдум.  Иш  сапары  учурунда  экономика  жана  башкаруу  факультети………. 
дүйнөлүк  экономика  боюнча  окутуучу………..  менен  пикир  алышып,  жумушчу 
программалары  менен  тааныш………..,  экономика  факультеттер………… 
студенттери менен баарлаш………….. . 
Биздин окуу жай менен түзүл…………. Келишим боюнча биргелешкен илимий-
изилдөө  долбоору……….  биринчи  этабынын  жалпы  чогулушу……..  катышып, 
университеттеги  окутуучулар  жамааты  тарабынан  аткарылган  иштер  боюнча 
билдирүү  жаса………  .  Долбоордун  планы  боюнча  4  айдан  кийин  Вашингтон 
университети……… бир профессору биздин университет…….. иш сапары менен 
келет. 1 жылдан кийин долбоор өз ишин токтотот жана илимий изилдөөлөр………. 
жыйынтыгын китеп түрүн……….. жарыялайт.
   
Доцент  
 
 
 
 
О. Осмонов
   
22.01.2011
4. Төмөнкү отчёттун түрүн аныктаңыз.
5. Боштуктарга туура келген сөздөрдү жазыңыз.
Жалал-Абад областынын
Аксы районундагы
«Достук» дыйкан чарбасынын
……………….. С. Оролбаевага
экономист Н. Жанызаковдон

159
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
О Т Ч Е Т
 
2005-жылдын 14-февралы
 
2005-жылдын  1-12-февралында  Сиздин  тапшырууңуз  ………………  Бишкек 
шаарында иш сапарында ………………….., «Баткен-Дыйкан» соода комплексинин 
жетекчилиги  ………………  чарбанын  атынан  келишим  ………………  .  Ошон-
дой  эле  Кара-Балта  шаарындагы  «Десерт»  ЖАКтын  ………………….  менен 
сүйлөшүүлөрдү жүргүздүм. 
«Десерт» ЖАКтын жетекчилиги биздин ………………… боюнча жоопторун 1 
ай ичинде …………………. болушту.
Тиркеме:  «Баткен-Дыйкан»  соода  …………………..  жетекчилиги  менен 
түзүлгөн …………………. (3 бет).
   
Экономист   
 
 
 
Н. Жанызаков
 Пунктуация
Үтүр
1. Сүйлөмдөгү бир өңчөй мүчөлөрдүн араларына үтүр коюлат: Кубат, Айжан, 
Берметтер кечээ кетишти. Биз арыз, түшүнүк кат, маалым кат, келишим сыяктуу 
иш кагаздарын көп жазабыз. Аман, Жыпар, Асыл эже бир бөлүмдө иштешет.
2. Бир өңчөй мүчөлөр да, дагы, же, ары байламталары аркылуу байланышканда 
үтүрдүн  коюлушу:  Окутуучулар  да,  студенттер  да,  башка  кызматкерлер  да  ал 
күнү  жумушка  келиши  керек.  Жумушка  ары  жоопкерчиликтүү,  ары  иш  билген 
адамдарды  алабыз.  Биз  же  кире  албай,  же  чыгып  кете  албай  босогодо  туруп 
калдык.
3. Үтүр баш сүйлөм менен багыныңкы сүйлөмдүн арасына коюлат: Кечээ ишим 
өтө көп болгондуктан, отчётту жазып бергенге үлгүргөн жокмун.
4. Татаал сүйлөмдүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр байламталар аркылуу 
байланышат:  Биз  бул  ишти  2  айлык  мөөнөттө  бүтүрө  албайбыз,  ошондуктан 
өз  мүмкүнчүлүктөрүбүздү  туура  баалап,    мөөнөттү  узарталы.  Күн  күркүрөп, 
жамгыр төктү. 
5.  Сүйлөмдүн  түшүндүрмө  мүчөлөрү  үтүр  менен  ажыратылат:  Биз,  төмөндө 
кол коюучулар, атайы түзүлгөн комиссиянын чечими менен макул эмеспиз. Алар, 
мектеп окуучулары, аз да болсо салымыбыз болсун деп, ырдап, бийлеп беришти.
6. Каратма сөздөр, киринди сөздөр жана сырдык сөздөр үтүр аркылуу ажыра-
тып жазылат: Темир, балким, Турат азыр келип калар. Бактыгүл, макулдук берүү 
катын жаздыңбы? Балким, жакшы болгончо ишке келбегениңиз дурус болор. Ох, 
чарчадык, бир аз эс алалы! Баракелде, Атай! Аттиң-ай, ошондо тим койсок болмок 
экен.

160
Калия Кулалиева
1. Зарылчылыгына карап, үтүр белгисин коюп чыгыңыз.
Бул  келишим  эки  нускада  түзүлүп  биринчи  нускасы  администрацияда 
экинчиси кызматкерде сакталат.
Мен  Артур  Романов  1995-жылы  25-мартта  Кызыл-Кыя  шаарында  туул-
ганмын.
Биринчиден сиз ал кишини тааныбайт экенсиз экинчиден мен сизди би-
ринчи ирет көрүп отурам.
Өздүк  ишти  пайдаланууда  иш  кагаздарындагы  жазууларды  оңдоого  ко-
шумча маалымат киргизүүгө иш кагаздарды алып же кошууга тыюу салынат.
Айылдагылар дагы шаардагылар дагы чакырылды.
Жыйналышты эртеңкиге койсок кантет Канат Оморович?
Мен Темирбаева Жазгүл Чолпонбаев Таалайды 1986-жылдан бери биле-
мин.
Баары эле жүрөт бирок Памирбек жок.
2. Кайсы катардагы сүйлөмдө үтүр туура коюлган?
А) Карагылачы, достор бул эмне деген укмуш!
Б) Карагылачы достор, бул эмне деген укмуш!
В) Карагылачы, достор, бул эмне деген укмуш!
Г) Карагылачы достор бул эмне деген, укмуш!
3. Берилген түзүлүштөгү сүйлөмдөрдү түзүңүз.
1. .............................., .............................................................................................. .
2. ...............................................................................................................................,
    ...............................................................................................................................?
3. ................................................................................................, ............................ .
4. ..................................................................., ..........................................................,
    ............................................................................................................................... .
5. .................................................., .............................................., ............................
...... .........................................., ............................................................................... ?
6. ...................................., ...................................., ....................................................
.................................................................................................................................. .
7. .................................., ...........................................................................................!
8. ..........................................., ........................................., .......................................
................................................................................................................................. ?
 Грамматика
Адат өткөн чак
Адат өткөн чак узакка созулган, адатка айланган, дайыма кайталанган кыймыл-
аракетти билдирет. Адат өткөн чакты уюштуруучу мүчө эки гана вариантта болот: 
-чу, -чү.

161
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
  Мисалы: жаз + чу + мун
   
    айт +чу + суң
   
    кел + чү + сүз
   
    бил + чү
Аналитикалык форма
Терс форма
Суроо формасы
эле, экен
эмес
беле
эле
укчу  экен
элем
катышчу элек
укчу эмес
кабыл алчу эмессиң
көрчү эмесмин
турчу эмессиз
катышчу эмеспиз
укчу беле?
кабыл алчу эмес беле?
көрчү белең?
турчу белеңиз?
катышчу белеңер?
1. Төмөнкү этиштерге адат өткөн чактын мүчөсүн улап, жактаңыз.
Мен иште.................., ойло.................. 
Биз иште................., ойло...............
Сен ............................, .......................... 
Силер ....................., .......................
Сиз ............................, ............................ 
Сиздер ....................., .......................
Ал ............................., ............................ 
Алар ......................., ........................
2. Сүйлөмдөрдү адат өткөн чактагы этиштер менен толуктап жазыңыз.
Досум мага ар дайым кат ....................................... .
Атам отчёт ............................................................... .
Театр, музейлерге биз көп ..................................... .
Мен ал кызды чын эле ............................................ .
Ал жумушка дайыма .............................................. .
Сизге кечки Бишкек ............................................... ?
Сен китеп окуганды ............................................... ?
Жүктү тонналап ...................................................... .
3.  Берилген  сүйлөмдөрдү  адат  өткөн  чактын  терс  жана  суроолуу  формасына  айлантып 
жазыңыз.
Мисалы: Кадыр университетте мыкты окучу.
   
    Кадыр университетте мыкты окучу эмес.
   
    Кадыр университетте мыкты окучу беле?
1.  Салия тоого чыкканды жакшы көрчү.
2.  Эльмира элдик ырларды мыкты аткарчу.
3.  Досум экөөбүз көпкө сүйлөшчүбүз.
4.  Сен саякатка көп чыкчусуң.
4. Сүйлөмдүн аягы берилди, башын толуктап жазыңыз.
..............................................................................., себеби жумушу эрте башталчу.
...................................................................., ошондуктан сынактан өтпөй калдым.
..................................................... «Манас» кинотеатрынын жанында кезикчүбүз.

162
Калия Кулалиева
.................................................................................................... футбол ойночубуз. 
............................................................................., анткени ал жөнөкөй адам болчу.
............................................................................, бирок эч убакта кыйкырчу эмес.
.................................................................................., чогулуш өткөрчү эмес беле?
.................................................................... жана отчётун өз убагында тапшырчу.
Капыскы өткөн чак
Капыскы өткөн чак чакчыл -ып жана божомолдогуч -дыр мүчөлөрүнүн этишке 
уланышы менен түзүлөт.
Капыскы өткөн чак төмөнкү учурларда колдонулат:
А)  Сүйлөөчү  өз  көзү  менен  көрбөгөн,  ал  жөнүндө  кийин  кабардар  болгон 
окуяны, кыймыл-аракетти билгизүүдөӨткөн заманда Карыбай деген бир бай 
болуптур.
Б)  Унут  болгон  окуянын,  кыймыл-аракеттин  кайрадан  эске  түшкөндүгүн 
туюндурууда: Бул фильмди мен мурун көрүптүрмүн.
В)  Сүйлөөчү  үчүн  күтүүсүз,  капыстан  болгон  кыймыл-аракетти  белгилөөдө: 
Үйгө келсем, апам жумушка кетип калыптыр.
1. Этиш сөзгө капыскы өткөн чактын мүчөсүн улап жазыңыз, жактаңыз.
Мен унут..............................   
Биз унут..........................
Сен ......................................   
Силер ..................................
Сиз .......................................   
Сиздер ...................................
Ал ........................................   
Алар ......................................

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   11   12   13   14   15   16   17   18   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет