Сборник международной конференции «модернизация сознания: характер передачи образа «Әлем»



Pdf көрінісі
бет37/123
Дата24.08.2023
өлшемі2,86 Mb.
#105558
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   123
Байланысты:
конфернция материалы

Изилдөө методу. 
Макалада «аял сулуулугу» тарыхый түрк булактарынын факт-
материалдары аркылуу ачып көрсөтүлүп, тил илиминдеги салыштырма тарыхый жана лингво-
маданий метод аркылуу талдоого алынат. Салыштырма-тарыхый метод тарыхый булактардагы 
тилдик каражаттардын колдонулуусун салыштырып кароодо колдонулат. «Аял сулуулугу» 
түшүнүгүнүн лингвомаданий метод аркылуу иликтөөгө алынуусунун башкы себеби – тил менен 
маданияттын байланышы аркылуу, б.а., маданий код-ачкычтар аркылуу этномаданиятты, 
адамдын дүйнө таанымындагы, дүйнөнү кабылдоосундагы жыйналган маалыматтардын 
жыйындысын, андагы улуттук өзгөчөлүктөрдү аныктап көрсөтүүгө болот. Лингвомаданий 
талдоонун бир ыкмасы катары колдонулуучу код-ачкычтар адам баласынын жыйнаган 
маалыматтарын, билимин, андагы менталитеттик өзгөчөлүктөрүн ачыктап көрсөтөт да, бир 
тилде сүйлөгөн адамдардын дүйнөнү кабылдоодо эмнелерге басым жасарын билүүгө жардам 
берет. Ар бир элдин ой жүгүртүүсүнүн, түшүнүгүнүн код-ачкычтары болот. «Код-ачкычтар деп 
бир элдин таанып-билүүсүнүн, ой жүгүртүүсүнүн, маданиятынын элестүү жол менен өтмө 
мааниде берилүү ыкмасын айтабыз. Код-ачкычтардын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: буюмдук 
(мончок)
, айбанаттык 
(арстан)
, өсүмдүк 
(гүл)
, дене мүчөлүк 
(баш
), түстүк 
(ак)
, азыктык 
(бал)

ж.б. Код-ачкычтардын бул түрлөрү нерсенин, кубулуштун, кыймыл-аракеттин, абалдын 
мүнөзүндөгү окшоштугуна карай метафоралык жол менен колдонулат. Ар бир метафоранын 
түбүндө түпкү код-ачкычтар жатат. Ошол код-ачкычтар аркылуу бир элдин түшүнүгүндөгү 
түпкү ойду, идеяларды сууруп чыгып, менталитетке байланыштуу жактарын, касиеттерин 
чечмелеп берсе болот (Маслова, Пименова 2015: 3-14). Мисалы, 
«Аял заттын нурдуусу эрке 
катын Каныкей»
(Юдахин 1985: 87). Бул мисалда Каныкейди сыпаттоо үчүн 
нурдуу 
деген 
абстракттуу зат атоочтон жасалган сын атооч сөз түркүмү
 
колдонулган. Кыргыз тилинин 


МЕЖДУНАРОДНАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ «МОДЕРНИЗАЦИЯ СОЗНАНИЯ:
ХАРАКТЕР ПЕРЕДАЧИ ОБРАЗА «ӘЛЕМ» В ДУХОВНОМ НАСЛЕДИИ
43 
сөздүгүндө «нур» сөзү: 1) жарык, шоола; 2) ачык, жарык өң; ал эми «нурдуу» сөзү: 1) нур чачкан, 
нурданган; 2) өңдүү, нурданган өңдүү, тамылжыган маанилерин туюндурат (Кыргыз тилинин 
сөздүгү 2010: 970) Кыргыз элинин аял затынын ички жана сырткы сулуулугун көбүнчө нурга, 
жарыктыкка, шоолага тиешелүү заттык код-ачкычтарды колдонорун берилген мисалдан 
байкоого болот.
Аял сулуулугу. 
Аял сулуулугу бардык доордо жана ар бир элде субъективдүү жана 
салыштырмалуу түшүнүк катары болуп келген жана идеалдуу аялдын бейнеси боюнча өзүнө 
таандык көз карашы, чен өлчөмү, стандарты бар. Бул мааниде адамзат тарыхы эстетикалык 
өзгөрүүлөрдүн узак чынжыры болуп, анын башталышы байыркы доорлорго барат. Мисалы, 
азыркы кыргыз тилиндеги 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   33   34   35   36   37   38   39   40   ...   123




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет