Сборник международной конференции «модернизация сознания: характер передачи образа «Әлем»


сулуу  сөзү байыркы түрк тилинде  силиг



Pdf көрінісі
бет38/123
Дата24.08.2023
өлшемі2,86 Mb.
#105558
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   123
Байланысты:
конфернция материалы

сулуу 
сөзү байыркы түрк тилинде 
силиг 
турпатында болгон: 
силиг 
кыз оглан 
«сулуу кыз балдар» (КТ. II, 7). Бул сөздүн тыбыштык тизмеги төмөндөгүдөй өзгөрүүгө 
дуушар болгон: 
силиг 
сөзүнүн
 
аягындагы түпчүл 
г
тыбышы жумшарып, эринчил 
w
тыбышына 
өткөн, эринчил жана жылчыкчыл 
w
тыбышы өзүнүн тегерегиндеги ачык үндүүлөрдүн 
эринчилдерге айланышына түрткү болгон (
и > у
) жана өзү болсо созулма үндүүгө айланып 
кеткен (
w > уу
): 
силиг > силиw > сулуу
. Бул сөз байыркы түрк тилинде «таза», «ичке», «ак сөөк», 
«көркөм» деген маанилерди туюндурган (ДТС, 1969: 500, 503). Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө 
да 
силиг эр 
сүйлөмү «таза», «ак сөөк» деген маанилерди билдирген. Азыркы кыргыз тилинин 
түшүндүрмө сөздүгүндө болсо сын-сыпатты билдирген 
сулуу 
сөзүнө берилген аныктамада аял 
затынын сырткы сулуулугуна маани берилгендигин байкоого болот: Өңү-түсү, мүчөсү 
келишимдүү, татынакай; 2) Өңү-түсү жакшынакай аял, кыз; 3) Көргөнгө көрктүү, кооз, 
суктандырарлык, көрүнүшү сонун, жагымдуу; 4) Одуракай эмес, жылмакай, сыйда, текши, 
тегиз. Ал эми абстракттуу маанидеги «сулуулук»
 
сөзүнө: «өңдүү-түстүүлүк; жакшынакайлык, 
көрктүүлүк, кооздук, сонундук» деген аныктама берилген (Кыргыз тилинин сөздүгү, 2010: 
1105). Изилдөөчү Нурдин Усеев 
сулуу
тыбыштык турпатына өзгөрүп кеткен байыркы 
силиг
сөзүнүн маанилик жактан да өзгөрүүсүнүн себебин мындай деп түшүндүрөт: «Мындай 
маанилик өзгөрүүнүн себебин аныктоо үчүн «таза» менен «сулуулуктун» ортосунда кандай 
байланыш бар деген суроого жооп табыш керек», – дейт да, кыз сулуулугу менен табияттын 
сулуулугун салыштырып, сулуулуктун башаты, өзөгү тазалык экендигин, демек бул түшүнүк-
төрдө ички, терең байланыш бар экендиги жөнүндөгү пикирин айтат (Усеев, 2010: 30-32).


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   34   35   36   37   38   39   40   41   ...   123




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет