Адабияты бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 1991-94-жылдары Аксы районунун «Ленинчил жаш» орто мектебинде мугалим болуп баштаган



Pdf көрінісі
бет1/3
Дата15.03.2017
өлшемі358,1 Kb.
#9825
  1   2   3

 

 



 

 

 



 

С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У  

 



 



У м а р о в а    Ж ы п а р 

______________________________________________________________  

 

 

 



 

 

 



ЖЫПАР УМАРОВА 

(1968) 

 

 



Акын Жыпар Умарова 1968-жылы Ноокат районунун Көк-Бел айылында 

туулган.  1994-жылы  Ош  ПИнин филология  факультетинин кыргыз  тили  жана 

адабияты бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек  жолун  1991-94-жылдары  Аксы районунун 

«Ленинчил жаш» орто мектебинде мугалим болуп баштаган.  Ош мамлекеттик 

университетинин кыргыз филологиясы факультетинде 10 жыл кабинет башчы 

болуп иштеген.  

 

Ж.Умарованын  ырлары  студент  кезинен  баштап  гезит-журналдарга 



жарыяланып  келет.  2002-жылы  «Саамалык  –  3»  жаштардын  көркөм  адабий 

чыгармаларынын жыйнагына ырлары чыккан. 2008-жылы жаштардын «Бүчүр» 

альманахына  да  ырлары  жарыяланган.  «Кызыма  кырк  нуска»,  «Сырдашуу» 

аттуу эки китептин автору. 

 

Учурда Ош МУнун финансы-юридикалык колледжинин улук окутуучусу 



болуп эмгектенүүдө. 

 

 



 

 

 



 

 

 



 

 

 



 

 

 



 

 



 

 

 



 

 

 



 

 

 



 

 

 



Кирпик какпай кээде таңды атырам, 

Кең дүйнөнү жүрөгүмө батырам. 

Ичи таза, көңүлүндө кири жок, 

Окурманды СЫРДАШУУГА чакырам

.

 



Кадырман окурман! 

 

Колуңузда  турган  китептин  кол  жазмасын  бир  дем,  бир  илеп  менен 



окудум да, кайрадан кайталап окугум келди. 

Ишенем, Сиз да ошентип, эргүү менен окуп чыгасыз. 

Анткени Жыпар башка адамдын сезимин, арманын, тилегин, кыялын, 

эңсөөсүн  ырга  салбайт.  Ал  өзүнүн  чаң  жукпаган  сүйүүсүн  өзү  туюп,  өзү 

азабын тарткандай, жашоодо тагдыры кандай болсо так ошондой ырга салат. 

Жыпар  -  жүрөгүнө  илхам  келип,  дилине  сездөр  шурудай  тизилип 

калганда гана калем кармайт. Жараткан ага табигый талант берген. Акын өзү 

жашоодо кандай болсо, ырлары да ошондой назик, сезимтал жана баео. 

«Акынга мансап эмес, тагдыр керек», - дешет. 

Жыпар  Умарова  -  акындык  тагдырды  өз  башынан  кечирип  жүргөн 

инсан.  Өзүнүн  эч  кимге  окшобогон  тагдыры,  өзүнүн  сыйынып  жашаган 

көркөм  дүйнөсү  бар.  Ал  апасы  жөнүндө  жазабы,  туулган  жер,  достору,  өз 

тагдыры жөнүндө жазабы баарын сүйүү менен, аздектөө менен жазат. 

Жыпардын  поэзиясында  ак  жоолук  жөнүндө  кеп  кайталанат.  Адам 

тагдырынын түрдүү кырдаалы жоолук аркылуу ассоциацияланат. Кээде жакшы 

ыр  жөнүндө  айтамын  деп  жатып,  жакшы  ырды  бузуп  алабыз.  Андыктан, 

акындын  ырларынын  бир  чымчым  үзүндүлөрдү  Сиз  менен  чогуу  тыңцап 

көрөлү. 


Сага деген мас жүрөгүм соолукту,  

Кеч болсо да өз теңине жолукту.  

Ак жоолукту кыйгач байлап назданып, 

Мен өзүңө болбой калдым колукту... 



«Өкүнүч» 

Кардай ак кездемеден көйнөк кийип, 

Жол жүрсө турат кайың башын ийип. 

Барсамбы жаратканга бакыт тилеп, 

Кайындай аппак шайы көйнөк кийип. 

«Жай айы бизге бакыт алып келдиби?» 

 

Тагдырымды өзүм каалап, багыштап, 



Жакын көрүп, каттап жүргөн алыс жак. 

Быйыл меңден эч ким кабар албады, 

Узун жолдор баратабы алыстап.  

 

Тагдыр өзү татаал сырдуу табышмак. 



«Алыс жак» 

 


 

Кыйналдыңбы...? Мен да кыйналдым, 



Мүдүрүлүп, бирок, сынбадым. 

Жүрөгүңдү эзип жалгыздык, 

Ыйладыңбы...? Мен да ыйладым. 

«Элегия» 

Тагдырдын буйругубу  

Ак жоолук баштан түшүп, 

Ак карда турам үшүп. 



«Мезгил жана тагдыр» 

Өзүмдү таштап качып кетким келди. 



«Жалгыз саптар» 

 

Жолугуу...   Көңүлүм ырдап турат. 



Коштошуу ...Жүрөгүм ыйлап турат. 

«Сен жөнүндө бүтпөгөн эки сап» 

 

Кадырыңды таразага саласың, 



Убакыттын көзүн карайм деп жүрүп 

Бир күн мени сен жоготуп аласың. 



«Үчсаптар» 

Жогорудагы  ыр  саптарын  окугандан  кийин,  көркөм  сөздүн  наркына, 

поэзиянын сезим күчүнө арбаласың, лириканын көлүнө чөмүлөсүң. 

80-жылдардын  аягы  90-жылдардын  башында  ОшМУнун  кыргыз 

филологиясы  факультетинде  студент  улан  -  кыздардын  арасында  калем 

кармап,  ыр  жазгандардын  жоон  тобу  жүрчү  эле.  «Сапар  түйшүгү», 

«Дүбүрт»  дубал  газеталарын  чыгарчубуз.  Ошолордун  ичинде  баарыбызды 

өзүнүн  жүрүш-турушу  менен  суктандырып  ыр  окуган  ак  жакалуу 

«Канарейка» кыз бар болчу. 

Жылдар  өтүп  ошол  жөндөмдүү  студенттердин  эң  таланттуусу  -  Жыпар 

болгондугун  мезгил  ырастады.  Калгандарыбыз  көр  пенделик  кылып, 

тирүүлүктүн капшабында калып кеттик көрүнөт. 

Жыпардын  ырларына  белгилүү  обончулар  жакшы  обондорду  жазып, 

радио-телевидениелерден уктурулуп жүрөт. 

Азыр ыр окуй турган заманбы? - дешет. Жашоодо тазалыкты туу тутуп, 

жүрөгүндө  сезими  бар  адамдар  азыр  деле  ырды  окушат.  Жашоого  руханий 

азык алышат. 

Акырында   айтарым, Жыпардын  жагымдуу  жыт  аңкыган   

ырларын окуп, жашоого азык алалы! 

Исаков Каныбек 

Филология илимдеринин доктору, профессор. 


 



У м а р о в а    Ж ы п а р 



______________________________________________________________________Апам'>____________________________________________________________________ 

Апам 

 

Көп кырды басканыңдын издери деп, 



Аянычтуу жытын искейм чачтарыңдын.  

Көзүңдүн алдындагы көп бырыштар,  

Калганбы же издери көз жашыңдын. 

 

Биз чоңоюп, эс тартып калган кезде,  



Ак чач болуп, картайып баратасың.  

«Чарчап калды көзүмдүн нурлары», - деп,  

Аянычтуу сезимди жаратасың. 


 

С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   



___________________________________________________________________ 

  

 



 

 

 



 

Апама 

 

Ээрчип жүргөн бейпил күндөр канаке? 

Балалыкты кимге бердим белекке? 

Чарчап бүттүм, мен азыркы бактымдан 

Ошол күнгө кетеличи апаке! 

 

Курчап алып, кыйнаган ой жок болгон 



Кой десе да болбой анда шоктонгом. 

Чачтарыңдын көрүп аппак бубагын, 

Тентек кыял кызың азыр токтолгон. 

 


 

10 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

 

Апама 

 

Табылбас мээримге бай ар бир эне,  



Дары экен өзүңдөн уккан жеме.  

Сөз укпай, капа кылсам карап туруп,  

«Эсен эле болгун» - деп кейир эле. 

 

Тынч укта, мени ойлоп кайгы жебе,  



Эркелетип көбүрөөк койдуң неге?  

Ак сүтүңдү актаган бир иш кылбай,  

Эсен эле жүрөмүн азыр деле. 


 

11 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У  

 

____________________________________________________________________ 

Сезим чабыттары 

 

Эмнегедир жүрөк чиркин тыбырайт,  



Сыртта жамгыр жашын төгүп дыбырайт.  

Эске салып, алыс калган күндөрдү,  

Кулагыма жагымдуу сөз шыбырайт. 

 

Эске салчы, алыс калган элести,  



Ойлоп көрсөм: ашыптырбыз белести.  

Төгүп жаткан тунук жамгыр суулары,  

Биздин жаштык, биздин сүйүү эмеспи. 

 

Жүрөктүн кылдарынан чыккан күүдөн,  



Сездиңби же билдиңби сүйүү күчүн.  

Жамгыр болуп төгүлүп тургум келди,  

Кара көзүм, бир өзүңө жетүү үчүн. 


 

12 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

 

 

Аяздуу Ошумдун ак кары 

 

Алыстан угулуп жаңырасың,  



Жаштыктын алоо назик үнү.  

Аялуу сезимди калтырган,  

Аяздуу Ошумдун бир күнү. 

 

Ээрчишип, көчөңдө баскамын,  



Кечирдик жаштыктын дастанын.  

Апапак сүйүүбүз деп ойлойм,  

Аяздуу Ошумдун ак карын. 

 


 

13 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

Балалыкты эскерүү 

 

Жаз келгенде айылга мен көп барам,  



Барган сайын жаштыгыма кайрылам.  

Ойго түшсө шок мезгил ошондогу,  

Бала кыял күндөрдү эске салам. 

 

Кээде туруп, өзүм дагы таң калам.  



Көңүл көксөп, айылга эле көп барам.  

Келгин куштай туш тарапка учушкан.  

Курбуларды таппай калып кайгырам. 

 

Кайдасыңар бирге ойногон курбулар,  



Мөмөсү бар дарак болуп калдыңар.  

Оюнкарак балалыктын күлкүсү,  

Биз ойногон жашыл бактан угулар. 

 

Эх, балалык кыялыңды сагынып,  



Жүрөмүн мен бир сезимге кабылып.  

Бала бойдон калгым келет түбөлүк,  

Бая күнкү ак бантигим тагынып. 

 

Кыялданам, арт жагыма кайрылам,  



Көп күлүүдөн, көп сүйлөөдөн айбыгам.  

Көпөлөктөй бантигимдин ордуна,  

Жакында мен ак жоолукту салынам. 


 

14 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

_

 

 

Табигат бизге баарын тартуулаган 

 

Өмүрдө кечиргемин сүйүүнү мен,  



Жүрөгүм алоолонуп кыйноо тарткан.  

Өкүнбөйм аял болуп жаралганга,  

Табигат бизге баарын тартуулаган. 

 

Турмушта мүдүрүлүп, эч сынбаган,  



Күлүк ой курчап алып, көп кыйнаган.  

Муңайып, көздөн жашы төгүлсүн деп,  

Сыр ачпас сүйүүнү да тартуулаган. 

 

Байлыкты каалабайбыз басып жыйган,  



Бирөөгө жар болобуз багы ачылган.  

Болобуз наристенин апакеси,  

Табигат бул милдетти белек кылган! 


 

15 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

Арзуу 

 

Жаштык, сүйүү жылдарына эч ким тойбос,  



Ал күндөрүң жалынсаң да келе койбос.  

Көңүл түтпөй, арзуу жаздым, Көпөлөгүм,  

Учуп кеткен Чымчыгың- мен, кайра конбос. 

 

Ырга дагы, сөзгө дагы болуп сараң,  



Сен тарапка көңүлсүз кайра барам.  

Көздөрүңдөн бардыгын окуп турат,  

Эркелетип, өзүң сүйгөн Канарейкаң. 

 

Мезгилдин шашканына көңүл бурсаң,  



Өтүптүр алтын күндөр, каламын таң.  

Бакыт издеп, сабалап учуп жүрөт,  

Баягы өзүң сүйгөн - Канарейкаң! 


 

16 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

_

 

 

Өкүнүч 

 

Обону: Ибрагим Жунусовдуку. Т.Черикчиева аткарат. 



 

Сага деген мас жүрөгүм соолукту,  

Кеч болсо да, өз теңине жолукту.  

Ак жоолукту кыйгач байлап назданып,  

Мен өзүңө болбой калдым колукту. 

 

Мезгил деген өтүп барат карачы,  



Адамдын да өзгөрөт ой-санаасы.  

Күндүр-түндүр тынчсызданган апамдын,  

Болбой калдың эрке күйөө баласы. 

 

Апакеңдин болбой калдым келини,  



Болсо керек сүттөй аппак пейили.  

Аттиң, арман! Жаштык сырын чече албай,  

Бүтпөй калды махабаттын сейили. 


 

17 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

Жай айы бизге бакыт алып келдиби? 

 

Жашыл жоолук салынган жаз айьгада,  



Өзүмдү окшотомун ак кайыңга.  

Кайың сымал жүгүнүп, өткөн жайда,  

Келин болуп келгенмин бул айылга. 

 

Жамгырды, катуу суукту шамал жорткон,  



Ак кайың тура берет тоготпостон.  

Ыргалып мен да жашап келе берем,  

Кыялкеч үмүтүмдү жоготпостон. 

 

Кардай ак кездемеден көйнөк кийип,  



Жел жүрсө турат кайың башын ийип. 

Барсамбы жаратканга бакыт тилеп,  

Кайыңдай аппак шайы көйнөк кийип. 


 

18 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

20 жаш 

 

Обону: Айчүрөк Убайдуллаеваныкы. 

 

 

Жандап келет жолдош болуп бир санаалаш,  



Калыптанды эки жактуу бир көз караш.  

Өткөн күндү артка таштап, бет алдыма  

Салам айтып, кирип келди 20 жаш. 

 

Мезгил тулпар, баратасын кайда шашып,  



Мен өтөөрмүн бийик-бийик ашуу ашып,  

Учкан куштай мезгил да учуп өтсө,  

Жаштык кез да бараткансыйт менден качып. 

 

Сыртта жамгыр төгүп турат кар аралаш,  



Даяр турат төгүлгөнү көзүмдөн жаш.  

үмүт кылып, бул жашоодон бакыт издеп,  

Мен өзүндү күтүп жүргөм 20 жаш. 


 

19 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 

 

30 жаш 

 

Өмүрүмө бүл-бүл жанып чырагы,  



Отуз жаштын кирип келген убагы .  

Тополоңдуу кирип келди күттүрбөй,  

Алыкулдун боз ат минген курагы. 

 

Өтүптүр ээ.... 30 жылдык көз ирмем.  



Жаштык кетти, жакшы түштөй бир көргөн. 

Өмүрүң да көп барактуу китептей,  

Жылдар өтсө, барактары эскирген. 


 

20 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

_

 

 

Кырк жаштын белеги 

 

Кырк жаштын урматы деп кулагыма,  



Тагынгым келип турат күмүш сырга.  

Жыгылып, томолонуп, канча ыйлап,  

Зорго чыктым кырк деген ушул кырга. 

 

Келип кырк жаш, турасың кайда шашып,  



Албай коем белегиң кантип качып.  

Мага белек тартуулап кырк жаш келдиң,  

Саамайыма беш-алты бубак чачып. 

 

Мейли келгин мен күткөн кырчын кырк жаш,  



Мейманымсың үйүмдө көпкө турбас.  

Он жылдан соң мен сени сагынармын,  

Жакшы күндү тартуула эстен чыкпас. 

 

Кычыраган карда тосом сени кырк жаш! 



 

21 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

Жалгыздыктын ыры 

 

Бир денеде жайгашкан чүкө жилик,  

Бөкөлчүдөн сурасам жайын билип.  

Устуканга айланып, тартылганча,  

Жалгыздыкты билишпейт экөө туруп. 

 

Көптүктү түзүшсө да бир топ чүкө,  



Билдирбей «алчы» турат каада күтө.  

Жалгыздык ырын ырдап турушкансыйт,  

Түгөйлөрүн издешип оң, сол чүкө. 


 

22 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Эжем 

 

Уйкусуз күндөрдү күзөткөн,  



Апам да мээримин тең төккөн.  

Атамдын бактылуу үйүндө,  

Балалык күнүбүз бир өткөн. 

 

Көңүлгө бек сактап келемин,  



Мен деген түйшүгүн эжемин.  

Бой жетип калсам да, өзүңө,  

Дагы эле эркелей беремин. 

 

Не деген күндөрлү кечирдим,  



Сүйрөлүп аргаңды кетирдим.  

Бакыттан, байлыктан жолу жок,  

Карыздар сиңдиңди кечиргин! 

 

Акылдан, бакыттан кеч калган,  



Кем акыл сиңдиңди кечиргин! 

 

23 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



Тагдырдын талдоосу 

 

Толкун сызык, түз сызык, үзүк сызык,  



Жаңыласың, туура деп кээде сызып.  

Аныктайсың, толуктап, бышыктайсың,  

Талдап жүрүп, өтөсүн жашоо кызык. 

 

«Эмне болду?», - деп коюп карап турат,  



Ыйлатат же күлдүрүп, сайран курат.  

Сөз өзгөртчү мүчөнү коюп алып,  

Тагдырымды өзгөрткүм келип турат. 

 

Суроо бербейм, болду эми чекит коем,  



«Өзүмдөгү кемчилдиктин баарын жоем»  

-Деп айтсам да, кайра эле көп чекит бар... 

 Аягына жете албай, үтүр коем. 

 

Тизилишкен күндөр көп тамгалардай,  



Кууш жолдо барасың жол табалбай.  

Дирилдейсиң, шуулдап, түгөйсүзсүң,  

Жүрөгүнө бирөөнүн от жагалбай. 


 

24 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

___________________________________________________________________

 

 

Кош данек. 

 

«Кош данек» деп аты айтып тургандай,  



Түгөйлөштүк данектерден калгандай.  

Жеңилгенге кайыл болуп экөөбүз,  

Неге ойлонбой мелдештик биз буйдалбай. 

 

Түгөй данек бири-бирине жарашып,  



Турган үчүн ойнодукпу адашып.  

Бир көйнөккө мелдештирип азгырган,  

Кош данектей жүрөлүчү жарашып. 

Тагдыр татаал, жанаштырбайт, таябыз, 

Жеңилгим жок, кээде күйүп  - жанабыз. 

Бул оюндан калгым келди жеңилип,  

СИЗди аядым, СИЗ да мени аяңыз! 


 

25 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

Алыс жак 

 

От жага албай кайнилерге жалынып,  



Өткөн күнүм: баарын эстейм сагынып.  

Жаштыгым да, бакытым да билинбей,  

Кеткен экен отун менен жагылып. 

 

Сөздөр бүтпөй, сүйлөшөбүз эзилип,  



Абысындар бир туутандай сезилип.  

Сөздөрүм көп, толуп-ташып төгүлөм,  

Азыр калсам мен силерге кезигип. 

 

Тагдырымды өзүм каалап багыштап,  



Жакын көрүп, каттап жүргөн алыс жак.  

Быйыл менден эч ким кабар албады,  

Узун жолдор баратабы алыстап. 

 

Тагдыр өзү татаал, сырдуу табышмак.  



 

26 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Айыл жана балалык 

Чаң көчө..., айлым-баарын эстейм, 

Сагынсам оюм жетип, өзүм жетпейм.  

Күлкүчү бир кызынды эстейсиңби,  

Өзүндөн турмуш куруп алыс кеткен. 

 

Мезгилден балалыктын күнүн сурап,  



Көз жашым төгүп турам, төгүп турам.  

Ал күндөрдүн бири жок, кайдасынар,  

А балалык кол булгап күлүп турат. 

 

Мал айдоочу жайтыбқз Орто-Мойнок 



Балалыктын изи калды сенде ойноп. 

Кол булгалап алыстан бара жаткан, 

Өткөн күндү сагынам азыр ойлоп. 

 

Мен азыр келинимин башка жайдын, 



Токтолдум, күлкүчү кыз болбой калдым. 

Айылды, балалыкты эстеп алып, 

Ыр жаздым, өзүмчө бир ыйлап алдым… 

 


 

27 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________



 

 

 

Өтүп кеткен студенттик күндөр ай! 

 

Эх, жаштык кез кыялыңды агынып,  



Жүрөмүн мен тагдырларга багынып.  

Кайра келгис студентик күндөр ай,  

Элесиңди тумар кылам тагынып. 

 

Аруу, назик кыздардын көздөрүнөн,  



Мөлтүрөгөн жаштыгым, сени көрөм.  

Саргайынкы сагыныч бешигине,  

Өтүп кеткен жаштыгым, сени бөлөйм. 

 

Өтүптүр жаштык күнүм кезиндеги,  



Өчүптүр опуу кыял сезимдеги.  

Убагында кадырыңа жетпедим,  

Кайран гана жаштыгым, кечир мени! 


 

28 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Элегия 

 

Обону: Түмөнбай Колдошовдуку. АКулбаева аткарат. 



 

Сагьгадынбы..? Мен да сагьгадым,  

Кусалуу бир күнгө кабылдым.  

Наалат айтып ушул тагдырга,  

Таарындынбы..? Мен да таарындым. 

 

Кыйналдынбы..? Мен да кыйналдым, 



Мүдүрүлүп, бирок сынбадым.  

Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,  

Ыйладыңбы..? Мен да ыйладым. 

 

Ыйладыңбы..? Мен да ыңладым, 



Өзүмдө-өзүм алдап кыйнадым. 

Жанга баткан жалгыздык ырын, 

Ырдадыңбы..? Мен да ырдадым. 

 

Сагындыңбы..? Мен да сагындым. 



 

29 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 




Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет