Атайын курстун максаты – студенттердин элдик педагогика жана анын адепт\\л\к идеалдары жън\ндъг\ билимдерин тереёдет\\ о



бет1/10
Дата06.01.2022
өлшемі337,42 Kb.
#13271
түріПрограмма
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   10

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
ПСИХОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫ


«БЕКИТИЛДИ»
Прот. №_____ «________» 2012-ж.

Каф.башчысы,

доцент Жолдошбаев Д.А._________


Кыргыз элдик оозеки чыгармалары жана окуучуларга адептик тарбия берүү


Атайын курстун жумушчу программасы



(ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистикасы факультетинин студенттери үчүн)





Курс _________ семестр ______________


Жалпы сааты ___________

Лекция _______________

Практикалык (семинардык) сабак __________

Лабораториялык сабак _____________

Зачет _______________


(семестр)

Экзамен _____________


(семестр)





Жумушчу программа КРдин жогорку кесиптик билим берүүнүн стандартына ылайык түзүлдү.



Планды түзгөн: _Умаров Т._____________________

Ош-2012
Түшүндүрмө
Атайын курстун максаты – студенттердин элдик педагогика жана анын адептүүлүк идеалдары жөнүндөгү билимдерин тереңдетүү, кеңейтүү о.э., психолого-педагогикалык жана методикалык курстарда толук кароого жетишпей калган этнопедагогиканын актуалдуу проблемаларын көрсөтүү.

Бул максат төмөнкүдөй маселелерди чечүүнү талап кылат:



  • кыргыз элдик оозеки чыгармаларындагы элдик педагогиканын тажрыйбаларын жана адептүүлүктүн идеалдарын пайдаланып азыркы мезгилдеги адептик тарбия берүүнүн теориясы жана практикасы менен студенттерди тааныштыруу;

  • кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүү жумуштарына студенттердин даярдыгынын туруктуу мотивациялык-баалуулук мамилесин өнүктүрүү;

  • окуучуларга адептик тарбия берүүнүн этнопедагогикалык маселелерин үйрөнүү боюнча анын фольклордук булактарынын үстүнөн студенттердин өз алдынча чыгармачыл ишмердиктерин уюштуруу;

  • окуучуларга адептик тарбия берүү боюнча фольклордук материалдарды топтоо жана этнопедагогикалык изилдөө жумуштарын жүргүзүүнүн билгичтиктерин калыптандыруу.

Атайын курс аталган маселелерди чечүү боюнча лекциялык, семинардык жана практикалык сабактар, илимий-изденүү жумуштары, педагогикалык практика мезгили үчүн атайын тапшырмалар каралган. Сабак оболу тиешелүү проблеманы теориялык негиздөө менен башталат, андан кийин докладдарды угуу, талдоо менен улантылат. Мындай кырдаалда студенттер теориялык ой жүгүртүү, фактылык материалдарды топтоо жана педагогикалык тажрыйбалык эксперименталдык жумуштарды жүргүзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Атайын курс боюнча сабактарды өтүүдө төмөнкүдөй психолого-педагогикалык жана методикалык талаптарды кармандык:



  • билимдердин илимийлүүлүгү жана жеткиликтүүлүгү; адептик тарбиялоонун билгичтиктерине жана навыктарына ээ болуудагы системалуулугу, удаалаштыгы жана бекемдиги;

  • элдик оозеки чыгармаларды өздөштүрүү процессиндеги таанып-билүүчүлүк, кызыгуу жана активдүүлүк; чыгармадан алынган билимдерди, билгичтиктерди жана навыктарды колдоно билүү;

  • адептик тарбиялык мүмкүнчүлүгү жогору фольклордук чыгармаларга багыт алуу; көркөмдүк деңгээлинин жогору болушу.

Атайын курстун программасы 30 саатка ылайыкталып түзүлгөн: алардын ичинен 14 сааты лекция, 10 сааты семинардык сабак жана 6 сааты практикалык сабак.


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   10




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет