Кыргыз республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия



Pdf көрінісі
бет1/19
Дата17.01.2017
өлшемі1,8 Mb.
#2098
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ 
МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КОМИССИЯ
Калия Кулалиева
ИШ КАГАЗДАРЫН
ЖҮРГҮЗҮҮ
Иш кагаздарынын түрлөрү
Негизги лексика, кеп үлгүлөрү 
Кыргыз тилинин грамматикасы
Жазуу эрежелери жана тыныш белгилери
Иш кагаздарын жазууга үйрөтүүчү көнүгүүлөр
Окуйбуз, угабыз, жазабызсүйлөйбүз, сүйлөшөбүз
 
Бишкек – 2013

УДК 651
ББК 65.050.9(2)2
 
К 90
Рецензенттер: Т. Маразыков, филология илимдеринин доктору, профессор;
 
  
 К. Добаев, педагогика илимдеринин доктору, профессор.
К 90  Кулалиева Калия
 
Иш кагаздарын жүргүзүү. Окуу куралы. – Б.: ___________ , 2013. – 224 б. 
 
 ISBN 978-9967-27-006-0
 
 Бул  окуу  куралынын  максаты  иш  кагаздарын  кыргыз  тилинде  жазууга 
үйрөтүү.  Китептин  жардамы  менен  кыргыз  тилин  билген,  иш  кагаздарынын 
лексика-грамматикалык,  стилистикалык    өзгөчөлүгүн  тереңирээк  өздөштүрүүнү 
каалагандар тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 
 
 Окуу куралы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөнгүсү келген 
мамлекеттик  жана  жеке  менчик  уюм,  мекеме,  ишканалардын  кызматкерлерине, 
жогорку окуу жайлардын студенттерине, атайы курстардын угуучуларына арналат.
К 1203020200-13
ISBN 978-9967-27-006-0
УДК 651
ББК 65.050.9(2)2
© Кулалиева К. О., 2013

3
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
КИРИШ СӨЗ
Окуу  куралынын  максаты  иш  кагаздарын  кыргыз  тилинде  жазууга  үйрөтүү. 
Бул  китептин  жардамы  менен  кыргыз  тилин  билген,  бирок  иш  кагаздарынын 
лексика-грамматикалык,  стилистикалык    өзгөчөлүгүн  тереңирээк  өздөштүрүүнү 
каалагандар тил үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 
Окуу куралы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү үйрөнгүсү келген 
мамлекеттик жана жеке менчик уюм, мекеме, ишканалардын кызматкерлерине, жо-
горку  окуу  жайлардын  студенттерине,  атайы  курстардын  угуучуларына  арналат. 
Иш кагаздарын туура жазууга үйрөтүү – окуу, угуу, жазуу, сүйлөшүү, граммати-
ка, орфография жана пунктуация боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү аркылуу ишке 
ашырылат.  Буга  ылайык  китепке  7  блоктон  турган  тапшырмалардын  түрлѳрү 
киргизилди.  Алар:  1.  Иш  кагазынын  түрү;  2.  Окуйлу;  3.  Грамматика;  4.  Жазуу 
эрежелери  (акыркы  сабактарда  тыныш  белгилери  берилген);  5.  Угалы;  6.  Сүй-
лөшөлү; 7. Жазалы. Ар тема түрдүү көнүгүүлөр, тексттер, аларга карата түзүлгөн 
тапшырмалар жана тесттик суроолор менен коштолот. 
Иш  кагаздары  боюнча  маалымат  берүүдө  Т.  Ахматов,  Т.  Аширбаевдин  «Иш 
кагаздары: мамлекеттик тилде иш жүргүзүү» (2001), Б. Жапарова, Н. Жусупованын 
«Мамлекеттик жана расмий тилдерде иш кагаздарын жана иш каттарын жүргүзүү» 
(2009), Б. Б. Жапарова, Ө. А. Калыеванын «Мамлекеттик жана расмий тилде иш 
жүргүзүү», С. Ибрагимовдун «Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү» (2006) 
деген  эмгектери  таяныч  булак  катары  кеңири  пайдаланылды.  Жазуу  эрежелери 
боюнча маалыматты берүүдө «Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин» (2009) соңку 
редакциясына таяндык. Окуу куралынын максатына ылайык, пунктуация боюнча 
маалымат  берүүдө  А.  Турсуновдун  «Кыргыз  тилинин  тыныш  белгилери»  (2002) 
деген эмгеги пайдаланылды.
Окуу  куралды  басмага  даярдоодон  мурун  бүгүнкү  күнгө  чейин  чыккан 
иш  кагаздарына  байланыштуу  эмгектер  менен  таанышып,  талдап,  практикада 
пайдаланып  көрүп,  иш  кагаздарын  жазууга  үйрөтүүдө  алардын  аталышын, 
бөлүнүшүн  жана  үлгүлөрүн  берип  коюу  менен  гана  чектелүү  жетишсиз  болору 
белгилүү болду. Муну тажрыйбанын өзү далилдеди. Ошондуктан иш кагаздарын 
кыргыз  тилинде  жүргүзүү  ишин  тездетүүнүн  практикалык  жагы  көбүрөөк  эске 
алынып, китепке стилди калыптандырууга, туура жазууга, лексика-грамматикалык 
материалды  өздөштүрүүгө  багытталган    көнүгүүлөрдү  иштеп  чыгуу,  киргизүү 
аракети көрүлдү.
Көнүгүүлөрдү иштеп чыгууда гезит жана интернет булактарына жарыяланган 
материалдар  пайдаланылды.  Китепке  элдик  жана  белгилүү  акын-жазуучулардын 
чыгармаларынан  алынган  материалдар  киргизилди.  Китептин  аягында  иш 

4
Калия Кулалиева
кагаздарына мүнөздүү сөздөрдүн жана кеп үлгүлөрүнүн кыргызча-орусча сөздүгү,  
китепте  кездешкен  кыскартылган  сөздөрдүн  тизмеси,  курсту  бүтүрүү  сынак 
тапшырмаларынын болжолдуу үлгүсү берилди.
Угуп түшүнүүгө багытталган материалдар СDге жаздырылып, китепке кошумча 
тиркелди.  Угуучулардын,  студенттердин  деңгээлине  ылайыктап,  угуп  түшүнүү 
тексттерин бир же эки жолу угузуу керек. Биринчи угуудан кийин бир аз убакыт 
берип (3-7 мүн.), андан кийин дагы бир угузуп, тапшырманы толук аткарууну талап 
кылуу максатка ылайык. Окуу куралынын укма материалдарынын текстин окуган 
филология илимдеринин кандидаты Элмира Тѳлѳкова, Рахат Мажитова, Аскатбек 
Мамадиев жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин, «Манас» радиосунун үн 
режиссёру Осмон Тулановго тереӊ ыраазычылык билдиремин. 
Жалпысынан  бул  окуу  китебиндеги  сабактар  72  саатка  ылайыкташтырылып 
берилди.  Окуу  китебиндеги  1  сабактын  максаты  окутуучунун  аудиторияны  ар 
тараптан таанып-билүүсүнө жана мугалим менен угуучу, студенттин ортосундагы 
байланышты бекемдөөгө багытталган.
Бул  китеп  менен  окутууну  баштоодон  мурун  кыргыз  тилин  билүү  деңгээлин 
аныктоочу сынак өткөрүү зарыл. Тил билүү деңгээлин аныктоо сынагынан өткөндөр 
«Иш кагаздарын жүргүзүү» курсунун программасын өздөштүрө алат.  
 
 
 Шарттуу белгилер:
 
 Маанилеш сөз (синоним) – //
 
 Каршы маанидеги сөз (антоним) – 

5
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
ИШ КАГАЗЫНЫН ТҮРЛӨРҮ
Иш кагаздары коомдун бардык чөйрөсүндө, чарбанын бардык тармактарында 
колдонулат. Иш кагаздарынын санынын, түрүнүн көп болушу алардын жогорудагы 
өзгөчөлүгүнө  байланыштуу  түшүндүрүлөт.  Коомдун  алга  жылышы,  саясий-
социалдык  абалдын  өзгөрүшү,  жаңы  түзүлүштөрдүн  пайда  болушу  менен  иш 
кагаздар мазмуну жана формасы боюнча өзгөрүүлөргө учурайт.
Иш кагаздарын классификациялоонун көп түрү бар. Алардын бири төмөнкүчө: 
1.  Берилген  сөздөргө  маанилеш  (//)  жана  каршы  (

)  маанидеги  сөздөрдү  туура  таап, 
жайгаштырыңыз.
чөйрө // 
 
 
 
 
көп 
колдон- //   
 
 
 
ички 
айырмалан- // 
 
 
 
жөнөкөй 
тышкы              татаал       пайдалан
өзгөчөлөн          аз              тармак
 
2.  Төмөнкү  сөздөрдүн  маанисин  түшүндүрүп  бериңиз.  Кайсы  сүйлѳмдү  кайсы  сѳз  менен 
байланыштырууга болот, түшүндүрүӊүз. 
жетекчи/   
 
Ѳткѳн чогулушка бири калбай катышкан эле.
калыптуу/  
 
Бул китептин башкалардан кандай айырмасы бар?
өзгөчөлүк/  
 
Иш кагаздары мазмундуу баяндоо ѳзгѳчѳлүгү боюнча 
 
 
 
 
үчкѳ бѳлүнѳт.
уюмдун мүчөлѳрү/ 
Ал ѳтѳ жоопкерчиликтүү адам.
Иш кагаздары
жаратылган 
орду боюнча
ички
жөнөкөй
ж
еке
өз
дүк
тышкы
та
та
ал
типтүү 
расмий
ка
лыпт
уу 
акимчилик- к
еңс
елик 
маселелердин 
камтылышы, 
мазмуну боюнча
мазмунду баяндоо 
өзгөчөлүгү боюнча
тиешелүүлүгү 
боюнча

6
Калия Кулалиева
4. Текст боюнча суроолорго жооп бериңиз.
А) Иш кагаздарынын бѳлүнүшүн схема боюнча айтып бериӊиздер?
Б) Иш кагаздары тиешелүүлүгү боюнча кандай түрлѳргѳ бѳлүнѳт?
 Окуйлу
1. Сөздөргө мүчөлөрдү улап жазыңыз.
Кыргыз тили курстары
Бишкек шаары........ көптөгөн мамлекеттик, жеке менчик билим берүүчү 
жана окуу-усул.......... борборлор бар. Ал борборлор.......чет тилдер менен катар 
кыргыз тилин үйрөнүү....... каалагандар үчүн атайы курс......... уюштурулган. 
Бул курстар........ иштин кызыкчылыгын көздө........ тажрыйбалуу адистер, тил 
үйрөтүүнү жаңы.......... гана кесип катары тандап алган жоопкерчилик.........., 
келечектен көптү үмүттөндүр........... жаш адистер эмгектенишет.
2. Берилген сөздөрдү мааниси боюнча туура келген боштукка толуктап жазыңыз.
(убакыттарга, кайсы, топторго, каражаттар, эске алынат, кызыкчылыктары, 
деңгээли)
Бул  курстарда  кыргыз  тилин  үйрөтүүдө  жана  .........................  (1) 
бөлүштүрүүдө  угуучулардын  тил  билүү  ..................................  (2),  жаш 
өзгөчөлүгү,  .............................  (3)  тилдерди  билгендиги,  ...........................(4), 
тилди  кандай  максатта  үйрөнүүнү  каалагандыгы  .....................................(5). 
Сабактар  угуучуларга  ыңгайлуу  болгон  ...............................  (6)  коюлуп,  алар 
окуу-методикалык ................................... (7) менен камсыздандырылат. 
3. Суроолорго жооп бериңиз?
А) Заманбап тил үйрөтүү борборлор кандай болушу керек? Сиздин талап-
тарыңыз.
Б) «Тил үйрөтүүчү курстардын кызыкчылыктарды эске алуусу» дегенди 
кандайча түшүнөсүз?
В) Угуучулардын тил билүү деңгээлин кандай жолдор аркылуу аныктасак 
болот? Бир нече жолун сунуштаңыз.
4. Текстти окуп, андагы маалыматты айтып бериңиз.
5. Белгиленген сөз жана сөз айкаштарынын маанисин чечмелеп, сөздүккө жазыңыз.
Иш кагаздарынын тилине коюлуучу негизги талаптар
•  окуяларды чындыкка дал келгидей так, туура, ачык-айкын чагылдыруу;
•  юридикалык жактан сабаттуу болушу;

7
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
•  тексттин ача пикирди туудурбашы;
•  с
ѳздѳрдүн бир гана мааниде колдонулушу;
•  ашыкча маалыматты камтыган с
ѳздѳрдү колдонбоо;
•  жеке пикирди, ички сезимдерди, аша чапкан кооз, 
ѳтмѳ маанидеги тилдик 
каражаттарды колдонбоо;
•  диалектилик с
ѳздѳрдүн, фразеологизм, архаизм, историзм, вульгаризм, жар-
гон, сленгдердин дээрлик колдонулбашы.
•  Жаңы  термин  же  кесиптик  сѳздѳрдүн  түшүндүрм
ѳсүн  кашаага  жазып 
берүү;
•  Кыскартылган сѳздѳрдүн жазуу эрежелерине ылайык колдонулушу;
•  Ойдун так, кыска, ырааттуу түрдѳ чагылдырылышы;
•  Сүйлѳмдүн жѳнѳкѳй түрүн пайдалануу сунушталат;
•  Иш кагазынын ар бир түрү ѳзүнчѳ синтаксистик түзүмгѳ ээ. Мисалы, арыз-
да жѳнѳкѳй сүйлѳмдѳр колдонулганы ыңгайлуу болсо, жобо, токтомдордо 
татаал сүйлѳмдѳр үстѳмдүк кылат.
 
 
 
 
 
6. Бош орундарга туура келген мүчөлөрдү толуктап жазыңыз.
Иш кагаздарынын бланкы
Кызмат иш кагаз.......... А4 (210х297) жана А5 (148-210) форматында бас- 
макана.......  басылып  чыгарылган  жана  МАМСТ  9327-60  талаптарына  
ылайык кел............ бланктарга даярдалат. Айрым учур....... А3 форматын кол-
донуу........... жол берилет.
МАМСТ 6.38-90 боюнча бланктар.......... талаалары т
ѳмѳндѳгү........... : сол 
жагы – 20-35 мм, оң жагы – 8 мм, үстү жагы кеминде 10 мм, т
ѳмѳн жагы ке-
минде 8 мм.
7. Боштуктарга туура келген сөздөрдү жазыңыз.
Иш кагаздарынын аталышы жана жазылышы
Иш кагаздарынын аталышы баш тамгалар ...................... жазылат;
........................ кагаздарынын аталышы ташымалданбайт;
Иш  ..................................  аталышынын  аягына  чекит  коюлбайт.  Мисалы: 
   
 
 
 
АРЫЗ 
Эгерде иш кагаздарынын аталыштары узун ...................... кийинки сапка 
б
ѳлүнүп жазылат, бирок ташымалданбайт;
Текст  бир  жарым  интервал  ...................  терилсе,  тема  менен  тексттин 
................... үч интервал болот. 
Текст  эки  интервал  менен  жазылса,  тема  менен  тексттин  аралыгы  т
ѳрт 
болууга тийиш;
Эгерде текст к
ѳлѳмдүү болуп бир нече барактан ......................, ага номер 
коюлат;
Биринчи бетке номер коюлбайт, ....................... биринчи деп эсептелет.
...................... араб цифрасы менен барактын тѳмѳнкү оӊ жаккы талаадан 
10-15 мм ылдый аралыкта чекитсиз жана сызыкчасыз коюлат (Исманкулова 
А, 2012:).

8
Калия Кулалиева
8. Сөздөрдүн катарын туура толуктаңыз.
Кыргыз  тил,  кайталаңыз,  райондук,  мугалим,  келишим,  тажрыйбалуу, 
өчүргүч
жазыңыз, аткарыңыз, угуңуз /…………………………………………
окутуучу, агай, эже / …………………………………………………...
мамлекеттик, областтык, республикалык / ………………..................
жоопкерчиликтүү, өз кесибин сүйгөн, мыкты / ……………………..
калем, методикалык колдонмо, окуу китеби /………………………..
эне тил, чет тил, бөтөн тил / ………………………………………….
тил кат, арыз, протокол / ………………………………………………
9. Кыргыз тилин үйрөтүү борборунда иштеген эки адистин маегин окуңуз.
1-адис: Иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүнү өз кызматкерлерине 
үйрөткүсү келген уюмдун жетекчилиги тил үйрөтүүчү борборго конкреттүү 
иш кагаздарынын (кыргыз тилинде, болбосо, расмий тилде) үлгүсүн берип, 
ошонун негизинде атайы программа иштелип чыгып, андан соң тил үйрөтүү 
иши жүргүзүлсө, бул иш эки тарап үчүн тең пайдалуу болот. Себеби кайсы 
бир  тармакта  керектелген,  пайдаланылган  иш  кагазы,  башка  бир  тармакта 
пайдаланылбашы мүмкүн.
2-адис:  Андай  болбойт,  биз  ар  түрдүү  адистикке  байланыштуу  кыргыз 
тилин үйрөтүүчү окуу китебин даярдап отурмак белек. Андай кылууга шарт 
да, мүмкүнчүлүк да жок. Биз өзүбүздө болгон материал менен сабак өтүп, тил 
үйрөтө беришибиз керек.
Сиздин пикириңиз кандай? Кимисине кошуласыз? Себебин түшүндүрүңүз.
 Фонетика
Кыргыз тилинде 39 тыбыш, 36 тамга бар.
Үндүү тыбыштар – 14
а, э, о, ө, у, ү, ы, и, аа, ээ, оо, өө, уу, үү.
Үнсүз тыбыштар – 25 
б, в, г, г(ы), д, ж, дж, з, й, к, к(ы), л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.
Үндүү тамгалар – 12
а, э, о, ө, у, ү, ы, и, я, ю, ё, е.
Үнсүз тамгалар – 22
б, в, г, д, ж, з, й, к, л, м, н, ң, п, р, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ.
Ажыратуу (ъ), ичкертүү (ь) белгилери. 

9
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
Үндүү тыбыштардын бөлүнүшү
 
  
жоон үндүүлөр: 
 
 
 
эриндүү үндүүлөр:
 
  
а, ы, о, у, аа, оо, уу   
 
 
о, ө, у, ү, оо, өө, уу, үү
Тилге карай   
 
 
 
Эринге карай
 
  
ичке үндүүлөр: 
 
 
 
эринсиз үндүүлөр:
 
  
э, и, ү, ө, ээ, үү, өө   
 
 
а, ы, э, и, аа, ээ
 
  
кең үндүүлөр: 
 
 
 
 
кыска үндүүлөр:
 
  
а, э, о, ө, аа, ээ, оо, өө 
 
 
 
а, о, ы, и, у, ү, ө, э
Жаакка карай 
 
 
 
Айтылышына карай
 
  
кууш үндүүлөр: 
 
 
 
 
созулма үндүүлөр:
 
  
 ы, и, у, ү, уу, үү 
 
 
 
 
аа, оо, ээ, өө, уу, үү
Үнсүз тыбыштар
Жумшак үнсүздөр:   
 
 
 
Каткалаң үнсүздөр: 
б, в, г, д, ж, з, й, л, м, н, ң, р – 12   
 
к, п, с, т, ф, х, ц, ч, ш, щ – 10
Түгөйлүү үнсүздөр:  
 
 
 
Түгөйсүз үнсүздөр:
б-п, г-к, в-ф, д-т, ж-ш, з-с     
 
 
ж (жол), х, ц, ч, ш, л, м, н, ң, р, й
Уяң үнсүздөр:
л, м, н, ң, р, й – 6 
1. Туура окуңуз. Кыска жана созулма үндүүлөр.
[а] – [а:]   
 
[о] – [о:] 
 
 
[э] – [э:]
кар – каар    
 
ток – тоок    
 
эк – ээк 
мал – маал   
 
кон – коон    
 
тек – тээк 
алам – аалам  
 
ком – коом    
 
кече – кечээ 
тала – талаа    
 
бор – боор    
 
жекте – жээкте
[ө] – [ө:]   
 
[у] – [у:] 
 
 
[ү] – [ү:]
өн – өөн    
 
ук – уук  
 
 
үйү – үйүү 
көн – көөн   
 
улу – уулу 
 
 
үн – үндүү 
бүлө – бүлөө 
 
сук – суук    
 
түз – түзүү
жөнө – жөнөө  
 
тура – туура    
 
түш – түшүү
2. Тыбыштарды айырмалап окуңуз. 
[к – қ] 
 
[ж – җ] 
 
[г – ғ]   
 
[н – ң]
кыр – кир   
жак – Жак    
ага – газ 
 
өн – өң 
кыйын – кийим  жетем – жетон  
алган – берген  
көн – көң 
кайык – кийик   жараш – багаж  
толгон – билген  
өнөр – өңөр 
кыйыр – кийир   жанаш – муктаж  
угам – эгем    
анда – аңда 

10
Калия Кулалиева
3. Берилген сөздөрдү туура окуңуз.
Канат, каганат, менен, карай,  канааттануу, ага, доор, жардамдаш, жанар 
тоо, жери, жарым, жанр, жоолук, күү, туу, жөө, төө,жигит, жол, жетон, жака, 
жактыр, эки, шытыр-шытыр, көздөй, ашкабак, жандарм, жел, жарык, көтөр, 
дыбыр-дыбыр, сулуу, суулуу, ыраазычылык, кечээ, эх, бир миң тогуз жүз кырк 
беш,  караңгы,  бүгүнкү,  улут,  дарбыз,  булут,  көмүр,  аай-иий,  токсон,  өмүр,  
жана,  өс,    эч  ким,  жыл,  үрөн,  тез-тез,  уй,  пикир,  тууралуу,  күрөң,  кимдир 
бирөө, үч, ха-ха-ха, нааразычылык, жел, жыл, го, саркеч, карагат, үңкүр, ээр, 
дайында, жээн, ээн, жаңычылык, кылым, тарс-турс, чык, эртеңки, үй, эртең, 
бах,  терең,  баары, агым, дөбө, өзөн, узун, күз, каз, жаз, үркүн, көлөкө, эле, 
таң, заманбап.
4. Жогоруда берилген сөздөрдү сөз түркүмү боюнча топторго бөлүштүрүңүз. Кайсы сөздөр эки 
же андан ашык маанини берет, аныктаңыз.
Зат атоочтор: канат, ... 
 
Сырдык сөздөр: эх, ...
Сын атоочтор: сулуу, ... 
 
Тууранды сөздөр: шытыр-шытыр, ...
Сан атоочтор: үч, ...   
 
Кызматчы сөздөр:
Ат атоочтор: баары,...  
 
 
Байламталар: менен, ... 
Тактоочтор: кечээ, ...   
 
 
Жандоочтор: карай, ...
Этиштер: чык, ... 
 
 
 
Бөлүкчөлөр: го, ...
 Угалы
Угуңуз, суроолорго жооп берип, тапшырмаларды аткарыңыз.
1-кѳнүгүү. Суроолорго жооп жазыӊыз?
Тыбыш деген эмне? Тамга деген эмне? Алфавит деген эмне?
2-кѳнүгүү.  Укканыңызды  эстеп  калып,  жазыңыз.  Ким  канча  сөз  жазат?  Туура  жана  көп  сөз 
жазгандар жеңишке ээ болот.
3-кѳнүгүү.  Укканыңызды  эстеп  калып,  жазыңыз.  Ким  канча  сөз  жазат?  Туура  жана  көп  сөз 
жазгандар жеңишке ээ болот.
4-кѳнүгүү. Текстти угуп, тапшырмаларды аткарыңыз (Т. Сыдыкбековдун сөзү).
1. Жазуучу эмнеге капа болот?
А) жанталашып иштесек да, өнүкпөй жатканыбызга
Б) көп иштеп, көп пайда таппаганыбызга
В) көп сүйлөп, көп иштеп жатканыбызга
Г) аз иштеп, көп сүйлөгөнүбүзгө 
2. «Жел сөз»  дегендин мааниси.
А) ушак сөз
Б) калп сөз
В) кыска сөз
Г) жаман сөз

11
ИШ КАГАЗДАРЫН ЖҮРГҮЗҮҮ
3.  Жазуучу  сүйлөгөн  сөзүндө  көптөгөн  маанилеш  жана  карама-каршы  маанидеги  сөздөрдү 
пайдаланды, аларды дептерге жазыңыз.
4. Текст боюнча 2 суроо түзүңүз.
5. Жазуучунун пикирине кошуласызбы? Пикириңизди билдириңиз.
 Окуйлу
1. 1930-жылдарда жазылган иш кагаздарынын үлгүлөрү менен таанышыңыз.
Арыз
Ушуну  менен  төмөндө  өтүнөмүн.  Неге  десеңиз  мен  1926-27-окуу  жылында 
Ташкентте механикалык техникумдун 1-курсун окуп бүткөнмүн. Андан кийин сыр- 
коолоп калып, окууга барбай калдым. Азыр окууга талабым бар. Мүмкүн болсо 2 
жылдык мугалимдер институтуна кабыл алууңузду сураймын. 
7/VIII – 1928-жыл.
Справка
Берилди ушул справка Нарын кантону Кочкор болушунун күн батыш элинин 
адамы Бүбүя Өмүрбай кызына. Аның үчүн бул жолдош кедейдин баласы. Кайсы 
мектептен болсо да окууга акысы бар.
2/VIII – 1930-жыл. 
Баа кагаз
Берилди ушул баа кагаз жолдош Канымбү Баялы кызына аның үчүн бул жолдош 
жогорку Аларча айыл кеңешине караштуу Кашкабаш колхозунун алдына ачылган 
3-номурлуу мектебинин окуучусу. Алган маалыматы: төрт амалды, эне тилди толук 
билет. Үчүнчү классты бүтүрдү.
Мунун ырастыгына Кашкабаш артелинин баштыгы анык күбөлөндүрөт. 
22/V – 932-жыл. 
2. Берилген тексттердеги иш кагаздарына мүнөздүү сөз жана сөз айкаштарын бөлүп жазыңыз.
3. Жогорудагы иш кагаздарын азыркы кыргыз тилине ылайыктап жазып чыгыңыз.
 Сүйлөшөлү
1.  Иш  кагазын  кыргыз  тилинде  жүргүзүүнү  үйрөнгүсү  келген  Бермет  менен  Азаттын  маегин 
улаңыздар.

12
Калия Кулалиева
1-кырдаал:
Бермет: Мен иш кагаздарын кыргызча жазганды үйрөнөйүн деп, курстан курс-
ка бара берип башым айланды. Эч биринен натыйжа чыкпай жатат. 
Изат: А мен биринчи жолу келдим. Иш кагаздарын жазганды үйрөнүп, баш-
каларга да үйрөтүүнү каалайм. Анткени мен иштеген жерде кыргыз тилинде са-
баттуу жазган адистер саналуу гана. Бизге келип түшкөн каттын көбү кыргыз ти-
линде  болуп  жатат,  ошондуктан  мекемедеги  ар  бир  кызматкер  сабаттуу  жазууга 
үйрөнүшүбүз керек.
Бермет: ...
Изат: ...
2.  Турмушта,  кызматка  байланыштуу  көп  пайдаланылган  иш  кагаздары  жөнүндө  маекти 
улаңыздар.
2-кырдаал:
Улан: Жийде, силер жумушта кайсы иш кагаздарын көп жазасыңар?
Жийде: Биздин иште иш кагаздарынын көп түрүн окууга, жазууга туура келет. 
Мисалы, өтүнүч кат, баяндама кат, түшүнүк кат, акт, көрсөтмө, жазма буйрук жана 
арыз жазабыз. А силерчи?
Улан: ...
Жийде: ...
3. Макалдын маанисин чечмелеңиз.
Сөз атасы – ыр, сөз катасы – чыр.
 Жазалы
1. Суроолорго жооп жазыңыз.
Кечээ эмне кылдыңыз?
Бүгүн эмне кылып жатасыз?
Эртең эмне кыласыз?
2. Кабарларда айтылып жаткан жаңылыктарды жазыңыз.


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2   3   4   5   6   7   8   9   ...   19




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет