Колдонуунун улуу чебери



Pdf көрінісі
Дата03.03.2017
өлшемі81,14 Kb.
#5510

Ч. АЙТМАТОВ – КӨРКӨМ САЛЫШТЫРУУЛАРДЫ

КОЛДОНУУНУН УЛУУ ЧЕБЕРИ

АМАН КЫЗЫ БАКЫТГҮЛ,

ЧОРОБАЕВА Н.А.

biblionsu@rambler.ru

Ч.Айтматовдун «Бетме-бет» («Ала-Тоо» журналы 1957, №6) жана «Жамийла»

повесттеринин (1958-ж, № 8. «Новый  мир» журналы) жарыкка  чыгышы  менен

республикабызда, ошондой  эле  союзда  ар  түрдүү  көз  караштар, чоң  талкуулар  болгондугун

иликтөөлөрдөн  кабардар  болуп  келебиз. Акыйкаттык  үчүн  белгилесек  жазуучунун  оргуштап

атылып чыккан жаңы ойлору, көз карашы, трафареттик жолго түшүп алгандарга жаккан эмес.

Алар  найза  менен  сайгандай  кабыл  алышып, төбө  чачтары  тик  турган. Ошондой  бир  учурду

жазуучу  өзү  мындайча  эскерет. «Ошондо «классиктердин» бирөөнүн  сын  айткан  сөзүнө  бир

ирет  өз  кулагым  менен  күбө  болгомун. Эртеден  бери  жаш  жазуучуларды  эмгекчилдик  духта

тарбиялоо  жөнүндө  пикир  алыштык. Бирок  алар  жаңылыш  жолго  түшүп  алып, өзүлөрүнө

жаңылыш  пайдубал  түптөп, адабиятты  ууландырып  жатса  кантип  тарбиялайбыз? Өткөндө

командировкага  Ысык-Көлгө  барып  калдым. Бир  колхоздо  эмгекчи  элдин  талаада  кантип

иштегенин  көрүп, алар  менен  пикир алышып, жакындан  таанышкым  келген. Ошентип жолдо

кетип бара жатсам аркаман бир ат арабачан киши чыгып калды. Мен ага жол бошоттум. Ошого

карабай  арабакеч  атынын  оозун  тартты. Арабага  жакшы  аттар  чегилген  экен. Колхоздун

урматтуу  адамдарынын  бири  экенин  дароо  сездим. Ал  мага: «Эй, байкеси, каякка  бара

жатасың?», - деди. Мен болсо колхоздун эмгекчилеринин жумушу менен жакындан таанышуу

үчүн  талаа  станына  бараттым  эле  дедим.  «Аа,  мен  сизди  эми  тааныдым.  Сиз  баягы  баланча

деген  атактуу  жазуучусузбу?». Мен  дал  ошонун  өзүмүн  дедим. Келиңиз, арабага  отуруңуз.

Каяка  барсаңыз  ошол  жакка  жеткирем. Эмне  кааласаңыз  ошону  көргөзөм», - дегенинен  тиги

арабакечтин  жанына  отурдум. Бир  маалда  ал  мага  карап: «Сиз  жазуучусуз  да, Айтматовду

тааныйсызбы?», - деп  калды. Албетте  тааныймын  дедим  мен. Андай  болсо  ага  аны  аябай

токмоктоорумду  айтып  койчу  дейт. Эмнеге? – десем  ал  айтат: «Жамийла  жөнүндө

бирдемелерди  тантыраптыр. Эри  фронтто  жүрсө  башка  бирөө  менен  качып  кетет  имиш.

Ушундай  китеп  кантип жазылсын?» Мына  элдин пикири  мына  ушундай – деп  улантты  сөзүн

«классик» жазуучубуз. Мына, элден  уккандарымды  гана  сиздерге айтып  отурам. Мына, ошол

жазуучу азыр биз менен биерде. Тилекке каршы колубузда камчы жок. Жамийладан улам жей

турган  таягын  мен  азыр  берет  элем»,  -  деп  сөзүн  тамамдады.  Ч.  Айтматов  жооп  берген  эмес.

Бирок чындыгында мындай окуя менин көңүлүмдө өмүр бою калды [1, 122-123-бб.].

Жогорудагы  ойдон  көрүнүп  тургандай  катардагы  китеп  окурманы  эмес,

жазуучуларыбыздын  өздөрү  чыгармадагы  жаңычылдыкты, мезгилдин  агымын, жаштардын

талабын  түшүнө  алышкан  эмес. Ушундай  эле  көз  караштагы  ойлор «Бетме-бет» повестине

карата  да  айтылган. Ысмайылдын  качып  кетиши, өз  башынын  кызыкчылыгын  көздөгөндүгү,

уурулугу бутага алынып, таалим-тарбия берүүчү чыгарма эмес дегенге чейин жеткенбиз. Азыр

Ч.Айтматовдун  чыгармалары  ЮНЕСКОнун  каттоосунда  дүйнө  элдеринин 176 тилине

которулуп, 80 миллиондон  ашык  нускада  жарык  көрүп, жер  шаарынын  миллиарддаган

окурмандарын  тейлеп  жаткандыгы  жогорудагыдай  айтылган  сындарга  жооп  болот  го.

Ч.Айтматовдун  дүйнөлүк  кадыр-баркы  жөнүндө  композитор  М.Бегалиев  төмөндөгүдөй  оюн

билдирет: «Москва  шаарындагы  Колонналык  союздар  үйүндө өткөн  азербайжан  элинин  улуу

акыны Низами Гянджевинин 840 жылдык мааракеси болсо керек эле. Ошого жаш композитор

катары мага чакыруу келип, катышкан элем. Президиумдан дүйнөлүк эң улуу таланттар орун

алып  жатышты. Чыңгыз агабыз  ал  жакка  карай  көтөрүлүп  бара жатканда  эле  шатыра-шатман



кол чабылып турду. Ал эми сөз берип жатышканда бардыгынын тең наамдарын чыпчыргасын

койбой  атап  турушту.  Ал  эми  агабызга  келгенде  алып  баруучу  кыска  гана  сөз  жазуучу

Ч.Айтматовдо  деп  койгондо  бүт  зал  ордунан  тике  туруп  бир  топко  чейин  кол  чабышты.

Ошондо  мен  кийимиме  батпай, төшүмдү  керип, кыргыз  болуп  төрөлгөнүмө  кудайга  миң

мертебе ыраазы болгон элем» [2].

Чындыгында Ч.Айтматовдун дүйнөгө белгилүү улуу жазуучулардын алдыңкы сабында

тургандыгын  бүгүнкү  күн, турмуштун  чындыгы  далилдеп  келе  жатат. Айтматовдун

артыкчылыгы турмуш-жашоо көрүнүшүн эч жасалгасыз, көркөм сөздүн күчү менен окуяларды

күчтүү  сезим-туюмдардын  алкагында  кыска  жана  нуска, так-таасирдүү, жеткиликтүү  бере

алгандыгында. Дагы  бир  өзгөчөлүгү  окуяларды  сүрөттөөдө  же  кейипкердин  бейнесин  ачууда

жасалмалуулук, үстүртөн  сүрөттөө, көп  сөздүүлүктүн, тажатмалуулуктун  жоктугунда.

Көптөгөн каршылаштар Жамийланы кыргыз салтын бузуп кетти деп айыптоого, авторду элдик

нарк-насилди билбеген европалык ой жүгүртүүдөгү адамга чыгарып «талкалоого» багытталган.

Бул пикирге каршы окумуштуу К.Асаналиев өз оюн төмөндөгүчө билдирген: «Бул анчейин эле

чоң  үйдүн  же  кичүү  үйдүн  жол-жоболорун  бузуу, же  жөн  эле  никелүү  күйөсүн  таштап  кетүү

эмес.  Эгерде  повесть  никелүү  күйөсүн  таштап  кеткен  аял  жөнүндө  гана  болсо,  анда  ал  ошол

темадагы  жазылган  чыгармалардын  карандай  туурандысы  болмок. Ачыкка  биринчи  чыгыш,

андан  кийин  артынан «издеп  келиш» бул  Жамийланын  гана  колунан  келет. Жамийла  ата-

салтын  тебелеген  жок,  бул  жердеги  автор  алып  чыккан  башкы  нерсе  –  сүйүү  эркиндиги,

сүйүүнүн күчү, анын көзү көрбөс керемети» [3, 152-б.].

«Жамийла» элүүнчү жылдардын аягындагы кыргыз прозасынын көркөмдүк өнүгүшүнө

жаңы  багыт  ачты. Бул  кыргыз  эпосунун  кайрадан  жаралышы, ренессансы, башкача  айтканда

кыргыз  эпосунун  жаңы  доорунун  башталышы  экендигин  белгилүү  орус  окумуштуулары,

сынчылары дагы белгилешкен. Жазуучу, окумуштуу-академик катары адабият теориясын терең

өздөштүргөндүгү  жана  аны  натыйжалуу  пайдалана  билгендиги  ар  бир чыгармасында  ажайып

көрүнүп  турат. Бул  оюбузду  бекемдөө  максатында  жазуучунун  Жамийла  повестинде  көркөм

салыштырууларды кандайча колдоно билгендигин мисал тартып көрөлү.

1. Мүмкүн  ошондо: «Жеңе  коруйт  десе  ушинте  бересиңби  кичине  бала. кызыксың  да  анан,

көңүлүм бузулса миң коругула, мен чабырадагы чымчык эмесмин да» [4, 200-б.]. (Чабырадагы

чымчык. 200-бет. Ч Үзүндү мисалдар ушул томдон алынды)

2.  Коруп  алар  эч  кимиси  жоктой  көп  эле  сугалактай  бербегиле  дегенчелик  кылып,  алардын

сөзүн  бөлүп, эпсиз  какшыктап, эң  акыркы  сөзүнөн  теке  улакчасынан  кыйшайып  кабактын

астынан үтүрөйө тиктейм. (Сүзөнөк теке улакчасынан, 200-бет.)

3. Наркы  өйүздө  казактын  боз  адыр  белесинде  от  жагылган  тандырдын  оозундай  алоолонуп,

билинер-билинбес  мелт-калт  ылдый  чөгүп, жерге  күүгүм  чакырып, асмандагы  борпоң

булутчаларды  кызыл  сур  түскө  боёп, талыкшып  албырган  күндү  Жамийла  алаканын  көзүнө

калкалап, ошол  жакта  кандайдыр  бир  сонун  көрк  ачылып  келе  жаткансып, муңайым

күлүмсүрөп карап турду. ( салыштыруу кеңири колдонулган. 202-бет).

4. Сен жанакыны оюңа албай эле кой, кичине бала деп койду. Ушул  Осмонго  окшогондор да

кишиби? Дөбөттөр да ал бир. (Дөбөттөр да ал бир. 202-бет)

5. Колхоздун талаада берген ысык оокаты болбосо тим эле тентип эле кете турган неме, өзү да

кудайдын бос кою дешип аяп жүрүштү. (Бос кою. 211-бет)

6. Оо, узундуу-кыскалуу болгон кайрандар десе! Издешпей табышкансыңар го! Ай ким, Данияр

белең? Карааның эркек эмеспи жол башта – деди. (Узунду-кыскалуу деп салыштырса, карааның

эркек эмеспи-шылдың иретинде. 212-бет)

7. Ой, айланайын  кең  талаам! Казак  боордошум  жердеген  алп  талаам. Курумшунун

үзүндүлөрүндөй  карайган  төө  жалбырактын  сыныктарын  шамал  алда  кайсы  жерден  жол

үстүндө айдап келип жатты. (Кең, алп, курумшунун үзүндүлөрүндөй. 247-бет)

8. Акактап  күйүккөн  шамал  талаадан  жулунуп  келип, саманды  уйгу-туйгу  сапырыштырып,

кырмандын  четинде  кыңырыла  түшкөн  боз  үйгө  бир  тийип, жол  менен  сабалап  куюндады.



Чагылгандар булуттун арасына көгүлтүр жалын ойнотуп, карагай сыныгындай кургак чатырап

күн күркүрөдү. (салыштыруу кеңири колдонулган, 249-бет)

9. Бүркүтүм! Шаңшыган  бүркүтүм! Бери  болчу, көзүңдү  көрсөтчү. О, шаңшыган  бүркүтүм!

Жаан күчөп келди. Шамал учурган үйдүн үзүгү кулаалы канат каккандай далбаңдай жулунду.

Кызгалдактын  жазгы  өртүндөй, жалын  алган  чагылгандар  тоо  боорлоп, төш-төшкө  жайкады.

(Шаңшыган бүркүтүм, кулаалы канат, кызгалдактын жазгы өртүндөй 250-бет)

10. Жайы менен жайлоодо түтүнгө ышталган жылкычылардын үйлөрү азыр чоң сайдын буурул

тарткан  чабындысында  тигинде-мында  карайып, ак  элечек, ак  көйнөк  кийгендей  түтүндөр

чамгарактап, этек-жеңин  чубалжытып  той  тойлогон  аялдардай  айылма-айыл  көпкөлүшөт.

(Кеңири салыштыруулар колдонулган. 252-бет)

11. Күз  ушинтип  эле  жакшылыгын  алып  туруп  алган  жок. Көп  кечикпей  кара  жел  жүрдү,

асмандын иреңи бузулуп, кар аралаш жаан башталды. (Кара жел. 252-бет)

Келтирилген  мисалдардагы  салыштыруулар  жазуучунун  сөз  байлыгынын  кенендигин,

турмушту  терең  билгендигин  ачык-айкын  көрсөтүп  турат. Китеп  окурман  жазуучунун

чеберчилигин  сезе  билгенде  гана  сөз  кудуретине  кандай  басым  жасагандыгын  туйганда  гана

анын  талаптарына  баа  берет,  таазим  этет.  Ансыз  жөн  эле  окуп  кетүүдөн  эч  нерсе  жукпай,

түшүнүгүндө  айрым  бүдөмүк  ой  пайда  болуп  калат. Жамийла  повести  кыргыз  кыйырынан

чыккан  элдик  тарбиялык  салттардын  алкагындагы  турмуш  чындыгын  жана  адамдардын

аракеттерин  көрсөткөндүгү  менен  эстетикалык  жактан  болсун, поэтикалык  жактан  болсун,

таалим берүүчүлүк жактан болсун улуттук маданиятыбыздын туу чокусунда болмокчу.

Пайдаланылган адабияттар:

1. Айтматов Ч. Балалыгым. Стамбул -2003

2. Жетиген журналы, 2012-ж, 12-май, №5

3. Асаналиев К Көркөм нарк. Фрунзе 1988



4. Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдук жыйнагы. 1-том. Б; 2008


Достарыңызбен бөлісу:




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет