Клетка-тирүү организмдердин түзүлүш жана тиричилик бирдиги!
Өсүмдүктөр жана жаныбарлар клеткасын айырмалоочу белгилер
Белгилери
Өсүмдүк клеткасы
Жаныбар клеткасы
Пластидалары
Хлор-хромо-лейкопласттар
Жок
Тамактануу жолу
Автотрофтук (фото- жана хемотрофтук)
Гетеротрофтук (паразиттик, сапротрофтук)
АТФнын синтези
Хлоропластта
Митохондрияда
Митохондрияда
АТФнын ажырашы
Хлоропластта, керектүү жерде
Энергия керек болгон жерде
Клеткалык борбор
Төмөнкү өсүмдүктөрдө
Бардык клеткада
Мембрана
Целлюлозалык
Белок-липиддик
Микроскоптун тарыхы Биринчи микроскопту жасаган / Микроскопту конструкциялаган
Клетканы изилдөө тарыхынан
1781-ж. Ф.Фонтан 1чи жолу жаныбарлардын клеткасын ядросу менен көрүп сүрөтүн тарткан.
XIX к. 1чи жарымында Р.Броун өсүмдүк клеткасынан тыгыз түзүлүштү (1830) көрүп, бул«туруктуу структура»деп «ядро-nucleus» терминин, Ян Пуркинье жаныбарлардын ар түрдүү органдарынын клеткасынан клеткалык ядрону жазып, калган бөлүгүн «протоплазма» деп атап илимге киргизген.
1838-1839-ж.М.Шлейден «өсүмдүк» жана Т.Шванн «жаныбар клеткасын изилдеп, организмдердин тканынын негизин ядросу бар клетка түзөт»деп клеткалык теориянын жоболорун формулировкалашкан.
Клетканын бөлүнүшү ачылып 1858-ж. Р.Вирхов клеткалык теорияны өрчүтүп, ар бир жаы клетка баштапкы-энелик клетканын бөлүнүшүнөн пайда болоорун далилдеген жана «клетка туруктуу структура жана көбөйүү жолу менен өзүнө окшошту пайда кылат» деген.
Карл Бэр сүт эмүүчүлөрдүн жумуртка клеткасын ачып, көп клеткалуу организмдердин бардыгы «зигота «деп аталган бир клеткадан өнүгөөрүн далилдеген. «Клетка бардык тирүү организмдердин өрчүшүнүн бирдиги» деген.