аккаңкы eyerin bir türü К1:229-27, К2:62-58, 148-7, 243-44,
О3:287-27 а.га К3:201-17, К4:13-94, 124-49, 187-29
а.ны К1:65-10, 176-90, 189-110, К2:62-61,
К5:66-95, 69-64, 257-14 а.нын К3:42-68, 100-52, К4:89-14, 96-66, 123-61.
Мында ээрдин бир түрүн билдирген аккаңкы сөзү эпос текстинде өз алдынча сөздүктөгү
турпатында да, -га, -ны, -нын мүчөлөрү уланган жөндөмө формаларында да
колдонулгандыгы ачык көрүнүп турат. Ал эми бул формалардын даректери мындайча
чечмеленет:
а) кош чекитке чейинки К тамгасы Саякбай Карала уулунун, О тамгасы Сагымбай
Орозбак уулунун вариантын билдирсе, андан кийинки сан варианттын канчанчы тому
экендигин билдирет,
б) сызыкчанын сол жагындагы сан бет номурун, оң жагындагы сан сап номурун көрсөтөт.
Эми өйдөкү беренге сереп салсак, анда, маселен, аккаңкы сөзү ушул турпатында
Саякбайдын Каралаевдин 1-томунун 229-бетиндеги 27-сапта, 2-томунун 62-бетиндеги 58-
сапта, 148-бетиндеги 7-сапта, 243-бетиндеги 44-сапта, Сагымбай Орозбак уулунун 3-томунун
287-бетиндеги
27-сапта колдонулгандыгы айкын болот. Аталган сөздүн калган
формаларынын кайсы даректерде кездешкени ушундай эле жол менен тастыкталат.
Иштин жогоруда белгиленген этаптарын ишке ашырууда кыргыз жана түрк
лексикографиясынын калыпташкан салттары эске алынып, бул багытта аткарылган
изилдөөлөр жана сөздүктөр кеңири пайдаланылды. Ошону менен катар эпостун сөз
байлыгын мүмкүн болушунча толук каттоо максатында орфографиянын эски нормаларынан
четтеп, 2002-жылкы кыргыз тилинин жазуу эрежелеринин жаңы редакциясы сунуштаган
нормаларга артыкчылык берилди.
Ошентип, сөздүктү түзүүдө төмөнкү жоболор жетекчиликке алынды:
1. Сөздүккө чыгарылган сөздөр алфавит тартибинде жайгаштырылып, алардын маанилери
түркчөгө которулуп берилет.
2. Кош сөздөр өзүнчө сөз катары сөздүккө чыгарылып, алфавит тартибинде эмес, биринчи
түгөйүнүн уясынан кийинки катарда берилет. Мисалы: