Нускалар
Манас
Семетей
Сейтек
Бардыгы
Сагымбай
180 378
-
-
180 378
Саякбай
84 830
218 787
196 936
500 553
Шапак
24 588
42 338
14 718
81 644
Тоголок Молдо
53 045
24 390
-
77 435
Багыш
141 147
67 704
5 594
214 445
Молдобасан
57 718
43 102
2 760
103 580
Ибраим
3 731
23 364
7 839
34 934
Мамбет
106 002
52 059
43 333
201 394
Шаабай
8 368
-
3 842
12 210
Жакшылык
-
52 136
145 959
198 095
Мамбеталы
26 952
-
-
26 952
Ыса
-
14 763
-
14 763
Жаңыбай
19 445
66 454
-
85 899
Бардыгы
706 204
сап
605 097
сап
420 981
сап
1 732 282
сап
Ал заманыбыздын залкар жазма манасчысы атанган жана кытайлык кыргыздардын өкүлү
болгон Жусуп Мамай атабыз тарабынан жазылган Манастын сегизилтиги 200 миңге жуук ыр
сабынан турат экен. Демек, жакынкы биздин максат – корпустук лингвистиканын
161
жетишкендиктерине таянуу менен «Манас» эпосунун улуттук корпусун түзүү жумушун
колго алуу.
«Манас» эпосунун академиялык басылышын басмадан чыгаруу иши толук бүткөрүлбөй,
учурда улантылып жаткандыктан, улуттук корпуска улуу манасчыларыбыз Сагымбай
Орозбак уулу менен Саякбай Карала уулунун мурда жарык көргөн варианттары киргизилди.
Алар төмөнкүлөр:
Сагымбай Орозбак уулу. Манас. 1 китеп. Ф: Кыргызстан, 1978.
Сагымбай Орозбак уулу. Манас. П китеп.Ф: Кыргызстан, 1980.
Сагымбай Орозбак уулу. Манас. Ш китеп. Ф: Кыргызстан, 1981.
Сагымбай Орозбак уулу. Манас. IV китеп. Ф: Кыргызстан, 1982.
Cаякбай Каралаев. Манас. I китеп. Ф: Кыргызстан, 1984.
Cаякбай Каралаев. Манас. II китеп. Ф: Кыргызстан, 1986.
Cаякбай Каралаев. Семетей. I китеп. Ф: Кыргызстан, 1987.
Cаякбай Каралаев. Семетей. II китеп. Ф: Кыргызстан, 1989.
Cаякбай Каралаев. Сейтек. Ф: Кыргызстан, 1991.
Буга кытайлык манасчыбыз Жусуп Мамай тарабынан жазылган нускасы (Манас. Шинжаң
эл басмасы: 2004, 1782 б.) кошумчаланды.
Ошентип, корпуска жүктөлгөн өйдөкү текстердин негизинде эпосто катталган сөздөрдүн
грамматикалык формаларынын толук тизмесин түзүү, ар бир сөздүн грамматикалык
формаларын ошол сөздүн уясына бириктирүү, сөздүктө камтылган бардык бирдиктерди
алфавит тартибинде жайгаштыруу, сөздүн лексикалык маанилерин түркчө которуп берүү, ар
бир сөз менен анын бардык грамматикалык формаларынын кайсы вариантта, канчанчы
бетте, кайсы сапта колдонулгандыгын тастыктаган даректерин көрсөтүү иштери аткарылды.
Демек, мындай сөздүк эпостун китеп түрүндө даярдалган маалымыттар банкы, алфавит
тартибинде жайгаштырылган сөз аркылуу текстке чыгуучу ачкычы катары кызмат кылып,
кыргыз элинин тарыхын, улуттук тилин, этномаданиятын, этнографиясын, менталитетин,
мифологиясын, философиясын, фольклорун, этнопедагогикасын, ата мурастарын, нарк-
дөөлөттөрүн изилдөөгө өбөлгө түзүп, көмөк көрсөтөрү анык.
Сөздүк түзүү үчүн тандалып алынган Сагымбай менен Саякбайдын текстери корпуска
жүктөлгөн соң түпнускадагы ар бир бет көрсөтүлүп, ар бир сапка катар номур ыйгарылды.
Бул, алибетте, сөздүктөгү сөздөн текске чыгуунун төтө жолу.
Иштин экинчи этабында тексте кездешкен ар бир сөз формасы жалпы тизмеде алфавит
тартиби боюнча жайгаштырылып, бардык тексте колдонулган даректерине улам шилтеме
берилип туруу аркылуу эпосто колдонулган сөз формаларынын алфавит тартибиндеги
тизмесин түзүү жана ал тизмедеги ар бир сөздүн дарегин көрсөтүү менен аяктады.
Иштин үчүнчү этабында лематизация маселесин чечүү максаты көздөлдү. Лематизация
деп компьютердин жардамы менен текстеги сөздү (= сөз формасын) анын сөздүктөгү
турпатына (= лексемага, сөзгө) келтирүү процесси аталат. Бирок, тилекке каршы, кыргыз
тили боюнча лематизатор алигиче жасалбагандыктан, текстеги сөз формасын сөздүктөгү
турпатына келтирүү ишин кол менен жасоого туура келди. Бул ишти аткарууда ар кандай
тыбыштык өзгөрүүлөрдөн улам бир сөздүн ар башка грамматикалык формалары алфавит
тартиби боюнча катар жайгашпай, жалпы тизменин баш-аягына чейин чачылып кеткен
учурлар арбын кездешти.
Аларды бир уяга топтоо көп эмгекти жана убакытты талап этти. Маселен, азап сөзүнүн
азабы, азабым, азабын сыяктуу формалары азада, азазил, азай-, азамат, азан сөздөрүнүн
уясынан, ак- сөзүнүн агып, агыптыр сыяктуу формалары адам, адат, адаш, адис, ажар,
азан, азил, азоо, айбан сөздөрүнүн уясынан мурда келет.
Ошентип, текстеги сөздү сөздүктөгү турпатына келтирүүдө бир сөздүн ар башка
грамматикалык формалары бир жерге топтолуп, сөздүн мааниси түркчөгө которулуп,
кийинки сапта сөздүн өзү баш тамгасына чейин кыскартылып, баш тамгадан кийин чекит
коюлуп, сөздүн грамматикалык формаларын уюштуруучу мүчө же мүчөлөрдүн айкашы
алфавит тартибине келтирип, андан соң булардын баарынын колдонуш даректери
162
көрсөтүлүп берилди.
Буга мисал кылып аккаңкы сөзүнүн төмөнкү беренесин келтирүүгө болот:
Достарыңызбен бөлісу: |