Бишкек 2019 кыргыз тили


Текстти инсерт ыкмасы менен окугула



Pdf көрінісі
бет143/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   139   140   141   142   143   144   145   146   ...   233
Текстти инсерт ыкмасы менен окугула
Жогорку окуу жайлар – орто билимдин жана атайын орто билим-
дин негизинде терең пайдубалдуу билимге ээ жогорку квалификациялуу 
атайын адистерди даярдоочу окуу-тарбия мекемелери. 
Жогорку окуу жайлар көп тармактуу жана көп баскычтуу билим берет. 
Алар негизинен университеттер, адистештирилген институттар, акаде-
миялар ж. б. Университтер жогорку даражалуу жана квалификациялуу 
окутуучулар, профессорлор менен камсыз болушуна жараша илимдин 
бакалаврдык, магистрдик, кандидаттык жана докторлук даражаларын 
берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары өнөр жайдын, маданияттын 
жана коомдук жашоо-тиричиликтин ар кандай тармактары боюнча ади-
стердин квалификациясын өркүндөтүү иштерин да алып барат. Алгачкы 
жогорку (философиялык) мектептер б. з. ч. III–V кылымдарда Афины 
менен Римде пайда болгон. Грузиядагы биринчи жогорку мектептер 
Колхида (IV кылым), Икалто, Герм, Гелати (XI–XII кылымдар) академия-
лары. XIII–XIV кылымдарда Батыш Европанын бир катар шаарларында 
университеттер ачылган. 1579-жылы Вильнюс академиясы, 1632-жылы 
Киев-Могилян академиясы, 1661-жылы Львов жана 1669-жылы Загреб 
университеттери, 1687-жылы Москвада Славян-грек-латын академиясы 
уюштурулган. 1725- жылы Петербург академиясынын алдында Академи-
ялык университет, 1755-жылы М. В. Ломоносовдун демилгеси боюнча 
Москва университети негизделген. IX кылымдын аягы XX кылымдын 
башында ири машина индустриясынын өнүгүшү менен университеттер, 
инженердик жана башка тармактык институттар көп өлкөлөрдө ачылган. 
Кыргызстанда ЖОЖ Улуу Октябрь революциясынан кийин пайда 
болгон. Кыргыз ССРинде биринчи ЖОЖ Кыргыз мамлекеттик педагоги-
ка институту 1932-жылы Фрунзеде ачылган. 1933-жылы Зооветеринария 
институту ачылып, 1938-жылы Айыл чарба институтуна айландырылган 
(И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университети). 1939-жылы сен-
тябрда Фрунзеде Кыргыз мамлекеттик медицина институту (И. Ахунбаев 
атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы), 1939–40-жылы Ош 
(Ош мамлекеттик университети) жана Пржевальск (К. Тыныстанов атында-
гы Ысык-Көл мамлекеттик университети) шаарларында мугалимдер инсти-
туттары уюштурулган. 1945-жылы башталгыч класстардын мугалимдерин 
даярдап чыгарууга багытталган кыз-келиндер окуу жайы уюшулган жана 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   139   140   141   142   143   144   145   146   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет