85 90 95 100 105 адат боюнча агайын-туугандар жесирдин
башын байлап коёлу деп, арбак, кудайга
тууралап: менин атама никелештирип
коюшат. Ал үй жонунан өзүнчө түтүн
болуп салынып, мал оокаты, чарбагы
бөлөк болгону менен, чынында биз
барыбыз бир үй-бүлө болчубуз. Алардын
да эки уулу аскерде. Улуусу – Садык
жаңы эле келинчек алганда кетти.
Фронттобуз деп анда-санда алардан
кат келип турат. Кичи үйдө кичи апам
менен эле анын келини калышты. Ал
экөө да эртеден кара кечке колхоздун
жумушунда. Кичи апам, – аны
айылдагылар Иштерман деп коюшат, ээ
бир дүйнөдө табылбаган карапайым,
сонун киши да. Түк бир бригаттар менен
жаакташпай,
жүр деген жагына жүрүп, берки жаш
келиндер менен тең катары эле арык
чаап, суу да сугарып, кетмен колунан
түшпөйт. Анын келини Жамийла, кудай
билип бергенби бейм, ал дагы жумушка
кайраттуу, мыкты келинчек, бирок
110 115 120 125 130 мүнөзү башкачараак. Жамийла жеңемди
мен да чын ниетимден жакшы көрчүмүн:
бир жагы жеңем, бир жагы – ал менден
азыраак эле улуу, тең курбу сыяктуу
эле. Ал дагы мени –кичине бала» деп,
инисиндей
эркелетет. Ушинтип эки үйдүн тең
тиричилиги өзүмдүн атам менен
карындашымда. Карындашым анда
секелек ойноок кыз, садагасы, анын
ошондо апама жардамдашканын,
мүнөзүнүн жайдарысын түк өмүр бою
унутпасмын. Эки үйдүн тең козу-улагын
жайган да ошол, тезек терип, отун алган
да ошол, балдарынан кабар албаган
апамдын кайгы-муңун алаксыткан да
ошол. Бу биздин эки үйдүн ынтымагын,
ырыс-берекесин сактаган
апам, билерманы да апам, ал
кишилердин арбагын сыйлап, сеники-
меники дебей эки үйдү адилеттүү
башкарып, айылдагы эски нускалуу,
кадырман, байбичелердин бири.