45 50 55 60 65 70 75 80 өспүрүм балдар, колхоздо араба айдап,
суу сугарып, чөп чаап, айтор, согушта
салгылашып жаткан эр бүлөлөрдүн оор
түйшүгү биздин мойнубузда калган.
Өзгөчө эгин-жыйын келгенде аптасы менен
үй бетин көрбөй, күн-түн кырманда, же
болбосо эгин төгүп станцияда, жолдо
бозуп жүрчүбүз. Мына ушинтип саратан
талаа ороктун кызуусунан өрттөнүп
турган күндөрдүн биринде, станцияга
каттап жүрүп, көптөн бери үйдөгүлөрдү
көрбөй, бара кетейин деп, жолдон салт
арабамды кайрыдым. Биз башынан
эки үй жанаша турабыз. Үч кез
дубалы мыктап салынган, мечит
жактагы дөбөчөдө турган бак-дарактуу
короолор ошол биздики. Мен чоң үйдүн
баласымын. Агаларым согушка кетип
кабар жок, экөө тең үйлөнө элегинде
кеткен. Карыган атам жыгач уста,
колхоздун жүрүп турган ушул тактай
араба, шады араба, баарысы дээрлик
ошол кишинин колунан чыгып турат,
таңдан намазын окуп, устаканасына кетет
да, күн бата келет. Үйдө
апам менен карындашым бар. Берки
кичи үйдө болсо биздин жакын туугандарыбыз турат. Жакын дегеним,
ортобуздан эки-үч ата өтсө да, алар
менен башынан малыбыз, жаныбыз
бир. Тээ чоң аталарыбыз бирге көчүп,
бирге конуп өтө ынтымактуу турушкан
экен, ошолордун салты менен биз
дагы арабызды алыстатпай, кол үзгөн
жокпуз. Колхоз уюшулганда аталарыбыз
короо-жайларды бир жерден жанаша
тургузушуптур. Ал гана
эмес, эки суунун ортосундагы биздин
Арал көчө ылгый эле бир атанын
балдары. Кийинчерээк берки үйдүн ээси
дүйнөдөн кайтып, артында аялы менен
тестиер эки уулу калат. Илгертен калган