Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет43/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   39   40   41   42   43   44   45   46   ...   233
КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК
ОЮНДАРЫ
1-ТАПШЫРМА. 
Кыргыз элинин кандай оюндарын билесиңер? 
Дептериңерге тизмелегиле. Жуптарда ой 
бөлүшкүлө. Ар бир жуп бирден оюндун 
эрежелерин айтып бергиле 
2-ТАПШЫРМА. 
Төмөнкү таблицаны толтурабыз
Сөздөр
Мен бул сөздү билем. 
«+» белгиси менен 
белгилейбиз.
«+» белгиси коюлган 
сөздү түшүндүрмө же 
сүйлөм түзүү аркылуу 
далилдейбиз.
Мен бул сөздү билбейм. 
«–» белгиси менен 
белгилейбиз.
эшип алуу
сөөмчө
ак чөлмөк
мара
атаандаш
өнөктөр
жоолук
3-ТАПШЫРМА. 
Текстти окугула. Топтордо иштегиле. 2 топко 
бөлүнгүлө
1-топ. «Жоолук таштамай» оюнун төмөнкү таблицаны толтуруу аркылуу 
презентациялагыла.
2-топ. «Ак чөлмөк» оюнун төмөнкү таблицаны толтуруу аркылуу презента-
циялагыла.


КЫРГЫЗ ТИЛИ
50
Оюндун аталышы
Оюндун эрежеси
Оюнда колдонулуучу 
каражат
Оюндун максаты эмне 
деп ойлойсунар?
Улуттук оюндар
Ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмес, өздөрүнө ти-
ешелүү болгон улуттук оюндары менен айрымаланат. Ал эми кыргыз 
элинин улуттук оюндары болуп ордо, тогуз коргоол, оромпой, ак чөл-
мөк, жоолук таштамай, селкинчек, топ таш, хан таламай жана башка ат 
оюндарынын түрлөрү эсептелет. 
Жоолук таштамай. Оюнчулар канча болсо тегерете отурат. Ал оюнчулардын арасынан 
кызбы, эркекпи, жоолугун эшип алып, олтурган оюнчулардын аркасы 
менен кыдырата басып келе жатып, жоолугун эч кимге билгизбей, бир 
оюнчунун аркасына таштап коёт. Анын таштаганын билбей калса, дагы 
айланып басып келип, жоолукту ала коюп, жоолук ташталган оюнчуну 
сабап калат. Эгерде артына жоолук таштаганын байкап калса, ал оюнчу 
тура калып, таштап кеткенди кууп жөнөйт. Качкан бала ордуна отурганча 
кууп жетсе, аны жоолук менен чабат. Жетпей калса, оюнчуларды тегере-
те айланып, жоолукту таштап, оюнду улантат. Токмок жебей, өз ордуна 
отурганга жетишкен оюнчу жеңүүчү аталат.
Оюндун эрежеси боюнча катышуучулар баштарын артка буруп кароого, 
бир бирине айтууга, оюнду алып баруучу качып бараткан оюнчуларды 
башка, бетке жана өтө катуу урууга болбойт. Жоолук ташталганын айтып 
койгондор күнөөлөнүп, оюнду алып баруучунун ролун кезексиз аткарат. 
Оюнда күч, ылдамдык, шамдагайлык тарбияланат, жүгүрүү ыкмаларын 
бир нерсеге көңүл коюуга, байкоого үйрөтөт.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   39   40   41   42   43   44   45   46   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет