9-ТЕМА
163
Күндөр өтөт. Хан уулун күтөт, бирок уулу кайрылып келбеди. Ошондо
хан жар чакырып:
– Кимде ким менин көзүм, мурасым, жалгызым жөнүндө
жаман кабар
алып келсе, коргошунду эритип, оозуна куям. Уулумду таап келгиле, –
дейт.
Жарчылардын үнүн угуп, нөкөрлөрү эмне кылар айласын таппай,
жер кезип кетишет. Тоо этегиндеги жалгыз алачыкта Аалы деген зергер
жашоочу. Ал уста гана болбостон, акылман да болгон экен. Жигиттер Аа-
лыга келип,
болгон окуяны айтып берип, өлүмдөн куткаруусун өтүнүшөт.
Аалы аларды тамактандырып, эс ала бергиле дейт. Уста түнү бою жыгач
жонуп, түп жагын чөйчөк сыяктуу оюп, ага узун, ичке кылдарды тагат.
Андан соң чертсе, нечен кооз үндөр жаңыра баштайт. Ал бирде ырдап,
бирде ыйлаган үн чыгарат. Аалы
таң ата жигиттерди ойготуп, чогуу ханга
келишет. Хан алардын жаман кабар алып келгенин байкайт. Аалы ханга
таазим этип, өзү жасаган жыгач куралда кол ойното баштайт. Ал курал
чымчыктардын сайраганын, суунун шылдырап агышын, ымыркайдын күл-
күсүн сүйлөп берип жатты. Хандын жарпы жазыла магдырап, жыргап укту.
Аңгыча баягы жайдары күлкүнү ырылдаган үн бузуп кетти да, ага
удаа «апа» деп жардам сураган аянычтуу үн чыгып, заматта жок боло
түштү. Хандын көңүлү айнып, айкырыкты салып, жалгыз мурасчысынан
ажыраганына ишенбей, алиги жыгач куралды жок кылгыла деп буйрат.
Жулунган нөкөрлөр заматта Аалынын
колундагы куралды жулуп алып,
эритилген коргошунду куят. Бирок курал бирде ыйлап, бирде ырдап
окуяны баяндай берет. Бул курал Аалы зергер жасаган, атадан-балага
кылым улап жашап келе жаткан улуу комуз эле.
Достарыңызбен бөлісу: