Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет140/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   136   137   138   139   140   141   142   143   ...   233
Китеп кантип жаралган? 
Китеп – бул маалыматты сактоонун, аны муундан-муунга өндүрүмдүү 
өткөрүп берүүнүн бир формасы. Бардык басылмаларды жайылтуунун, 
сактоонун маанилүү каражаты. Ал коомдук мааниге ээ. Алгачкы китепти 
байыркы вавилондуктар, ассириялыктар ылайдан жасашкан. Алар жумшак 
ылай тактайга учтуу таякча менен өзгөчө белгилерди чийип жазышкан. 


10-ТЕМА
175
Андан кийин тактайчаны кургатып, отко бышырышкан. Мындай ылай 
тактайлардан китептер түзүлгөн. Ал эми Кытайда алгачкы китептер бекем 
жипке кабатталып өткөрүлгөн жука бамбук тактайлар түрүндө болгон. 
Кийинчерээк кытайлар кыл калемди тушка малып, токулган жибекке 
жазышкан. Байыркы Египетте таш такталарга чегип, китеп жазышкан. 
Кийин алар папирусту ойлоп табышкан. Камыштын сөңгөгүн жалпайтып 
таптап, бири-бирине улаштырып, узундугу ондогон метрге жеткен тасма 
жасашкан. Жазуу жазылган мындай тасманы түтүк кылып ороп сакташ-
кан. Египет папирусу ошол кездеги эң мыкты жазуу каражаты катары 
Байыркы Греция менен Римде да дээрлик пайдаланылган. Кийин Кичи 
Азиядагы Пергам падышалыгы учурунда жаңы жазуу материалы катары
айбанаттардын терисинен пергамент жасалган. Пергамент өтө кымбат 
болгондуктан, аларды үнөмдөө үчүн адегенде чапталган тактайга учтуу 
таякча менен жазышып, андан кийин гана пергаментке көчүрүшкөн. Ал 
эми китепти пергамент баракчаларынан жасалган дептерге кол менен 
жазышкан. Барактары бүктөлүп же бырышып калбас үчүн дептерлерди 
эки жагына жыгач такта коюп бириктирип көктөшкөн. Жыгач тактайды 
булгаары же кездеме менен капташкан. Азыркы биз билген китептин 
алгачкы формалары мына ушинтип пайда болгон.
1. Биз китептерден … менен …, элибиздин өткөн… билебиз.
а) илгерки убактагы элдер, кабарлашып, татаал жолун
б) эчак замандагы окуялар, таанышып, тарыхын


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   136   137   138   139   140   141   142   143   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет