Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет154/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   150   151   152   153   154   155   156   157   ...   233
КЫРГЫЗ ТИЛИ
190
… Дайыма мага жароокер жана жумшак мамиле кылган чоң энем 
эмнегедир бул жолу кабагын бүркөдү:
– Чоң кишилер суранып жатса, сен эмне үчүн келген киши менен 
сүйлөшкүң келбейт, сен эмне, орус тилин билбейсиңби?
Мен унчукпадым…
– Сен эмне, орусча сүйлөгөндөн уяласыңбы же өз тилиңден уялып 
жатасыңбы? Бардык тилди кудай берген, кой, бас. – Ал колумдан алып 
жетелеп жөнөдү. Балдар артыбыздан ээрчиди… 
Боз үйдүн ичи толтура аксакалдар. Аксакалдар арасында баягы вете-
ринар да отурат. Ал мага жылмайып, жанына жаңсап чакырды:
– Киргин бала, жаныма келчи. Сенин атың ким? ….Кана, айгырдын эмне 
үчүн өлгөнүн булардан сурачы, – деп жаза турган кагазын алып чыкты.
… – Байке, – деп баштадым апкаарып. Бул жер Уу-Саз, уулуу шалбаа 
деп аталат. 
… Эки тилде сүйлөшүлгөн аңгемени сөзмө-сөз которгон бул тилмеч-
тигим өмүр бою эсимден кетпейт. Көрсө, айгыр уу чөпкө ууланып калган 
тура. Жергиликтүү жылкылар ал чөптүн уулуу экенин билип, жебейт экен.
Келген киши мени мактады, аксакалдар жыты бурулдап турган 
ыпысык бир жилик этти карматышты, кубанычым койнума батпай боз 
үйдөн атып чыктым. Балдар заматта тегеректеп калышты.
– Ох, кандай укмуш сүйлөдүң! – Алар мага суктануу менен карашты:
– Сен орусчаны ушунчалык суудай билет экенсиң….
Чындыгында, мен жакшы эле мукактангам, балдарга болсо менин сүйлө-
гөнүм укмуштуудай көрүнүптүр. Бир заматта этти жедик да, ойноп кеттик. 
Ч. Айтматовдун эскерүүсүнөн 
8-ТАПШЫРМА.
Бала тилмечпи? деген суроого таблицада 
берилген «Ооба» жана «Жок» позициясын 
жактоо їчїн 3 негиздеме жазгыла
Ооба, бала тилмеч
Жок, бала тилмеч эмес
1.
2.
3.
1.
2.
3.
9-ТАПШЫРМА.
Төмөнкү конструкцияларды пайдаланып, 
5 мүнөттүк аргументтештирилген эссе жазгыла 
Мен бала … деп ойлойм, анткени … (аргумент + тексттен алынган факт 
менен негиздөө).
Контраргумент келтирүү: Айрымдар бала … дешет, бирок … .
Мен … деп ойлойм. (контраргумент + тексттен алынган далил)
Тезисти формулировкалоо.


191


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   150   151   152   153   154   155   156   157   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет