КЫРГЫЗ ТИЛИ
234
20
25
30
35
40
45
50
55
60
65
кайсаңдап ар тарабын каранып, кайсыл
жерден кандай аң качып чыгып калар
экен деп дегдеп, жүзү жаркырады.
Ошол бойдон, ошол кеткен бойдон
бүркүттүн карааны көрүнбөй калды.
Мүнүшкөр жалбырак болуп дирилдеп
күттү. Жок… Жел гана
шыбактардын
башын шыбыраштырып жатты. Эч дареги
жок… Кеткени ушубу!..
– О, кырааным… Кетип калдыңбы?..
Көзү жашылданып, боз асманга
телмирди, эч көтөрө албай турган эч
көнө албай турган сары
убайым басты
Сарыбайды. Оозун кымтышты унутуп,
кичинекей сакалын сербейтип, нары-
бери алдастап кетти. Боз асман анын
жүрөгүн байкатпай жутуп коюп, анын
көзүн мисирейип карап тургандай болду.
«О, кырааным…Мени таштап кеттиңби?!.
Мен куруюн, мен бир жазгы
каатчылыктан сени алып чыга
албадым… О, кырааным…»
Баштагыдай үндөп чакыра албады
Сарыбай. Антүүгө укугу жоктой сезилди.
Тили күрмөлбөдү. Айласыз, кубатсыз
бууну титиреди.
«О, кырааным… Балам менен барабар
көрчү элем… О…»
Ана! Алда кайдан бүркүт шаңшыды.
Ана! Сарыбайдын жүрөгү жарылып
кете жаздады. Ана! Илбээсин көргөндө
гана ушундай шаңшычу ал. Сарыбай
токтоно албай көйнөгүн унутуп, жылаңач
дардаңдап чуркады. Үндү улап чуркады.
– О, айланайын үнүңдөн…
айланайын… – деп каргылданып, эки
колун обого сунуп кыйкырды. Ошол!
Төбө жактан абаны жарып шуулдап
угулган күү гана улам жакындап
келатты. Ошол! Сарыбай элтеңдеп,
сүйүнгөнүнөн каңырыгы түтөп, Кудайга
да, бүркүтүнө да жалынды.
Сарыбай эки жагын каранды. Эмне
үчүндүр жакын жерде шакка корголоп,
же суналып качып жөнөп берген аң
көрүнбөйт.
Ана! Бүркүт! Күчтүү канаттарынын
күүсү желдин шоокумун каптап, найзанын
Достарыңызбен бөлісу: