Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет39/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   233
ТеннисБул оюн топту ракетка менен атайын тартылган тордон ашыра уруп 
жана экинчи адам аны тосуп алуу менен ойнолот. Азыркы мезгилде бул 
спорттун эки түрү белгилүү: чоң теннис жана стол үстүндөгү теннис.
Таасири: Теннис ар кандай кыймылдарга бай келип, тез кыймыл-ара-
кетти, көрөгөчтүктү, чыдамкайлыкты, тактыкты өрчүтөт. Теннис ойногондор
ракетка менен топту урууда көбүнчө бир колу иштегендиктен, спортсмендин 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
46
кол булчуңдарынын бирдей эмес өсүүсүнө алып келет. Андыктан дененин 
ар тараптан бирдей өсүүсү үчүн теннис менен машыккандар жалпы дене 
көнүгүүлөрүн жана спорттун башка түрлөрү (жеңил атлетика, кышкы 
жана жайкы спорттун түрлөрү) боюнча да машыгуулары зарыл. Теннис 
ойноого балдарды 7-9 жашынан үйрөтсө болот. Теннис оюну адамды өтө 
чарчатпастан, көңүлдү көтөрүп, активдүү эс алууну камсыздайт. Айрыкча, 
стол үстүндөгү теннистин оңой жабдылышы, оюндун тез өздөштүрүлүшү 
бардык жаштагы адамдардын ойноосуна мүмкүнчүлүк берет.
Шахмат. Шахмат эки оюнчу арасында ойнолгон 64 клеткалуу доскадагы логика-
лык оюн жана спорттун бир түрү. Тарыхы 1 500 миң жылдан кем эмес 
шахмат оюну, болжол менен байыркы Индияда пайда болгон. Аталашы 
Персия тилинен алынып, «Шах өлдү» дегенди түшүндүрөт.
Хоккей. Хоккей – командалык спорт оюну.
Түрлөрү: Хоккейдин үч түрү бар, бири – музда шайба менен, экинчи-
си – топ менен жана чөптө ойнолот. Биздин өлкөдө негизинен хоккей 
шайба жана топ менен ойнолот. Хоккейде оюнчу конькиде тез жана 
жеңил кыймылдагандыктан башка спорт оюндарына караганда оюндун 
ылдамдыгы жогору. Ошондуктан оюнчулар тез-тез алмашып турат жана 
аны көбүнчө жаш жигиттер ойнойт. Хоккей ойноп жатканда оюнчулар 
бири-бирине урунуп, жыгылуу, клюшка, шайба же топ тийүүдөн кырсыкка 
учурашы мүмкүн. Кырсыктын алдын алуу үчүн коргоочу шлём, беткап, 
тизеге кийгич менен сактанышат.
Волейбол.
Волейбол англисчеден бизче которгондо valley – «учуп уруу» жана 
ball – «топ» дегенди түшүндүрөт.
Волейбол оюнун Уильям Дж. Морган ойлоп тапкан. Морган 1895-жылы 
машыгуучу залда теннистин сеткасын 197 см бийиктикке илип, анда 
окуучулары бири-бирине баскетболдун камерасын ыргытып ойношкон. 
Аталган оюнду Морган «минтонет» деп атаган. Кийинчерээк Альфред Т. 
Хальстеддин сунушу боюнча жаңы аты «волейбол» деп аталып калган.
Олимпиада оюндарында 1964-жылдан бери ойнолуп келет.
1948-жылдан бери Европа чемпиондугу өткөрүлүп баштаса, 1949-жыл-
дан бери дүйнө чемпиондугу өткөрүлүп келет.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет