3-ТЕМА
47
3-ТАПШЫРМА
1. Спорттук карьера жасаш үчүн адамда кандай сапаттар болуш керек?
2. Эмне үчүн шахматта логикалык ойлонуу өтө маанилүү?
3. Спорттун кайсы түрү адамды дүйнөгө белгилүү кыла алат? Эмне үчүн?
4. Хоккейде спортчулардын ылдамдыгы жогору болушу эмне менен
шартталат?
5. Теннисчилер эмне үчүн жалпы дене көнүгүүлөрүн жасап турушат
жана спорттун башка түрлөрү боюнча да машыгышат?
6. Ден соолугу начар адам спорт менен машыга алабы? Кайсы түрү
менен?
7. Баскетбол эмне үчүн спорттун популярдуу түрү болуп саналат деп
ойлойсуң?
8. Хоккейчи эмне үчүн коргоочу шлём, беткап, тизекап кийет?
4-ТАПШЫРМА.
Саптагы ашыкча сөздү тапкыла.
Тандооңорду түшүндүргүлө
y
Ийилчээктик, ылдамдык, күч, кайраттуулук.
y
Конкуренция, кызматташтык, атаандаштык, жарыш.
y
Футбол, волейбол, сууда сүзүү, баскетбол.
y
Теннис, волейбол, бадминтон, футбол.
y
Сабиз, эт, жумуртка, балык.
y
Корт, ринг, сахна, манеж.
y
Ракетка, топ, рапира, эт тарткыч.
y
Брасс, баттерфляй, слалом, кроль.
y
Чемпионат, турнир, викторина, спартакиада.
Достарыңызбен бөлісу: