Бишкек 2019 кыргыз тили



Pdf көрінісі
бет51/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   233
4-ТЕМА
59
Жөндөмдүүлүк – адамдардагы өзгөчө сапат. Белгилүү бир иш-аракетти 
жасоо үчүн тубаса талант менен кийин үйрөнгөн «жасай алуу» күчүн 
жөндөмдүүлүк дейбиз. Жөндөмдүүлүк адамдын кызыгуусуна жараша 
өзгөрөт. Мисалы, сүйлөө жөндөмү, эсептөө жөндөмү, искусствого 
болгон шыгы, музыкалык аспаптарда ойной алуу, сүрөт тартуу, жаңы 
моделдер жаратуу ж. б.
Кызыгуу – бир ишке белгилүү бир убакыт ичинде алаксуу же жак-
шы көрүү. Кызыгуу көбүнчө белгилүү бир убакыттан кийин өзгөрүп, 
тарап кетиши, тескерисинче, өмүр бою калышы да мүмкүн. Башкача 
айтканда, ишке кызыгып кесип тандоо, убакыт өткөн сайын тандаган 
кесибинин ага төп келбегенин, жөн гана убактысын өткөрүп жатканын 
ойлоп, өзүн кызыктырган башка кесипти тандоо жөнүндө чечим чы-
гарышы керек болот. Ошондуктан жаштарда өз кызыгуусуна жараша 
кесип тандоосу, тандоодон мурун жакшылап ойлонуусу шарт.
Кулк-мүнөз бир кишинин башкалардан айырмалаган өзгөчөлүктөрдү 
камтыйт. Жаштардын кесибин тандоосу мүнөзүнө жараша деген ой-
лорго караганда бирөө кесип тандап жатып, ошол эле убакта өзүн 
бул жолго салып жаткандыр. Бул жагынан алып карасак, адамдын 
өзү жөнүндө ойлоосу, өзүнө берген баасы менен тандаган кесиби 
арасында бир байланыш бар. Мындан «кесиптик мен тууралуу» сөз 
кылууга болот. «Кесиптик мен» адамдын кайсы кесиптик ролду жак-
тырып жана сыймык менен тандаганы жөнүндө ойлорун чагылдырат. 
«Кесиптик менде» кесипти сүйүп, ошол кесипте өзүн ойлойт, элестетет. 
Жаңылыштык менен туура эмес кесип тандоо адамдын мүнөзүнүн 
өзгөрүшүнө, ишине канааттанбоосуна түрткү болот, бат чарчайт ж. б. 
Мисалы, мугалим, доктур, инженер, ветеринар, адвокаттар өздөрүн 
кесиптерине ылайык мүнөздөрү бири-биринен өтө эле айырманалып 
турушу мүмкүн.
Жынысы. Байыркы уруулар, элдер жашаган доорлордон бери эле 
адамдардын жынысы кесип тандоодо маанилүү роль ойногон. Байыркы 
замандарда да эркектерди аңчы, үй-бүлөсүн баккан; аялдарды болсо 
балдарды чоңойтуп, тарбиялоочу, үй иштерин жасаган бүлө катары 
көрүшкөн. Аялдын кесип тандоосу жана үйдөн алыс иштөөсү ХХ кылымга 
тиешелүү көрүнүш болуп эсептелет. Жыныска байланыштуу коомдук 
көз караштар, ишенимдер жана пикирлер кесип тандоого жол ачат. 
Мисалы, кесиби архитектор, инженер болгон же иш сапарга көп чыга 
турган, нөөмөткө (күзөткө) көп кала турган аялдар үй-бүлө, турмуш 
шартына жараша иштей албаган учурлар көп болот. Ушул себептен кыз 
балдардын туура кесип тандоосуна жол көрсөтүп, коомдо эркектер 
үчүн да, аялдар үчүн да кесиптер бар экендигин айтып, анда иштеп 
кете алаарын түшүндүрүп, бул кесиптин жакшы-жаман, каалаган жана 
каалабаган жактарын ачык айтып, таанытуу зарыл. Азыр да мурунку 
убактагыдай эле кесип тандоодо жыныстын ролу бар. Кыздар көбүнчө 
үйгө тиешелүү же болбосо социалдык тармактарда кишилер менен, же 
компьютерде иштей турган кесиптерди тандашса, эркек балдар көпчүлүк 
учурда үйдөн алыс сыртта же илимий изилдөөлөр менен алышып, 




Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   47   48   49   50   51   52   53   54   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет