Бишкек 2019 кыргыз тили


Уруксат сураганды үйрөнгүлө



Pdf көрінісі
бет9/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   233
Уруксат сураганды үйрөнгүлө
– Кечирип койчу! Сурасам болобу? 
– Кечирип коюңузчу! Сизге кайрылсам мүмкүнбү? 
– Уруксатпы? 
– Кирүүгө уруксатпы? 
– Кирсем болобу? 
– Сыртка чыксам болобу? 
– Агай, кечириңиз, кирүүгө уруксатпы?
2-ТАПШЫРМА. 
Диалогду окуп чыгып, адамдар бири-бирин 
кантип тааныштырышы керек экендиги жєнїндє 
сїйлєшкїлє 
– Саламатсызбы, Айдар Мамырович? 
– Саламатчылык, Алмамбет мырза! Келиңиз! Сизди күтүп жатам. Төргө 
өтүңүз! Кийимиңизди илип коёюн. 
– Ыракмат. Сиз менен көрүшүп отурганыма кубанычтамын. 
– Бул жакка отуруңуз. Мен силерди тааныштырайын. Таанышып алгы-
ла. Бул менин ата-энем. Апамдын аты – Айнакан. Атамдын аты – Мамыр 
Алымович. 
Ата, апа, бул Алматыдан келген коногум – Алмамбет. Алмамбет Биш-
кекке илимий конференцияга катышуу үчүн келди.
3-ТАПШЫРМА. 
Окуп чыгып, текст боюнча тапшырмаларды 
аткаргыла 
Менин їй-бїлєм
Менин аты-жөнүм Кадырбек уулу Бектур. Мен кыргызмын. Кыргыз-
стандын жаранымын. Мектепте 11-класста окуйм. Мен үй-бүлөм менен 
Ош шаарында жашайм. Менин үй-бүлөм чоң: анда жети киши бар. Атам, 
апам, агам, жеңем, эжем, иним жана мен чогуу жашайбыз. Атамдын аты 
Кадырбек. Ал – аскер кызматчысы. Атам – мыкты адис. Ал эми апамдын 
аты Гүлмира. Апам фирмада башчы болуп иштейт. Биз төрт бир тууганбыз. 
Эң улуубуз – агам. Агамдын аты Азамат. Агам Кыргызстандагы Казакстан 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
10
элчилигинде котормочу болуп иштейт. Агам үй-бүлөлүү. Агамдын аялы 
мага жеңе болот. Жеңем Технологиялык университетте 5-курста окуйт. 
Ал эми эжемдин аты Чолпон. Ал – студент. Эжемдин болочок кесиби – 
тилчи. Менин кичинекей иним Азим он жашта. Экөөбүз бир мектепте 
окуйбуз. Эртең менен мектепке чогуу барабыз. 
Биздин туугандарыбыз көп. Чоң апам башка неберелери менен дем 
алыш күндөрү биздикине келишет. Туугандарыбыз менен көбүнчө ша-
ардын сыртына чыкканды, жаратылыштын кооз жерлерине барып эс 
алганды жакшы көрөбүз. 
ƒ
„


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   5   6   7   8   9   10   11   12   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет