Бишкек 2019 кыргыз тили


Мисалы, _______________ адамдар көп кесиптерге __________ мажбур  болушат, анткени алар ишти бат-бат _________________________ .  (а)



Pdf көрінісі
бет17/233
Дата23.09.2022
өлшемі7,72 Mb.
#39993
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   233
Мисалы, _______________ адамдар көп кесиптерге __________ мажбур 
болушат, анткени алар ишти бат-бат _________________________ . 
(а) келечекте / ээ болууга / алмаштырып турушат
(б) илгери / үйрөнүүгө / табышкан
(в) мурун / окууга / алмаштырууга умтулушкан
(г) кийин / жетишүүгө / аткара алышат 
Билгендерим мага
керек болот. 
Маалыматты
иштеп чыгам.
Баарын
ыргытам.
Эки бир тууган 
Илгери-илгери бир эненин эки уулу болуптур. Балдары эр жетип, энеси 
жерди аларга тепетең бөлүп берет. Балдары эгин эгип, бак тигип, жашай 
берет. Уулдары түн ичинде уктап жатканда энеси ал экөөнүн башында 
эки Чолпон жылдыз жанып турганын көрчү экен. 
Жай өтүп, күз келет. Эгин бышат. Балдар эгинин оруп-жыйып, басты-
рып, сапырып, тазалап, данын бөлүп, эки жерге үйүп коюп, үйгө келишет. 
Түн ичинде алар кезектешип кырман карашат. Адегенде кичүүсү 
күзөтөт. Ары басып, бери басып жүрүп, агасынын эгининен өзүнүкүнө 
ташып кошуп коёт. Түн ортосу оогондон кийин кырманга агасы келет. 
Караса, инисинин кызылы көбөйүп калган. «Инимди Баба дыйкан колдо-
гон экен, аны көп жумшачу элем. Ошол эмгегин Баба дыйкан баалаган 
экен», – деп ойлоп, кубанган бойдон үйгө келип жатып уктап калат. 
Энеси кырманга келсе, улуу баласынын эгини кыбыр-кыбыр этип, 
бир даны эки болуп көбөйүп, кичүү баласынын эгинине да дан чачырай 
баштайт. Дан чачыраган сайын кичүү уулунун эгини азая баштайт. Ошондо 
эгиндин көбөйүшү токтоп калат. 
Эне шашып үйгө келип, улуу уулунун башында мурдагыдай эле Чол-
пон жанып, кичүүсүнүн башында кара ит үрүп турганын көрөт. Чочуп 
ƒ
„
Тема боюнча окуп-үйрөнгөн материалды баалагыла 


КЫРГЫЗ ТИЛИ
18
кетип, балдарын ойготуп: «Балам, түндө эмне иттик кылдың эле?» – деп 
кичүүсүнөн сурайт.
Кичүү уулу түндө агасынын эгининен өзүнүкүнө ташып кошуп кой-
гонун энесине жашыра албай айтып берет. «Балам, түндө сен кандай 
иш кылдың эле?» – деп улуусунан сурайт. Улуу баласы да көргөнүн, 
ойлогонун айтып берет.
Эне өзү барып кырмандан көргөнүн, үйгө келип кичүү уулунун 
башынан үрүп турган итти көргөнүн айтат. Мына ошондон кийин кичүү 
баласы ичи тардыгын коюп, бактылуу жашап калышкан экен. 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   13   14   15   16   17   18   19   20   ...   233




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет