Сборник международной конференции «модернизация сознания: характер передачи образа «Әлем»



Pdf көрінісі
бет40/123
Дата24.08.2023
өлшемі2,86 Mb.
#105558
1   ...   36   37   38   39   40   41   42   43   ...   123
Байланысты:
конфернция материалы

укуш ерданы ол көрүклүг турур 
«Акыл ‒ бул асыл таш, ал – 
кооз», 
ерттини өзүк
«таза асыл таш; 
йүзи көрклүг ерди – ме кылгы арыг
«Анын жүзү ‒ сулуу, 
мүнөзү – асыл», 
билиг, билир билиг, ишилик 
«жубайга ылайыктуу», 
билиглиг сөзи йүнчү йакут 
теги 
«Акылдуунун сөзү бермет менен жакуттай» деген мисалдар акыл менен мүнөздүн 
артыкчылыгына баа берилгендигин көрсөтүп турат: (ДТС, 1969: 51, 176, 182, 238). Аялдын ички 
адеп-ахлактык тазалыгын чагылдырган сөз, сөз айкаштары, сүйлөмдөр
 
Махмуд Кашкаринин 
сөздүгүндө да кездешет: 
Өзүк
лакап аты аялдарга карата айтылат. 
Алтун өзүк
деп алтындай таза 
жандуу аялга карата айтылат (ДЛТ,). 
Йүзге көрме ердем тиле 
«Жүзүнүн сулуулугуна караба, 
адебине кара»
 
деген макал да кездешет (ДЛТ, 1986: 33, 290).
Balasagunlu Yusuf Has Hacib’in yazdığı Kutadgu Bilig’de аялдардын адеп-ахлагы, руханий 
тазалыгы, эң негизгиси, акылмандык касиети жогору бааланат:
yüzi körki qolma qılınç eđgü qol
«Жүзү эмес, көңүлү болсун сулуу,
qılınç eđgü bolsa tükel bolġa ol
Ак болсо аял пейли – артык сыны! « (KB-4484)
aya körk tilegli kişi eđgüsi
«А силер, азгырылган сулууларга, 
kisi körki qolma bođun külgüsi
Элге күлкү, шакаба болуп калба!» (KB-4493) 
ay yinçge saqınuq tilegli ınal
«Акылдуу кызды тапсаң карап турба,
munı bulsa buldung bu tört neng tükel
Төрт сапаттын бардыгы болот анда!» (KB-4497) 
Кутадгу Билиг ‒ 11-кылымдагы Караханлы доорундагы түрк-ислам маданиятынын кеңири 
тараган мезгилиндеги түрк маданиятынын алгачкы үлгүсү болуп, андагы башкы тема ‒ 
«идеалдуу адам модели» эле. Идеалдуу адам модели алкагындагы идеалдуу аял жөнүндөгү 
сыпаттамаларга аялдардын сырткы сулуулугу кирбегендигин байкоого болот. Анда аялдардын 
сырткы сулуулугу терс мааниде кабыл алынат. Бирок бул эмгекте Азирети Мухаммед 
пайгамбардын хадистеринде айтылган: «Эркек менен аял тең жаратылган»; «Бейиш ‒ аялдардын 
таманынын астында», «Адеп-ахлагы сулуу болгондор үй-бүлөсүнө жакшы мамиле жасайт» 
деген аялдарга болгон назик мамилелер жөнүндөгү идеялар айтылган:
Aşıg tatganu yi sen elning sunup
«Yemeğe elini uzat, haz ve arzu ile ye; 
 
Sini körse evlik sevinsün turup 
 
ev hanımı, seni görerek, memnun olsun» (KB-4607).


МЕЖДУНАРОДНАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ «МОДЕРНИЗАЦИЯ СОЗНАНИЯ:
ХАРАКТЕР ПЕРЕДАЧИ ОБРАЗА «ӘЛЕМ» В ДУХОВНОМ НАСЛЕДИИ
45 
Kişi emgek ıdsa sanga itse aş
«İnsan zahmet edip, sana ziyafet hazırlarsa, 
 
Yava kılma emgek anı kılma baş
bu zahmeti boşa çıkarma, onun hatırını kırma» (KB-4608). 
Баатырдын бакытка, бийликке, атак-даңкка жетүүсүнүн бирден-бир жолу – анын акылман 
аялга үйлөнүүсү деген идея «Манас» эпосунда да берилет. Бул жөнүндө адабиятчы Жумалиев: 
«Эгерде элдик баатырдын аялы өзүнүн үй-бүлөсүнүн камы үчүн гана эмес, эли-журту жөнүндө 
кам көрсө, эли-журтунун да жакшы жашары, ал эми элинин оокаты тың, бейпил болсо, анда 
элдик баатырдын мүдөөсүнүн орундалары жөнүндөгү ойду эл туу тутат», ‒ деп айтат (Жумалиев 
1999: 130). Жумалиев белгилеп кеткендей, кыргыз элинин идеалдуу аялзаты кандай болуш керек 
деген түшүнүгүнүн эң башкысы – бул акылман аял. Кылымдар бою адилеттик, теңдик үчүн 
күрөшүп келген кыргыз эли аял затынын коомдо, үй-бүлөдө алган ордун, туугандык карым-
катыштагы мамилесин, таалим-тарбия мүнөзүндөгү тыянактуу ой-корутундуларын «Манас» 
эпосунда Каныкей, Чыйырды, Карабөрк, Сайкал, Арууке, Кардыгачтардын, ошондой эле 
алардын карама-каршысындагы Ороңгу, Акылай, Канышайлардын ар кандай сапаттары 
аркылуу чагылдырылат. Эпосто аял затынын акылдуулугуна, тил билгичтигине карай көбүнчө 
«акылдуу», «акылы артык», «адамдан бөлөк акылы», «ою терең»
деген сөз жана сөз айкаштары 
колдонулат: 
«...Ал Каныкей капыры, Адамдан бөлөк акылы...», «Оюн терең жиберип», 
«Үзүлгөнүн улаган», «Ыраазы кыла сөз айткан», «Кылган иши баары амал», «Он асыйга тең 
экен» 
ж.б. («Манас», Орозбаковдун варианты). «Манас» эпосунда кыргыз элинин аялзаты 
жөнүндөгү түшүнүгү башка образдарга салыштырмалуу Каныкейдин бейнеси аркылуу эң 
жогорку деңгээлде чагылдырылган. Каныкей – кара сурдун сулуусу, ала жипти аттабаган аруу, 
жакшылык менен жамандыкты алдын ала билген даанышман, көрөгөч, акылман, сарамжалдуу, 
эл башына күн түшүп, карайлап турганда айлакер, куу. Ал – Ата-Журтту тышкы жана ички 
душмандардан коргоодо кашык каны калганча күрөшкөн, эл керегине жарай турган уулду 
төрөп, тарбиялап өстүргөн камкор эне. Каныкей Манаска келген соң, «Ошол кезде Манастын 
дүйнөсү ташып болгон кезде» ордонун дүйнө-мүлкүн акылмандуулугу, сарамжалдуулугу менен 
башкарып калгандыгы, Каныкейдин ишмердүүлүгү, сарамжалдуулугу менен Манастын 
«алтыны аттын башындай, күмүшү сайдын ташындай» болуп, кырк үйгө алтын-зары толуп, 
казынанын башында Каныкей турган. Ал эли болсо «кемпирлер куйрук карабай турган, 
келиндер каймак жалабай турган» турмушка жеткен (Макелек 2016: 224-229).
Эпосто Каныкейдин акылман-даанышмандык сапаттары өзгөчө «Көкөтөйдүн ашы», «Чоң 
казат» эпизоддорун, ошондой эле Манастын сөөгүн коюу, Манаска күмбөз салдыруу сыяктуу 
көрүнүктүү окуяларды сыпаттаган тексттен ачык көрүнөт («Манас», Орозбаковдун варианты).
Көкөтөйдүн ашында Коңурбайлар тополоң чыгарып, ашты баш-аламан кылууга аракет 
жасашат. Каныкей Манаска: 
«Оболу ичти тынчытып, анан сыртты тынчыт»
деген кеңешин 
айтат. Манас Каныкейдин кеңешин угуп, келише окшош кийинген кырк чоросунун сүрү менен 
Коңурбайларды сестендирет, ашты башкарган хан Үрбүнү, кара жаак Булдурсунду айыра чаап, 
душмандарды чочутуп, ашты көңүлдөгүдөй өткөрөт. Көкөтөйдүн ашы кыргыздын кырылгыс эл 
экенин, анын жетишкендиктерин туюнта турган, кыргыздын жеңиши менен бүткөн окуя эле. 
Бул окуя Каныкейдин акылдуулугу менен бүткөн иш эле (Макелек 1016: 226-б.).
«Көз камандар окуясында» да Каныкей алардын Манаска кастык жасашын акылы менен 
алдын-ала туюп, 
«Каңгайдан келген кабаңды, Кадырлайсың абаңды. Абайлап арстан жүрбөсөң, 
Абаң кылат амалды»,
– деп Манасты эскерткен. Ал ар кандай ишти алдын-ала туйган, 
жоромолдой ала турган акыл жөндөмүнө ээ болгон (Макелек 1016: 227-б.). Ө. Макелек 
белгилегендей, эпосто Каныкей акылдуулугу, кыраакылыгы, чебердиги жана кайраттуулугу 
менен тагдыр менен кармашып, саясий иштерге аралашып, кээде кабылан Манастан да ашып 
түшөт. Элдин учкул кыялы, үмүт-тилегинен, фантазиясынан жаралган эпосто аялдын үй-
бүлөлүк мамилелери аркылуу жалпы адамзатка тиешелүү: адамгерчилик, акыл-эстүүлүк, 
чынчылдык, адилеттүүлүк, чеберлик, сарамжалдуулук, меймандостук, тазалык өңдүү элдик 
жалпы жоболор негизделген. Акылдуу аял – баатырдын акылман кеңешчиси. Ал күйөөсүнүн 
кемчилигин жаап-жашырат, жакшылыгын алып чыгат, даңазалайт. Ушуга байланыштуу: 
Аял 
жакшы – эр жакшы, вазир жакшы – хан жакшы 
деген макал бар. Баатырдын баатыр болушу 


«САНАДАҒЫ ЖАҢҒЫРУ: «ӘЛЕМ» БЕЙНЕСІНІҢ РУХАНИ МҰРАЛАРДА БЕРІЛУ СИПАТЫ»
АТТЫ ХАЛЫҚАРАЛЫҚ КОНФЕРЕНЦИЯ
46 
үчүн акылман аялы болуш керек. Ошол себептен кыргыз эли: 
«Жакшы болсо катының, табыла 
берет акылың», 
– деп, эрдин эр болушунда аял затынын ордунун өтө маанилүү экендигине терең 
ишенет. 
«Аял заты – күйөөсүнүн кеңешчиси»
деген түпкү түшүнүк – кыргыз элинин аң 
сезиминдеги байыртадан орун алган түпкү маданий код-ачкыч.


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   36   37   38   39   40   41   42   43   ...   123




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет