Изилдөөдөн келип чыккан корутундулардын жана жыйынтыктардын ишенимдүүлүгү. Болочок мугалимдерди элдик оозеки чыгармалардын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө кесиптик даярдоо багытында иштелип чыккан жана сыноодон өткөн педагогикалык шарт-ыңгайлардын жана алынган натыйжалардын ишеничтүүлүгү жана жыйынтыктардын негиздүүлүгү, алдыга коюлган милдеттерге шайкеш методдорду колдонуу, тажрыйба-эксперимент иштери, эксперименттин жүрүшүндө алынган маалыматтарды ар тараптан анализдөө аркылуу камсыздалган.