Изилдєєнїн негизги мазмуну


Үчүнчү глава “Педагогикалык эксперимент жана анын жыйынтыктары”



бет19/25
Дата06.01.2022
өлшемі0,95 Mb.
#13272
түріДиссертация
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   25
Үчүнчү глава “Педагогикалык эксперимент жана анын жыйынтыктары” деп аталып, темага байланыштуу эксперименталдык иш-аракеттердин тутуму, түзүлгөн педагогикалык моделдин шарттары жана эксперименталдык иштердин натыйжалары талдоого алынды.

Изилденип жаткан проблеманы теориялык үйрөнүп чыккан соң, азыркы ЖОЖдордун мугалимдерди аталган ишмердүүлүккө даярдоо багытындагы иш тажрыйбаларына жүргүзгөн иликтөөбүз төмөнкүлөрдү ачыкка чыгарды. ЖОЖдордун учурдагы окуу пландарында, окуу программаларында болочок мугалимдерди кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө даярдоонун максаты, мазмуну так айкын жана жетишерлик түзүлгөн эмес. Бул багыттагы практикалык тажрыйбалар айрым окуу предметтердин же аудиториядан тышкаркы иштердин мазмунунда стихиялык мүнөздө гана орун алып келет. Көпчүлүк педагогикалык жогорку окуу жайлардын кызматкерлери кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде адептик тарбиялоо ишине студенттерди даярдоо боюнча билимдери жана билгичтиктери жетишерлик деңгээлде эмес. Болочок мугалимдердин аталган кесиптик даярдыгын калыптандыруу боюнча алгылыктуу тажрыйбалар акырындык менен топтолууда. Бирок, бул айрым гана адамдардын демилгесинен улам келип болгондуктан, ал дагы деле массалык жана системалуу боло элек.

Түзүлгөн абал айтарлык деңгээлден алыс экендигин Ош жана Жалал Абад областарындагы орто мектептердин мугалимдерине жүргүзгөн иликтөөбүз да ырастады. Даярдыгы жогорку деңгээлдеги мугалимдер 2,5%ти, ал эми жетиштүү деңгээлдеги мугалимдер 11,2% гана түздү. Булар окуучуларга адептик тарбия берүүдө кыргыз элдик оозеки чыгармаларын колдонуу боюнча билимдеринин жана билгичтиктеринин көпчүлүгүн ЖОЖдо эмес, мектептеги практикалык окуу-тарбиялык жумуштарды жүргүзүүдө өз алдынча ээ болушкан. Бул божомолду традициялык программа менен окуган “кыргыз тили жана адабияты” адистигинин бүтүрүүчү студенттерине жүргүзгөн иликтөөбүз да бекемдейт. Даярдыгы жетиштүү деңгээлдеги бүтүрүүчү студенттер 5,5% түзүшсө, даярдыгы жогорку деңгээлдеги студенттердин өзгөчө тобун аныктай албадык.

Ошентип, теориялык талдоолордун жана аныктоочу эксперименттин жыйынтыктары кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдин даярдыгын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын иштеп чыгуу зарылдыгын ырастады. Мындай шарттардын бири катары кыргыз тили адабияты адистигинин окуу программалык материалдарын изилденип жаткан проблеманын чегинде өркүндөтүү, б.а., кыргыз элдик оозеки чыгармаларын пайдалануу менен V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө даярдыгын жогорулатуу милдетин карадык.

Жүргүзүлгөн тажрыйбалык-эксперименталдык жумуштар биз иштеп чыккан кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдерди кесиптик даярдоонун моделинин натыйжалуулугун текшерүүгө мүмкүндүк берди.

Үч “срездик” анализдөөнүн негизинде аныкталган критерийлер жана көрсөткүчтөр боюнча студенттердин даярдыгынын деңгээлдериндеги өзгөрүүлөр көзөмөлгө алынды жана тажрыйбалык-эксперименталдык жумуштарга айрым түзөтүүлөр киргизилди. Диссертацияда изилдөөнүн жыйынтыктоочу этабындагы даярдыктын ар бир компонентинин жыйынтык көрсөткүчтөрү берилген.

Эксперименталдык группадагы студенттердин жалпы санынын 5% гана аныктоочу экспериментте жогорку деңгээлде болушса, калыптандыруучу эксперименттен кийин бул сан 45% чейин көтөрүлгөн. Ал эми контролдук группанын жогорку деңгээл боюнча баштапкы көрсөткүчү 5,3% түзсө, жыйынтыктоочу көрсөткүчү 8% болгон. Ушул эле маалда эксперименталдык группадагы даярдыгынын калыптануу деңгээли төмөн болгон студенттердин саны кескин төмөндөгөн (60%тен 7,5%ке чейин). Контролдук группада бул деңгээл боюнча студенттин санынын төмөндөшү эксперименталдык группага салыштырмалуу өтө төмөн (58,8%тен 55,2ге чейин).

Кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде окуучуларга адептик тарбия берүүгө даярдыгынын калыптануу деңгээли боюнча контролдук жана эксперименталдык группадагы студенттердин бөлүнүшүнүн жыйынтыктоочу таблицасы (эксперименттин баштапкы жана жыйынтыктоочу этаптары).

Таблица 1.



Деңгээлдер



Студенттердин саны процент менен

Массалык контролдук срездин жыйынтыгы

Тажрыйбалык-эксперименталдык жумуштардын жыйынтыгы

Экспериментал-дык группа

Контролдук группа

Экспериментал-дык группа

Контролдук группа

Төмөнкү

60

58,8

7,5

55,2

Орточо

25

26,7

20

15,8

Жетиштүү

10

9,2

27,5

21

Жогорку

5

5,3

45

8

Баары

100

100

100

100

Изилдөөнүн жыйынтыктоочу этабынан алынган көрсөткүчтөрдү аныктоочу эксперименттин жана эксперименталдык группанын көрсөткүчтөрү менен салыштырып талдоолор кыргыз элдик оозеки чыгармаларынын негизинде V-VII класстардын окуучуларына адептик тарбия берүүгө болочок мугалимдерди кесиптик даярдоо боюнча тажрыйбалык-эксперименталдык жумуштун натыйжалуулугун көрсөттү.



Эксперименттен алынган маалыматтарды салыштырып анализдөөнүн негизинде диаграмма тургузулду (Сүр.1.).









Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   15   16   17   18   19   20   21   22   ...   25




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет