Ұлы дала тұЛҒалары қҰдайберген


Кудайберген аганы эскерип



Pdf көрінісі
бет176/200
Дата18.11.2022
өлшемі3,08 Mb.
#51003
1   ...   172   173   174   175   176   177   178   179   ...   200
Кудайберген аганы эскерип
*
 
1928-1929 окуу жылы. Ленинграддагы Чыгыш Институтына кирип 
окуу мага насип болду. Кыргыздан мен жалгызмын. Казак туугандардан 
Симет Кенесбаев, Махмуд Уралов бар эле. Кудайберген ага менен мен ошол 
окуу жылы тааныштым. Ал азиз адам докторантурада болуу керек. Кез-кезде 
жолугуп жүрдүм. Кудайберген аганы мен ичимден жакшы коре турган болуп 
кеттим. Эмнегедир экөөбүздүн арабызда кандайдыр бир көрүнбөгөн жип 
улам-улам тартып бизди жакындаштыра берди. 
Мен Институттун Туркологиялык семинарынан окуйм. Ал Семинар 
А.Самойловичтин атында боло турган. Түркмен агайындардан Б.Гербабаев, 
*
Мақала қырғыз тілінде жазылған 


388 
Бурунов дегендер. Өзбек агайындардан Улуг Турсун, Салимий, 
Мухаммедиев дегендер бар. Азербайжан туугандардан Ализаде деген окуйт. 
Татар туугандардан Ибад Алпаров, Хожо Бадиг, Нигмет Хаким деген бир топ 
жашка келген адамдар окуйт. 
Семинарда көбунче студенттер билгенрин ортого салып, талаш-тартыш 
чыгарар элек. Николай Николаевич Поипе бизге турк жана алтай тилдеринен 
салыштырма лекция окуйт. Ошол Н. Поппе өзүнүн өткерүп аткан 
семинарында «калмак тилинде бузгур хара сахал, кыргыз тилинде бужугур 
кара сакал болуп айтылат. Могол-турк тилдеринин теги жакын» дегенде, мен 
– «Николай Николаевич, калмак тилинде «сян абыга сахалта, сян күн соята» 
деген макал бар. Анын мааниси – «жакшы катынга сакал чыгат, жакшы бээге 
азуу чыгат» деп кошумчалап койдум. Анткени мен Кытай жерине 1916 жылы 
үркүнде барганымда, жан багуунун айынан, калмак менен бирге кой 
кайтарып, коюндашып бирге жатып жургөнүмде, бити да жуккан, тилин да 
үйрәнгүмүн. Бир күнү турсам, көк бит жайылып кетиптир. «О күмүн, чини 
бөсүн» деп, битти керсетсем, «О куйкенү хумур бурут, мини бөсүн бишн, 
чини бөсүн» деп мага жапса. болобу. («Ой адам, бул сенин битин»,— десем, 
«о атандын көрү кыргыз, менин битим эмес, синин битиң» деген мааниде). 
Семинарда бир күнү кезек маа келдн. Мен «кыргыз тилиндеги куранды 
(журнак) мүчөлөр» деген теманы алдым. Эки сагат кыргыз тилиндеги 
курандылардын тизмегин айтып чыктым. Анын ичинде: «ааган, аанак» деген 
куранды мүчөлөр да айтылды. А.Самойлович өте ыкылас коюп жазып 
отурду. Эки сагатта бүтпей калдым. Уландысын эмки семинарда айта турган 
болдум. Ахмед Байтурсуновдун тил куралындагы журнактарды жыйнап 
алып, Кудайберген агага көрсеттүм. Ал абдан жактырды. Семинарда дагы 
бүтпей калдым. Үчүнчү жолу уланта турган болдум. Мына эмесе деп, 
Самойловичтин түрк тили жөнүнде эмгегинен журнактарды жыйнадым да, 
Кудайберген агага көрсеттүм. Ал киши мени далыга кагып, дагы толгон 
журнактарды кошумчалады. Күлүп, «энди Поппе гана эмес, Самойловичтин 
өзүн да «шошутасың» деп, мага дем берди. Дагы «баяндамамды» уланттым. 
Самойлович ыраазы болду окшойт. Студенттерге карата: «Эгер ушул студент 
Францияда болсо, эртеси корреспонденттер фото аппараттары менен келип, 
студенттин сүретүн газетага жарыялайт эле. Бизде андай мүмкүндүк жок» 
деп, менин көнүлүмдү андан бетер көтөрүп салганы эсимде. Мен Институтту 
бүткенде, Самойлович менин «Күбе наамама» «Основы научной грамматики 
киргизского языка», «История развития киргизского литературного языка» 
деген планда жок сабактарды жазып койду. Ошентип, Кудайберген аганын 
консультациясы,берген кенеши маа жогоркудай ийгиликтерди алып берген. 
Окуум бүткөндөн кийин Кыргызстанга келдим. Менин «Күбө наамады» 
мархум Тыныстанов Касым көрүп, «бул эки предметти Самойлович 
окуттубу?» – деп шексинди. –«Жок, ал киши окуткан эмес, мен өзүм 
семинарда баяндама жасаган элем. Жактырып, жазып койду окшойт» десем, 
Касым күлдү да мени куттуктап койду. 


389 
Кудайберген ага бир жолукканымда, «Хусаин, биздикине кел. 
Сөйлесип отырайык. Кыргыз тилиндеги созылма үндилердин жасалув тарихи 
кызык», – деп үйине да чакырды. Симет Кенесбаев экөөбүз бир күнү бардык. 
Женемиз өте мейридүүлүк менен бизди конок кылды. Сүйлөшүп отурганда 
жеңебиздин түбү – кыргыз болып чыкты. Мени төркүн катары көрүп калды. 
Илгери заманда казак ичинде калган кыргызбы же азыркы кыргызбы, 
казмалап сураштырганым жок. Дагы бир жолу келгенде, өзүнен сурап 
алармын деген ойга келдим. 
Ошол кезде иниси Ахмед консерваторияда окуп журген болуу керек. 
Бизге скрипка ойноп бергени эсимде. Мен дипломго материал жыйнаймын 
деп, бир жылдык дем алыш алып, Кыргызстанга кеттим. Байланыш үзүлдү. 
Ошо бойдон Кудайберген аганы көргөнүм жок.
Кийинки жылдары, 40-60-жылдын аралыгында Ахмед менен 
байлашыбыз абдан күчтүү болду. Фрунзеге келген сайын маган жолукпай, 
биздин үйден бир чөөгун чай ичпей кетчүү эмес. Бир күнү ма отурганибызда: 
«Хусаин ага. Сиз Кудайберген жакын жүргөнүңүздү мурунтан билчүү элем. 
Ол киши эми жок. Мен илимпоз агадан эчак ажырап калгамын. Эми Сиз 
ошол Кудайбергендин ордуна маа ага болуп бериңиз» деген сөзү эсимде. 
«Дурус айтасын, Ахмед. Шыйпанарга куйрук жок, кулан чалыш жан элем. 
Сендей ини күткөнге мен да абдан сыймыктанам. Эгер татыктуу болсом, 
мени ага катары сыйлап жүр. Кыргыз элинин «Жакшынын жакшылыгы тиер 
ар жерде, жамандын жамандыгы тиер тар жерде» деген макал бар. Мен окуп 
жүргөнде, жакшылыгы тийген, маа көрсеткен Кудайбергенди мен өз агамдай 
көрчүмүн. Бир тугандай жакын жүрөлү» дедим. Кудайберген дарынын 
бардыгы жакшы маман болгондугун айтып бере турган. Ошол маа ини 
болгон Ахмед өте адам эле. Мухтар ага да «биздиң Ахмед орысча сөйлегенде 
– он не говорит, а поет, поет!» деп кайталай берүчү. 
Кудайберген ага тирүү болгондо, балким, казак-кыргыздын накыл 
сөздөрүн бирге зерттеп, тегин таап чыггу ишин бирге иштейт белек, ким 
билсин. Ал киши араб тамгасында чыккан илгерки элдердин адабияттарын 
жакшы окуй тургандыгын мен студент кезимде эле байкаганмын. Аз да 
болсо көптөй көрүп, Кудайберген ага жөнүнде эскермемди кийинки тукумга 
кала турган кылып, басма бетине жарыялап коюуңарды өтүнем. 
* * * 
Казак эли менен кыргыз эли байыркы замандан бери эле кою 
короолош, куда-сөөк болуп жашаган. Падыша заманында казак 
акындарынын жазган кысаларын (кыргызча айтканда – «Өлең китептерин») 
окубаган сабаттуу адам болгон эмес. Менин раматылык атам да казак 
тилинде чыккан «Өлең китептерди» кайдан болбосун таап келип, маа окутуп 
тыңдай турган. Ал гана эмес, дөңде чөгулуп отурган карыяларга окуп берип 
жүрүп, көбүн жатка да айта турган болуп кеткемин. Айрыкча Шайхул Ислам 
Жусупбектин кысаларын көп окуур элем. 


390 
1916 жылы чоң козголоң болгондо, Қытай жерине үркүп барып, ошол 
жерде жашаган Кызай казактарынын ичине барып баш калкаладык. Ошондо 
бир күнү «Шайхул Ислам Жусупбек келиптир. Мазак заңгинин үйүнде болот 
экен» деген айыңды уктум. Ошол затты атайы көрөйүн деп издеп бардым. 
Чын келген экен. Терде отурган ажардуу, сакалына ак аралап калган адамды 
көрдүм. Тирмийип тиктеп отурам. Ошондо ошол киши сөз баштап: 
Сурасаң – Шайхул Ислам мен Жусупбек, 
Осы элди издеп келдим нагашым деп, – сөз баштаганы али кулагымда 
турат. Бир аз аңгеме согуп отургандан кийин кимдир бирөө «Сиз акын 
болсаныз битти жыр қылынызчы!» дегенде 
Бул биттиң акеси кир, чечеси тер, 
Чыгар да өз денеңнен өзиңди жер! – деп, узун сабак жырды төгуп 
жиберди. 
Жусупбек ошол жылы Албан казактары менен кошо Текеске барган 
болуу керек. 
О, илгери эле, 1911 жылы Медресе Алияда окуп жүрген Эшенаалы 
Арабай уулу менен казак жигити Сарсекеев экөө кыргыз-казак балдарына 
арнап, «Төте окуу» деген алипбе китебин жазган. Эки тил бир-бири менен 
чиеленишип байланышып калган. Ал китеп басылып да чыккан. 
Ал эми Революциядан кийинки мезгилде, мектепке арналып жазылган 
тил куралдары, башка да окуу китептери – кыргыз мектептеринде негизги 
курал болду. Айрыкча илимпоз Ахмед Байтурсуновдун «Тил – курал» аттуу 
китеби кыргыз мектептеринде негизги окку китеби болду. Қазактын чыгаан 
жазуучусу Мухтар Ауээовдун «Кара көз» атту пьесасын окубаган, Жусупбек 
Аймоут уулунун «Карт кожосун», «Куникейдин жазыгын» окубаган кыргыз 
жаштары болду бекен? Бейимбет Майлы уулунун «Шоганын белгиси» аттуу 
ангемеси кыргыз арасына абдан таралган. 
Кыргыз элинин зиялилери: Базаркул Данияр уулу, Касмаалы Баялы 
уулу, Токчоро Жолдош уулу, Касым Тыныстан уулу, Осмонкул Алы уулу 
сыяктуу атактуу адамдарыбыздын бардыгы, ошолордун ичинде өзүм да казак 
элинин педагогдорунан тарбия алдык. Мына ушул айтылгандардын бардыгы 
да эки элдин мурунтаан келе жаткан жакындыгына, достугуна кубө болот. 
Тил майданында да бир бирибыздан сөз алып, адабиятыбызды, 
салтыбызды жакындаштыруубуз зарыл. Бул жакшы салт мындан ары да 
улантылышы керек. Маданиятыбызды, салтыбызды жакындаштрубуз керек. 
Бүткүл ааламга маалым Чыңгыздын да нускоочусу — кыргыз элине 
сыйлуу Мухтар агабыз болгон. 
А.Ысқақов 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   172   173   174   175   176   177   178   179   ...   200




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет