ОшМУнун педагогика багыты боюнча Магистранты Абдибаит кызы Мээримгул



бет1/2
Дата15.06.2023
өлшемі26,88 Kb.
#101486
  1   2

ОшМУнун педагогика багыты боюнча
Магистранты Абдибаит кызы Мээримгул


Башталгыч класстын окуучуларын эмгекке тарбиялоодогу кыргыз оозеки чыгармачылыгынын орду.
Аннотация: Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы (фольклор) ар бир коомдун мүчөсүнүн милдети үй-бүлөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн эмгектенүү керек экендигин чагылдырат.
Түйүндүү сөздөр: фольклор, эмгек, тарбия, үй-бүлө, фантастика.

Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгын (фольклорду) жана үй-бүлөдө эмгекке тарбиялоо тажрыйбаларын талдоо инсан эмгек чөйрөсүндөгү төмөндөгү баалуулуктарысыз инсан катары таанылбай тургандыгын тастыктайт.


Андай мүнөздөмөлөрдүн айрым негизгилери төмөнкүлөр:
- үй-бүлө жана коом үчүн эмгектенүүнүн биринчи даражадагы парыз катары туюуу, түшүнүү ага эмгектенүүгө даяр болуу;
- эмгек тартибин жетекчиликке алуу;
- тапкыч, чыгармачыл болуу;
- тырышчаактык, эптүүлүк;
- үнөмдүүлүк, этияттуулук;
- эмгектин коллективдүү түрү, кызматташуу, жардамдашуу;
- баштаган ишти аягына чыгара билүү;
- иш процессинде үйрөнгөн билимдерин колдоно билүү;
- ишти жогорку даражада натыйжалуу, майнаптуу аткаруу.
Бул өзгөчөлүктөргө токтолуп кетсек. Кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгы (фольклор) ар бир коомдун мүчөсүнүн милдети үй-бүлөнүн, элдин кызыкчылыгы үчүн эмгектенүү керек экендигин чагылдырат. Элдик эпостордун персонаждарынын каармандары «Эмгектенген гана «адам» адам болууга татыктуу» деген критерийдин негизинде бааланат. Эмгекчил адамды тарбиялоонун дагы бир милдети – бул адамдын ар дайым эмгектене билүүсүн жана үй-бүлөсү менен эли үчүн эмгектенүүгө даяр болуусун калыптандыруу. Кыргыз эли мекендеп келген жерлердин климатына байланыштуу жана кыргыздардын жайлоо кыштоо сыяктуу жашоо шарттарына байланыштуу кыргыз эли аба ырайынын түрдүү шарттарында эмгектенүүгө даяр болушкан. Жазында, ысык күндөрдө иштешип, кышкысын, суук күндөргө даярданышкан. Кыргыз элинин жашоо-тиричилигин чагылдырган «Жаз жарыш, күз күрөш», «Күзүндө чыгынбаган, кышында жылынбайт», «Күзгү күчүңдү күйөөңө бербе», «Күз – талаш маалы» сыяктуу макалдары бул сөздөрдү тастыктап турат. Кышын суук күндөрдө талаада эмгектенүү абдан кыйын. Эмгектенгенде да кышында күн суук болгондугу үчүн эч нерсе өспөйт, эч нерсе бышпайт. Ошондуктан кыштын даярдыгын жазында көрүшкөн. Жазында жер иштетип, эгин эгишип, жайында алар бышып, күзүндө кайра талааларды тазалап, жыйнашкан.
Элдик педагогиканын таасирлүү булактары жана каражаттары жөнүндө сөз болгондо илим менен маданияттын даанышман ири өкүлдөрүнүн баары бир ооздон жомокторго артыкчылык берип келишкен. Алсак, атактуу Пушкин өзүнүн бир тууганына жазган каттарынын биринде «Менин эмнелер менен алек болуп жатканымды билесиңби? –түшкө чейин жазамын , түшкү тамакты түш оой ичип , анан атчан сейилдеп чыгам , кечинде жомок угам, ошентип каргыш тийген тарбиямдын кемчиликтерин түзөп жатам .Эмне деген керемет бул жомоктор ар бири өзүнчө поэма».
Жомоктордун таалим-тарбия жаатындагы аткарган жүгүн талдап, баалоодо улуу орус педагогу К.Д.Ушинскийдин пикирлери өзгөчө маанилүү. Элдик таалим-тарбиянын бул таасирлүү каражаттары тууралуу ал мындай деп жазат: «Жомоктор элдик педагогиканын эң алгачкы саамалыктары. Мындай алганда элдин педагогикалык генийлиги менен эч ким теңдеше албайт». Ал жомокторго жогору баа берип гана тим болбостон аларды тандап иргеп өзүнүн педагогикалык системасына киргизүүгө байма-бай аракет кылган. Жомоктордун ишиндеги жугумдуулугун элдик чыгармачылыктын жөнөкөйлүгү балдардын жан дүйнөсүнө, психологиясына дал келиши, жагымдуу табияты менен түшүндүргөн. « поэзияга шыктанган бала - балдарга өз кыялдарын баяндайт да, бул кялдарга өзү бери эле дегенде жарым-жартылай ишенет». Жомоктордун таалим-тарбия ишиндеги маанисин чечмелеп, белгилүү педагог А.С.Макренко ар бир үй бүлөнүн китеп текчесинде жомоктордун топтомдору болгондо гана таалим-тарбия иши ойдогудай жүзөгө ашар эле деп айткан. Улуу устат педагогдун мурастарында жомокторду ийкемдүү пайдалануу боюнча бир катар методикалык сунуштар да кездешет. Жомоктор - бул айрымдар адилетсиз белгилеп жүргөндөй кэчээки күндөрдүн гана энчиси эмес. Аны аяр, билгичтик менен колдоно билсек бүгүн да эч нерсе менен алмаштыргыс каражат катары кызмат өтөй ала тургандыгы В.А.Сухомлинскийдин педагогикалык иш тажрыйбасы аркылуу таасын тастыкталган. К.Д.Ушинский сыяктуу эле В.А.Сухомлинский да жомокторду «эл маданиятынын рухий байлыгы», «бала жомокту аңдап түшүнүп жатып элдин турмушун жүрөгү менен туюп билет», «Жомоктордогу сөздөр баланын аң сезиминде дайыма жашайт. Фантастикалык көрүнүштөгү жомокту укканда бала өзүн унутуп коет, мен окутууну жомок угуусуз, жомок жаратуусуз элестете албайм» -деп анын көп кырдуу мүмкүнчүлүктөрүн ачып көрсөтүүгө көп аракет жумшаган. Ал жомоктордун балдарды окутуудагы жана тарбиялоодогу маанисин гана белгилебестен балдар өздөрү жомок жаратуусун жактаган жана мындан алардын логикалык ой жүгүртүүсүнө , чыгармачылык баамчылдыгын өстүрүүгө тийгизген таасирин көргөн. Бул маселе туралуу ал мындай пикир айтат: «Эгер мен ой жүгүртүү жөндөмүн өстүрүүдө кыйынчылыкка учураган баланын жомок ойлоп табуусуна жетишкен болсом, ал өз баамында курчап турган дүйнөнүн бир канча нерселерин байланыштырган болсо –анда баланын ой жүгүртүүгө үйрөнгөнүн ишенимдүү айта аламын. Ал өз тажрыйбасын иликтеп келип, балдарды ата журтту сүйүүгө тарбиялоодогу жомоктордун маанисине басым жасаган: «Жомоктор туулган жерди сүйүүгө тарбиялаганынын себеби алар элдин өзүнүн табылгасы экендигинде.
Жомокторду таалим тарбиянын каражаты катары колдонуу жаатында айрыкча расмий таалим –тарбия мекемелерине ( мектепке) кеч жетишкен кыргыз сыяктуу элдер бай тажрыйбага ээ болушкан. Анткени «Жомок - миңдeгeн жылдaр бoю иргeлип, тaктaлып, ийинe жeткeн, aдaмзaттын кeлeчeккe буйдaлбaй адам ата билүүсү үчүн эң керектүү aкыл-oй бүтүмдөрүн коромжуга учуратпай, сарамжалдуулук мeнeн сaктaп кeлгeн, билгeнгe ошонусу менен aлды жaккa бaрaр жoлдун бaгытын aрийнe көрсөтүп, кeлeчeккe кeткeн жoлгo нур-шooлa чaчып турган кeрeмeт дүйнө. Жoмoк - улуттук эс тутумдун наркына нaрк, көркүнө көрк кошуп, тaрыxтын aктaй калган барактарын ой-кыял корутундулары aркылуу тoлуктaп, aнын бүлүнгөн жeрин бүтөп, үзүлгөн жeрин жaлгaп тургaн көөнөргүс мурaс.
Жoлуңдaн aдaшып бaрaтсaң жoмoккo кaйрыл –деп айтылат элде. Aкыл жeтпeс, эс түтпөс тaтaaл жaнa чийeлeнгeн мaсeлeлeрдин жөпжөнөкөй чeчилиши, ишенген ишенсин, ишенбеген ишенбесин, жoмoктoрдoн тaбылат.
Элдик таалим тарбиянын кай тармагын албайлы анын эмгек процессинде гана жүзөгө ашарын байкоого болот. Элдик педагагогикада адамдын кишилиги, адеп ахлагы, акыл дарамети, эстетикалык табити бары анын эмгекке карата мамилеси менен өлчөнөт. Ошондуктан элде «Эмгеги аздын өнмөгү аз», «Эмгек эрдин көркү, эр элдин көркү», «Элпек болсоң элиң сүйөт, курбу курдаш теңиң сүйөт», «Мээнетиң катуу болсо тапканың таттуу болот.», -деп тегин жерден айтылбайт. Элдик жомоктордун көпчүлүгүндө асыл адамгерчилик сапаттардын турмуштагы мааниси жеткилең чечмеленип балдарды үлгү тутууга үндөгөн мотивдер арбын. Маселен «Ак көңүл Кара көңүл», «Кыдыр, Ырыс, Акыл», аттуу жомоктордо жогорку адамгерчилик сапаттар символикалык образдар аркылуу даңазаланып, алардын артыкчылыктары ачылып көрсөтүлөт. Бийик адептикалык, этикалык баалуулуктарга багыттоо жомоктордун идеялык өзөгүн түзөт. Ошондуктан жомоктордо оң каармандар адептик жактан жетилген инсандын идеалы катары берилет. Ал эми оң каармандар менен терс каармандардын айрымасы ак менен карадай бири- бири менен крама каршы келет .
Өзүнүн тарых таржымалын, оомал-төкмөл турмуштагы таалайлуу күндөрү менен кейиштүү кезеңдерине сынчыл санаа менен терең саресеп салып, андан сарыгып чыккан ой тыянактарын, келээр муунга туура багыт бериш үчүн санат сабак таризинде мурастап кетүү байыртан калыптанган салт. Кылымдарды карыткан улуу дастандар, баяндар, улама санжыралар ушул озуйпаны орундатуу максатында жаралган.
Эмгекке тарбиялоодо эң негизги милдет эмгектенүүдө тартипти сактоо. Кыргыз элинде кабыл алынган мыкту кожойкенин, айымдын образы төмөндөгүдөй: жакшы айым эч качан ишсиз отурбайт, ал үйдөгү адамдардын аткарган иштерине көз кулак болуп турат, балдарга эмгектенүүнү үйрөтөт жана өзүнүн эмгекчилдиги менен башкаларга үлгү болот. Ар ким өзүнүн материалдык даражасына карабастан өз ишине, эмгегине, жооптуу иштерине жоопкерчиликтүү болууга милдеттүү. Оозеки чыгармачылыкта берилген ар бир мисал эмгектин адилеттүү, ыктыярдуулук менен аткаруу, адамдын өмүрүнүн акырына чейин коштоп жүрүүгө татыктуу экендигин далилдейт.
Балдарды эмгекке тарбиялоонун дагы бир милдети ыктыярдуу түрдө эмгектенүүгө тарбиялоо керектиги жөнүндө ислам дини боюнча диний китептерде да айтылат. Аларда негизинен жаш балдарга кайрылып, эмгектенүүдө тартип маанилүү экендиги айтылат: «Тил менен эмес, көбүрөөк кол менен иштөө». Кыргыз элинин макалдарында да бул өзгөчөлүктүн маанилүү экендиги жөнүндө айтылып келет: «Бүгүнкү ишти эртеңкиге калтырба»; «Эмгек кылсаң жашыңдан, дөөлөт кетпейт башыңдан», «Бардык байлык – эмгекте».
Кыргыз элинде эмгекке тарбиялоонун тапкычтык жана чыгармачылык сапаттарын калыптандыруу жана өнүктүрүү сыяктуу милдеттерине өзгөчө маани берген. Кыргыз оозеки чыгармачылыгынын каармандары дене-күч жактан гана күчтүү болбостон, акылын колдонуу менен күткөн жыйынтыкка жетүүгө аракет жасашат. Эл тарабынан акылы болбосо, күчтүн кереги жок экендиги айтылып келет. Мисалы, кыргыз элинде «Кылыч курал эмес, акыл курал», «Акылдуу мактанса, ишти тындырат, акмак мактанса бутун сындырат», «Акылдуу бала — эмгек, акылсыз бала — тентек», «Акыл — тозбос тон, билим — түгөнбөс кен».
Эмгекчил адамдардын тапкычтыгы жана эмгекти сүйүүсү жөнүндө көптөгөн жомоктор, макалдар бар. Мындай оозеки чыгармачылыктарда адамдардын адаттан тышкаркы жөндөмдүүлүктөрү эмес, алардын чыныгы чеберчилиги чагылдырылат. Мисалы: «Ким эмгекти сүйсө, аны ден соолук сүйөт», «Эмгекти сүйбөгөн адам, — эси жок наадан» деген макалдар кыргыз элинде ушундан улам келип чыккан. Ал эми тапкычтык боюнча «Өнөрү бар мышык» аттуу жомокто кыздын да баланын да тапкычтыгы сүрөттөлөт. Жомоктун башкы каарманы Сулайман байдын уулу да, колуктусу аны алдап, арак ичирип, айылдагы бир байга анын үйүн саттырмакчы болот. Себеби, үйдүн астында жети казына бар экендигин Сулайман бай келинине өлөөрдөн мурун айткан болот. Уулуна болсо, «өзүңө сак бол» деп гана айткан болот. Ошол учурда уулу атасынын сөзүн эстеп, колуктусу каалагандай мас болгондой болуп жатып уктамыш болот да, колуктусунун тигил байга жети казына жөнүндө айткандарын угуп калат. Бала эртеси күнү үйдү сатат. Көчүп, үйдү бошотконго бир ай мөөнөт алат. Ал учурда келин өз пландарын ишке ашыруу үчүн баладан ажырап кетет. Бала болсо, досунун төөлөрүн алып келип бир түндө казынанын баарын досунун үйүнө ташып коет.
Элдик даанышмандыкта кайраттуу эмгектин идеясы – баштаган ишти кыйынчылыктарга карабай, сабырдуулук, чыдамкайлык менен сөзсүз түрдө аягына чыгаруу керек экендиги жөнүндөгү ойлор ачык-айкын берилген: «Баштаган ишти таштаба»; «Кулча иштеп, бийче же»; «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң».
Эмгектин негизги өзгөчөлүктөрү, элге белгилүү болгондой эле, аспаптарды, шаймандарды, кошумча каражаттарды колдоно алуу болуп саналат. Эмгекчил адамдын бул жагы да элдик макалдарда айтылып келген. Өндүрүүчүлүк жана техникалык жактары гана эмес, психологиялык аспектиси да чагылдырылган. Т.а., эмгек куралдарын колдонуу, эмгек каражаттарынын сапаты жана эмгектин түрү жөнүндө сөз болуп жатат: «Сая албаган ийне тандайт, саптай албаган учук тандайт»; «Оро албаган орок тандайт».
Эл жөн гана психолог эмес. Ал аябай чебер психолог. Мына, мисалы, эмгектин мотивинин канчалык даражада иштин аткарылышына таасир тийгизээри чагылдырылган макалдар да бар. Алардын ичинен иштин ийгиликтүүлүгүнө мотивдин тийгизген таасири жөнүндө: «Көнүлүң жок болсо, көп нерсе жасай албайсың»; иш-аракеттин мотивдеринин динамикасы жөнүндө: «Көз коркок, кол баатыр»; мотивдердин күчтүүлүгү жөнүндө: «Мээнетиң ачуу болсо, тапканың таттуу болот».
Эмгектин жыйынтыгы акыл-эстен, керектүү ориентирлерден көз каранды болуу идеясы да так баяндалган: «Ат көрбөгөн минип өлтүрөт»; «Акыл менен кылсаң берекет болот». Эмгекчинин сапаттарын баалоо боюнча да өзгөчө жол-жоболор колдонулган: «Эмгекчил кулда чарчоо жок»; адамдын жана анын ишинин маанилүүлүгү жөнүндө: «Уста кандай болсо, устаттык ошондой»; «Тиешең жок ишке киришпе, өз ишиңе зерикпе»; ишти аткаруунун маанилүүлүгү жөнүндөгү ойлорду камтыган макалдар: «Тек турганча, тегин иште»; «Баштаган ишти таштаба»; «Дыйкан болсоң башында бол, чарба болсон кашында бол» .


Достарыңызбен бөлісу:
  1   2




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет