Сборник международной конференции «модернизация сознания: характер передачи образа «Әлем»


Аялдардын ички жана сырткы сулуулугу



Pdf көрінісі
бет39/123
Дата24.08.2023
өлшемі2,86 Mb.
#105558
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   123
Аялдардын ички жана сырткы сулуулугу. 
Бардык доордо жана ар бир элде аял сулуулугу 
сырткы жана ички сапаттар аркылуу бааланат. Аялдын тышкы жана ички дүйнөсүнүн 
көрсөткүчтөрү ар дайым байланышып туруш керек, ошондуктан сырткы сулуулук көрүнүшүн: 
аял келбетинин, жүзүнүн сулуулугун, ажарлуулугун, жылдыздуулугун баалоо акыл-эс 
жөндөмдүүлүктөрүн жана адеп-ахлактык сапаттарын баалоо менен коштолуп турат. Байыркы 
мезгилдердерден бери аял затынын өзгөчө баам-парасаты, акылы, сарамжалдуулугу, чечендиги, 
колунан көөр төгүлгөн чеберчилиги идеалдуу аялдын сулуулук бейнесин түзүп келген. Мисалы, 
«Манас» эпосунда аял жөнүндөгү элдин мүдөөсүндө ички жана сырткы сулуулугу айкашкан аял 
төмөндөгүдөй сыпатталат: 
 
Акылын терең ойлогон, 
Ак сүлөөсүн баштанып
Аста басып сойлогон, 
Ар бир түрлүү жумуштун 
Аркасын аңдап болжогон
«Манас» эпосу, С. Каралаевдин варианты, 2010: 815).
Аялдардын сырткы сулуулугу. Байыркы түрк маданиятында аял затынын сулуулугуна 
караганда анын үй-бүлөдөгү орду, эркектин жары, муундун улантуучусу экендиги биринчи 
планга коюлат. Алардын башкы түшүнүгүндө аял ‒ 
(katun, ebçi, eş, eşlig, evlig, kızgak...)
күйөөсүнүн өмүр шериги, ар кандай күрөштөрдө күйөөсүнүн колдоочусу (атка минүү, кылыч 
шилтеп, жаа атуу); үй-бүлөдө эне, балдарынын мугалими жана тарбиячысы; кол эмгеги менен 
жасалган буюмдардын (идиш, карапа, кийиз, килем, кийим) устасы, коомдо жана мамлекеттик 


«САНАДАҒЫ ЖАҢҒЫРУ: «ӘЛЕМ» БЕЙНЕСІНІҢ РУХАНИ МҰРАЛАРДА БЕРІЛУ СИПАТЫ»
АТТЫ ХАЛЫҚАРАЛЫҚ КОНФЕРЕНЦИЯ
44 
башкарууда бийликтин тең ата шериктеши (Alyılmaz ve Alyılmaz, 2014: 3). Бул айтылгандар 
байыркы түрк коомунда аял затынын акыл-эси үй-бүлөнү, турмуш жайды гана эмес, коомдук 
турмуштун өнүгүшүнө да түздөн-түз же кыйыр түрдө таасир берген деген маалыматтарды 
тастыктап жатат.
Азыркы учурда кыргыз тилинде өз ордун араб тилинен келген «аял» деген сөзгө бошотуп 
берип, семантикалык жагынан өзгөрүүгө учураган «катын» деген сөз Орхон-Енисей жазма 
эстелигинде 
катун // хатун 
турпатында колдонулуп, «эркектин жары, жубайы», «ханыша» 
деген маанилерди туюндурган. Мисалы: 
Умай тег өгим катун кутыңа иним Күл тигин эр ат 
болты. 
«Умай энедей каныша энемдин багына иним Күл-Тегин эр атын (наамын) алды (Орхон-
Енисей тексттери, 1982: 51, 57, 66). Махмуд Кашкаринин «
Дивани Лүгат-ит Түрк»
аттуу 
сөздүгүндө 
киши 
«аял», «эркектин жары» маанисинде колдонулса 
(ol kişi aldımu
«Ал 
үйлөндүбү?»), 
хатун 
«хандын аялы», 
кунчуй 
хатундан бир даража төмөн болгон аял деген 
маанини билдирет. И. В. Кормушин да кытай тилинен алынган 
кунчуй 
сөзү жазма эстеликтерде 
эң көп колдонуларын, «эркектин жары», «даражалуу кишинин аялы» деген маанини туюнду-
рарын белгилеп кетет (Кормушин, 2004: 193). Махмуд Кашкаринин сөздүгүндөгү 
kız
 
сөзү 
төмөндөгүдөй айкаштарда кезигет: 
mening kızım 
«менин кызым’, 
ev kızı 
«үйдүн кызы», 
kız oġlan 
kız 
«турмушка чыга элек кыз» (ДЛТ, 1986: 116).
Азыркы аял маанисин берген 
эбчи
 
сөзү байыркы жазма эстеликтердин бир нечесинде 
кездешет: 
öz ebçi, kunçuyımka bökmedim
«Öz kadın, eşime doyamadım» (E 100, 1), 
ebçime, begime 
bökmedim, adırıldım
«Eşime, beyime doyamadım, [onlardan] ayrıldım» (E 109, 3). Бул сөздүн 
өзөгүндө үй-бүлөдө бала төрөп чоңойткон, тарбиялаган, үй буюмдарын жасап-түзөгөн, үйгө 
жоопкер, эң маанилуу адам деген маани жатат.
«Байыркы түрк сөздүгүндөгү»: 


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   35   36   37   38   39   40   41   42   ...   123




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет