Сборник международной конференции «модернизация сознания: характер передачи образа «Әлем»



Pdf көрінісі
бет41/123
Дата24.08.2023
өлшемі2,86 Mb.
#105558
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   ...   123
Аялдардын сырткы сулуулугу. 
Аялдардын сырткы сулуулугу: келбети, дене-мүчөсү 
дүйнөдөгү жагымдуу деп эсептелген түшүнүктөрдүн баарына: асман телолоруна: айга, күнгө, 
жарык нурга, жарык түскө, баалуу таштарга, айбанаттарга, өсүмдүктөргө, мөмө-жемишке ж.б 
заттарга окшоштурулат. Ошол метафоралашкан заттар сулуулукта колдонулган код-ачкычтар 
болуп эсептелет. Тил илиминде адам баласы өз дене мүчөсүндөгү аталыштарды табияттагы 
башка нерселерди атоодо метафоралык, метонимиялык, синекдохалык жол менен кандай атаса 
(мисалы, булактын көзү, тоонун башы, эшиктин колу, комуздун кулагы ж.б.), тескерисинче, өзү 
үчүн да чындыктагы ар кандай түшүнүктөрдү, жагымдуу нерселерди өзүнө салыштырып, 
окшоштуруп, алардын аталышын кайра өздөрүнө метафоралаштырып колдоно тургандыгы 
жөнүндө айтылат. Мисалы, орус элинин дүйнө-туюмунда 
токой
менен 
дарыя
, казак элинде 
кумдуу чөл, кең талаа
алардын салттуу руханий жана материалдык маданиятынан кабар берип 
турат (Алимбеков 2001: 36). Демек, ар бир эл жашаган топурагынын өзгөчөлүгү менен аял 
сулуулулугун салыштырып карайт экен.
Байыркы жазма эстеликтерде жана «Дивани Лүгат-ит түрктө» аялдардын жүзүнө карата 
ай 
йүзлүк, йалын йүзлүк, йүз көрк, кызыл менгизлиг 
«кызыл жүздүү», башына 
сөби баш 
«сүйрү 
баш», маңдайына 
йарук алын, 
чачына 
кара соч, 
мурунуна 
кивал бурун, текиз көни бурун, 
көзүнө 
бот көз, улас көз 
«сулуу көз», оозуна өтмө мааниде 
айыз, 
сөздөрү колдонулса, сапаттык 
белгилери боюнча: 
торук 
«арык», 
эдгү 
«жакшы», 
ай 
«ай» сөздөрү колдонулган.
 
Махмуд 
Кашгаринин сөздүгүндө берген макалдардын биринде аял затына карата 
мончок
метафорасын 
колдонсо: 
өтлүг йинси йерде калмаз 
«Тешик мончок жерде калбайт», дагы бир макалда: 
yıġaç 
uçunga yeltegir; körklüg kişige söz kelir 
‘Ağcın ucuna yel değer, güzele söz gelir’ деп, güzel kendisini 
korumalıdır деген пикир айтылган. Сөздүктө аялдын сырткы сулуулугуна карата төмөндөгү этиш 
сөздөр колдонулган: 
yıpladı: uraġut yüzin yıpladı 
‘kadın yüzünün kılını iple aldırdı’, 
kırtışlandı:
kız 
kırtışlandı
‘kız güzelleşti, kızın güzelliği arttı’, 
körketti:
kız körketti 
‘kız güzelleşti’ (ДЛТ, 1986: 113, 
205, 228, 352).
Байыркы жазма эстеликтерде аз да болсо сулуу болуу үчүн айтылган акыл-кеңештерди 
уюштуруучу сүйлөмдөрдү да кездештирүүгө болот. Мисалы, 
ечкү сүти бирла йунсар йүз чимсиз 
болур 
«бетиңизди эчки сүтү менен жуусаңыз, бетиңизде бырыш болбойт». 
көз үза сүртсар йема 
едгү болур 
«Эгер зыгыр майы менен көзүңүздү сүртсөңүз жакшы болот» (ДТС, 1969: 146, 163).
«Манас» эпосундагы аялдардын сырткы сулуулугу алардын дене-мүчөлөрү: башы, чачы, 
маңдайы, көзү, оозу, мойну ж.б. күнүмдүк жашоодогу өздөрүнө жакын, жагымдуу, сүйгөн 
конкреттүү нерселери менен – табият менен, жарыктык образдар менен метафоралаштырып, 
оозду оймокко: 
«оймок ооз», «оозу оймоктой»
; кашты калемге, чийге: 
«калем каш», «чийдей 
кашы чийилип», «кара каш»;
тишти акакка, берметке: 
«инжиден аппак тиштүүдөн», «тиши 
тунук акактан», «инжүү тиш», «инжи тиш», «бермет тиш»;
боюн тал чыбыкка: 
«тал 
чыбыктай бою бар»;
бетин нурга, айга, күнгө: 
«бети айдай», «ай чырайлуу», «бети нурлуу», 
«нурдуу кызыл бети бар», «Кардан аппак этин көр, Кар үстүнө кан тамса, Канды көр да бетин 
көр»
; моюнун короздун, турнанын моюнуна: 
«короз моюн», «турна моюн» 
деген 
окшоштурууларды уюштурган тилдик код-ачкычтардан ачык байкоого болот («Манас», 
Орозбаковдун варианты). Сулуулуктун бир белгиси катары колдонулган 
оймок, акак, бермет, 
инжи, чий
ж.б. маданий код-ачкычтар – булар кыргыз дүйнө таанымын, маданиятын 
чагылдырган тилдик маданий код-ачкычтар. Кыргыз элинин аялдардын сулуулугун башка алыс 
нерселер менен эмес, ошол аялдардын өздөрү күнүмдүк турмуш-тиричиликте пайдаланган 
заттары менен (
оймок, чий, акак, бермет, инжи 
ж.б.) байланыштырып карагандыгы көңүлдү 
бурат.
Эпосто сулуу аялдардын башы кичинекей, тоголок формада болгондугу үчүн түймөгө, 
алмага салыштырылат: 
«алманы көр, башын көр», «жазык маңдай, түймө баш», «элик моюн, 
түймө баш», «короз моюн, түймө баш», «алтындан түймө баштуулар», «алмадай назик 


МЕЖДУНАРОДНАЯ КОНФЕРЕНЦИЯ «МОДЕРНИЗАЦИЯ СОЗНАНИЯ:
ХАРАКТЕР ПЕРЕДАЧИ ОБРАЗА «ӘЛЕМ» В ДУХОВНОМ НАСЛЕДИИ
47 
баштуудан»
ж.б. («Манас», Орозбаковдун варианты). Мында баш органы үчүн өсүмдүк, заттык
 
код-ачкычтары – 
алма
жана 
түймө
. Булар тигил же бул улутка тиешелүү гана маданий код-
ачкычтар болууга тийиш, анткени бардык эле элде башты тоголок формада болгон түймө же 
алма сыяктуу заттар менен байланыштыра бербейт. Баштын жакшынакай формасынын чен-
өлчөмү катары Европада сүйрү форма артыкчылыкка ээ. Ал эми аялдардын чачы кыргыз 
тилинде көбүнчө


Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   37   38   39   40   41   42   43   44   ...   123




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет