Экинчиден, мамлекеттин ар бир жараны, асыресе, мектеп окуучусу тилди үйрөнүүгө жана сүйлөөгө болгон ички зарылдыкты сезүүсү, каалоо сезиминин ойгонуусу, оң ниеттин түптөлүшү, ички керектөөнүн (мотивация) жаралуусу. Тилди колдонуу аркылуу инсандык алакаларга, жазуу жана оозеки
байланыштарга (коммуникация) карата ички даярдыгынын (интенция) ойгонуусу.
Үчүнчүдөн, тилди үйрөнүүгө киришкен башка улуттун баласы «Мен келечекте ушул мамлекетте
жашайм жана иштейм. Бул тил менин жашоо куралым болот, андан ийгилик табам, чоңоюп кызматтарда
иштейм, ошон үчүн билим алам» - деген келечектүү кызыкчылыктын, оң мотивдин болуусу; Төртүнчүдөн, күндө ал тилде сүйлөөгө болгон турмуштук күндөлүк жандуу практиканын болушу, класстагы ар бир сабакта мугалим менен окуучу ошол тилде гана баарлашуусу, сабакттын
түздөн-түз ошол тилде гана жүрүүсү.
Булардын натыйжасы- мектепте көп тилдүү окуучуну даярдап чыгарууга бармакчы.Бирок бүгүн
биздин коомго көп тилдүү эле окуучу керекпи? Жок, көп маданияттуу да окуучу керек. Анткени бири-
биринин улуттук тилин гана эмес, улуттук нарктарын, салттарын, ыйык түшүнүктөрүн да билген жана
сыйлаган инсан керек. Ошондо гана- көп тилдүү баладан-көп тилдүү инсанга, көп маданияттуу
окуучудан-көп маданияттуу инсанды өстүрүп чыгарабыз-деген багыт карманылмакчы. Бул
айтылгандарды жыйынтыктап келсек, ойлордун чордонунда тилге үйрөнүүгө болгон эки нерсе: тил