БҮГҮНКҮ КООМДОГУ ТИЛ ҮЙРӨТҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА ПРОФЕССОР Ф.Ш.ОРАЗБАЕВАНЫН «ТІЛДІК ҚАТЫНАС» АТТУУ ЭМГЕГИНИН ТЕОРИЯЛЫК- МЕТОДИКАЛЫК МААНИ-МАӉЫЗЫ ТУУРАЛУУ
Рысбаев С. Кыргыз Республикасы,
Кыргыз билим берүү академиясынын
лаборатория башчысы, п.и.д., профессор
Аннотация: Макалада тилди окутуу жана үйрөтүү, тилдин турмуштук баалуулуктары тууралуу сөз
болот. Тилди үйрөнүүнүн учурдагы методологиялык багыттары айкындалат. Тил үйрөтүүдөгү кеп
ишмердүүлүк, профессор Ф.Ш.Оразбаеванын «Тілдік қатынас» аттуу эмгегинин теориялык-методикалык
маани-маӊызы тууралуу кеңири айтылат.