Зордук-зомбулукту



Pdf көрінісі
бет11/18
Дата15.03.2017
өлшемі4,11 Mb.
#9491
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   18

77

циалдык педагог, психолог же директордун орун басары  диагностикалык, социалдык-
психологиялык,  медициналык  жана  укуктук  жардам  берүү  үчүн  окуучуну  өнөктөштү 
психологиялык  кызматтарга,  медициналык  жана  социалдык  мекемелерге  жана  укук 
коргоо уюмдарына жөнөтүшү мүмкүн. 
Баштан өткөн зомбулук баланын сабакка болгон жетишүүсүндө чагылышы ыкты-
мал.  Бул  жагдайды  мугалимдердин  талаптарын  жабырлануучунун  реабилитация  учу-
рундагы сабакка жетишүүсүнө карата адаптациялоо үчүн эске алуу керек.  
 
Зомбулук кљрсљткљн тарап менен иштљљ 
Жабырлануучу  менен  сүйлөшкөндөн  кийин  мугалим  зомбулук  көрсөткөн  тарап 
менен да сүйлөшүүсү керек. Эгер алар бир нече адам болушса, алар бири-бири менен 
сүйлөшүп алышып, топтук коргонууну даярдап алуу мүмкүнчүлүгү болбошу үчүн, алар-
дын ар бири менен өз-өзүнчө сүйлөшүү зарыл. Мындан кийин бардык таарынтуучулар 
менен бирге сүйлөшүү керек.  
Зомбулук көрсөтүүчү тарап кырдаалды өзүнүн көрүүсүндө толугу менен баяндап 
бергичекти,  шашылган  күнөөлөөлөр  жана  коркутуулардан  кармануу  өтө  маанилүү. 
Болбосо, ал бир нерсе айтуудан баш тартат же агрессивдүү түрдө, баардыгы үчүн жа-
бырлануучуну жана башка жагдайларды күнөөлөө менен, коргоно баштайт. Эгер зом-
булук  көсөтүүчү  зомбулуктук  аракеттерди  аткарып  же  кодулоого  алып  жаткан  учурда 
кармалбаса.  Ал  жасалган  нерсени  моюнуна  албашы  мүмкүн.  Каяша  айтышуулардан 
оолак болуш үчүн, мугалим жай, бирок ишенимдүү түрдө зомбулукка анын катышы бар 
фактысы  аныкталгандыгын  жана  окуу  жайдын  кызматкерлеринин  арасында  –  башка 
окуучулардын  билдирүүлөрүнө  шилтеме  жасабаш  керек  -  жетишээрлик  күбөлөр  бар 
экендиги күмөн жаратпагандыгын айтуу керек.  
Зомбулук  көрсөтүүчү  менен  биринчи  сүйлөшүүдө  мугалимдин  милдети  –  ал  бул 
инцидентти кандай кабыл алып жаткандыгын, өзүнүн жүрүм-турумун жана анын мотив-
дерин  кандайча  сүрөттөп  бере  ала  тургандыгын  билип  алышы  керек.  Сүйлөшүү  учу-
рунда көздүк байланышты колдоп туруу жана зомбулук көрсөтүүчүнүн реакцияларына 
жакшылап байкоо салуу маанилүү. Бул, зомбулук көрсөтүүчү менен кийинки иш алып 
барууну тиешелүү түрдө пландоо үчүн ал чынында эле кандай максаттарды көздөгөн-
дүгүн түшүнүүгө жардам берет.   
Тактоочу  суроолорду  берип  жатып  же  болгон  окуяны  талкуулап  жатып,  көңүлдү 
жабырлануучу  жана  зомбулук  көрсөтүүчүнүн  инсандыгына  эмес,  зомбулуктук  аракет-
терге  (ким  тарабынан  жана  эмне  себеп менен  жасалгандыгына  карабастан)  концент-
рациялаш  керек  жана  кодулоолорго,  күч  колдонууларга  жана  психологиялык  басын-
тууга жол берилбей тургандыгы тууралуу бекем айтуу керек. Сүйлөшүү күнөөлүүнү из-
дөөгө  чейин  түшүп  кетпеши  керек.  Мугалимдин  бекемдиги  жана  токтоолугу,  сүйлө-
шүүнүн предмети – күнөөлүнү издөө эмес, анын предмети зомбулук менен байланыш-
кан аракеттерди аныктоо, жана дал ошол аракеттер ага карата тарбиялык жана дис-
циплинардык  чараларды  көрүүгө  алып  бара  тургандыгына  зомбулук  көрсөтүүчүнү 
ынандырууга жардам берет. 
Эгер  зомбулук  көрсөтүүчү  же  зомбулук  көрсөтүүчүлөр  өздөрүнүн  аракеттеринин 
адекватсыз  экендигин  таанышса  жана  кызматташууга  даярдыгын  көрсөтүшсө,  анда 
сүйлөшүү  алардын  кодулоону  токтотуу  жана  башка  окуучулар  тарабынан  жасалган 
ушул сыяктуу аракеттерге бөгөт коюуга сөз бериши менен аякталышы мүмкүн. Ошол 
эле учурда, зомбулук көрсөтүүчү менен, өзүнүн жүрүм-турумунун өзгөрүшүн досторуна, 
башка окуучуларга кандайча түшүндүрөөрүн, “өзүнүн жүзүн” кантип сактап калышы ке-
ректигин  талкуулоо  керек.  Мугалим  зомбулук  көрсөтүүчүлөргө  болгон  окуя  тууралуу 
алардын ата-энелерине маалымдалаарын, ал эми алар өздөрү чоӊ кишилердин көзө-
мөлүндө болушаарын эскертиши керек. Бир канча убакыттан кийин (болжол менен бир 
78

жумадан кийин же андан эртерээк), окуучулар алардын жүрүм-турумдарына көз салы-
нып  тургандыгын  жана  мугалимдер  кырдаалды  көзөмөлдөп  тургандыгын  түшүнүшү 
үчүн,  кийинки  сүйлөшүү  болушу  керек.  Көп  учурларда  кодулоо  менен  байланышкан 
кырдаал, зомбулук көрсөтүүчү (зомбулук көсөткөндөр) жана жабырлануучу (жабырла-
нуучулар) мугалимдин катышуусунда жолугушкан учурда, өзүнүн күчүн жоготот. Мын-
дай жолугушуу жарашууну бекемдөө мүмкүнчүлүгүн берет.  
Көпчүлүк зомбулук көрсөтүүчүлөр, айрыкча орто жана жогорку өспүрүм курактагы 
балдар, зомбулук аракеттерди мүнөзүнүн ачуулусунан улам же өзүн коргоо максатын-
да жөн гана жасашпастан, башка окуучуларды системалуу түрдө кодулоого жана кор-
доого толук аӊ-сезимдүү жана ойлонулган түрдө барышат. Ага кошумча, алар жабыр-
лануучуну кемсинтүүнүн жана бөлүп обочолонтуунун эӊ одоно методдорун тандашат, 
күбөлөрдү  өздөрүнүн  ырайымсыздыгы  менен  коркутушат,  калган  окуучулардын  кар-
шылык көрсөтүүгө болгон эркин басып салышат. Мындай зомбулук көрсөтүүчүлөр ме-
нен  иш  алып  барууда  “акыл  айтуулар”,  уяткаруулар,  намысты  сактоого  болгон  чакы-
рыктар жана жабырлануучунун ордуна өзүн коюп коюуга болгон сунуштар – жакшы де-
ле  тактика  эмес.  Дисциплинардык  чараларды  колдонуу  жөнүндөгү  эскертүүлөр  (ата-
энелерди  мектепке  чакыруу,  мектеп  директору  менен  сүйлөшүү,  мектеп  кеӊешинде 
талкуулоо, эскертүү, сөгүш, мектептин ички каттоосуна жана эрезеге жете элек балдар 
менен иштөө боюнча инспекциянын каттоосуна  коюу, тарбиялоонун өзгөчө шарттары-
на  муктаж  окуучулар  үчүн  атайын  мектепке  которуу,  укук  коргоо  органдарына  билди-
рүү,  окуу  жайдан  чыгаруу)  кодулоону  токтотуунун  таасирдүүрөөк  ыкмасы  болушу  ык-
тымал. А бирок бул зомбулук көрсөтүүчүлөрдүн жүрүм-турумун көкүткөн, тереӊ себеп-
терди жок кылуу боюнча алар менен иш алып барууну жокко чыгарбайт, ал анын бо-
лушун шарттайт.  
Зомбулуктан жабыр тарткандар сыяктуу эле, зомбулук көрсөтүүчү тарапка да пси-
хологдун  жардамы  керек  болушу  мүмкүн;  агрессивдүү  жүрүм-турумдун  себептерин 
аныктоого жана аны коррекциялоо үчүн аларга  (ата-энелердин макулдашуусу боюнча) 
психологиялык диагностика, жеке психологиялык кеӊеш алуулар жана топтук тренинг-
дердин сериясы сунушталышы мүмкүн.  
 
Кїбљлљр менен иштљљ 
Көп  учурда  зомбулук  күбөлөрдүн  катышуусунда  жасалат  –  зомбулук  көрсөткөн-
дөргө көрүүчүлөр керек, ал муну менен өзүн көрсөтүп, топтогу өзүнүн башкы статусун 
бекемдегиси  келет.  Ошондуктан  класс  жетекчинин  же  психологдун  милдети  –  коду-
лоолорду кумардануу менен карап турган (же жабырлануучунун ордунда болуп калуу 
коркунучу менен), зомбулук көрсөткөн тарапты колдогон же эч нерсе болбогондой түр 
көсөткөн күбөлөрдүн зомбулукка болгон мамилесин өзгөртүү. 
Көпчүлүк  балдар  өздөрүнүн  жабырлануучуга  карата  жасаган  өздүк  аракеттерин 
же  башкалардын  аракеттерин  зомбулук  катары  кабыл  алышпайт.Алар  кимдир  бирөө 
башка бир окуучуну шылдыңдап, түртүп, силкип, дубалга такаган же анын буюмдарын 
тартып алып, аларды айлампа боюнча ыргыткан же катып алган учурда, алар буга оюн 
катары, тамаша катары, көӊүл ачуу катары мамиле кылышы мүмкүн. Мугалимдин мил-
дети так, бекем, насаат айтуусуз жана жабырлануучуну камтыбастан, мындай аракет-
тер кодулоо жана кордоо болуп саналарын, жана аларга жол берилбестигин белгиле-
ши керек. Алдын-алып же күбөлөрдүн актанууларына жооп катары мугалим, инсандык 
өзгөчөлүктөр (физикалык кемчиликтер, бийик эмес интеллектуалдык жөндөмдөр, начар 
мүнөз,  “эч  кимге  жакпайт”,  “баарына  тийише  берет”,  “ал  үчүн  оюндан  утулуп  калдык” 
ж.б.)  кодулоонун  жана  кордоонун  себеби  жана  актоосу  боло  албастыгын  айтышы  ке-
рек. Мугалим күбөлөрдү өздөрүн кодулоого кабылган жабырлануучунун ордуна (бирок 
конкреттүү  түрдө  кодулоого  туш  болгон  окуучуну  эмес,  себеби  аны  класста  анчейин 
79

жакшы көрүшпөгөн чыгар) коюп көрүп, алар кандай сезимдерге кабылгандыгын, эмне 
сезгендигин сүрөттөп берүүсүн сурана алат. Баардыгы жабырлануучунун ордунда бол-
гусу келбегендиктерин билдиришкенден кийин, мугалим муну зомбулукка жол бербөөгө 
тиешелүү, класстын эрежелерине кол коюу менен бекемдөөнү сунушташы мүмкүн.  
 
Окуяны аягына чыгаруу 
Зомбулук көрсөтүлгөн окуя төмөнкүлөр аткарылгандан кийин аякталды деп эсеп-
телет:  зомбулуктун  бардык  катышуучуларына  жардам  көрсөтүү,  зомбулук  көрсөткөн-
дөргө  карата  тарбиялык,  жана  зарыл  болгон  учурларда,  дисциплинардык  чараларды 
көрүү,  класстагы  абалды  өз  нугуна  келтирүү  жана  зомбулук  көрсөткөндөр  тарабынан 
(жабырлануучуга же башка окуучуларга карата башка тараптардын) зомбулуктун көрү-
нүштөрүнүн 3-4 жума аралыгында байкалбагандыгы. Окуяны аяктоодо көрүлгөн чара-
лар тууралуу, көрсөтүлгөн жардамдар тууралуу жана жетишилген жыйынтыктар туура-
луу зомбулук окуяларын каттоо формасында жана журналында жазуулар жазылат.  
Зомбулук  көрсөтүлгөн  учурларды  аныктоо  (маалымдоо)  жана  аларга  карата  ча-
раларды көрүү боюнча аракеттердин кыскача схемасы 9-сүрөттө берилген, ал эми би-
лим берүү процессинин катышуучуларынын зомбулукту бөгөттөө жана зомбулукка тар-
тылган тараптарга жардам көрсөтүү аракеттеринин так алгоритми тиркеме 7 берилген. 
 
9-сүрөт. Билим берүү мекемесинде зомбулук көрсөтүлгөн учурларды аныктоо жана 
аларга карата чараларды көрүү боюнча аракеттердин кыскача схемасы 
 
 
 
 
 
 
ңңңңңңңңңңңңңң
 
 
 
 
 
 
 
Пикир келишпестикти алдын-алуу жана чечїї їчїн окуучу-
ларды тартуу 
Окуучулар  ортосундагы  конфликттер  күн  сайын,  жада  калса    биримдиктүү  жа-
мааттарда  да  болуп  келүүдө.  Мугалимдин  же  окуу  жайдын  башка  кызматкеринин  ка-
тышуусу мушташты же кодулоону токтотуу үчүн керек. Бирок дайыма эле чоӊ кишилер 
тараптарды  жараштыра  албайт;  конфликттер  кайра  кайталанышат,  кодулоолор  ула-
нат. Көп учурда окуучулар өздөрү конфликтти токтото алышат жана тараптарды, чоӊ-
дорго  караганда  кыйла  натыйжалуураак,  жараштыра  алышат.  Бул  үчүн  окуучуларга 
педагогдор  жана  мектеп  администрациясы  тарабынан  жардам  жана  колдоо  керек, 
ошондой  эле  жараштыруунун  атайын  көндүмдөрү  жана  жараштыруу  технологиясын 
билүү керек болот.  
Кыргызстанда  “Зомбулуксуз  мектеп”  программасынын  алкагында  “Жараштыруу 
мектептери” жайылтылган. Алар атайын даярдалган ортомчулардын (медиаторлордун) 
ишмердүүлүгүндө  курулган,  алар  чатакташып  жаткан  тараптарга  чатактын  себебин 
аныктоого  жана  жарашууга  жардам  берет.  Медиаторлордун  катышуусу  менен  жүргөӊ 
бирнече жолугушуулардын жүрүшүндө, зомбулук көрсөтүүчү менен жабыр тарткан та-
1
.
Зомбулук болгон окуя 
тууралуу маа-
лымдоо/зомбулук болгон 
окуяны аныктоо
 
2. Зомбулукту токтотуу 
максатында дароо кий-
лигишүү 
3. Жабырлануучуга 
алгачкы жардам 
көрсөтүү 
4. Зомбулук болгон 
окуяны талдоо жа-
на каттоо 
5. Жардам көрсөтүү, тарби-
ялык жана дисциплинардык 
чараларды көрүү жана окуя-
ны аяктоо 
80

раптын ортосунда мамилелер өзгөрөт: бири-бирин катуу жек көрүүдөн акырындар оту-
руп тараптар бири-бирин түшүнүүгө чейин келишет. Конфликттин ар бир тарабы өзүн 
түшүнүүнүн,  карама-каршы  тарапты  түшүнүүнүн  (сезимдерди,  абалдарды,  аракеттер-
дин  мотивдерин)  жана  зомбулуктун  өзү  үчүн  жана  башка  үчүн  кесепеттерин  түшү-
нүүнүн  бир  нече  этабын  басып  өтөт.  Мындан  кийин  тараптар  кырдаалдын  өзгөрүшү 
үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышат жана жарашуунун жолдорун табышат.  
Жараштыруу кызматы окуучулардын, алардын ата-энелеринин, мугалимдеринин 
демилгеси менен түзүлүшү мүмкүн, бирок анын милдеттери билим берүү мекемесинин 
жетекчилигинин мындай кызмат тууралуу атайын жобо менен бекитилиши керек. Неги-
зи жараштыруу кызматын директордун тарбия иштери боюнча орун басары, социалдык 
педагог же мектеп психологу жетектейт.  
Билим берүү мекемесиндеги жараштыруу кызматтары тууралуу типтүү жоболору-
нун үлгүлүк түзүлүшү тиркеме 4 берилген.  
 
Пикир  келишпестикти  алдын-алуу  жана  чечїї  їчїн  ата-
энелерге маалымдоо жана аларды ишке тартуу 
Ата-энелердин  баланын  жүрүм-туруму,  ал  жасаган  же  ага  карата  жасалган  зом-
булуктук  аракеттер,  алардын  кесепеттери,  билим  берүү  мекемесинин  кызматкерлери 
тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарды өз убагында жана толук көлөм-
дө  алууга  укугу  бар.  Ошондуктан  класс  жетекчи,  мектептин  жетекчилиги  болгон  окуя 
туурасында жабырлануучу окуучунун ата-энесине да, ошондой эле зомбулук көрсөткөн 
окуучунун ата-энесине маалымдоого милдеттүү. Ата-энелерге болуп өткөн окуя жана 
көрүлгөн чаралар тууралуу каттоо жазууларынын көчүрмөсүн берүү керек.   
Жабырлануучунун  жана  зомбулук  көрсөтүүчүнүн  ата-энелери  мектепке  окуяны 
өздөрү  териштирип  алуу  жана  балдар  менен  сүйлөшүү  ниети  менен  келиши  мүмкүн. 
Эгер жабырлануучунун ата-энелери зомбулук көрсөткөн тарапты күнөөлөп жана корку-
та  башташса,  ал  эми  зомбулук  көрсөтүүчүнүн  ата-энеси  болгон  окуя  үчүн  жабырла-
нуучуну күнөөлөшсө, бул жараштыруу үчүн кошумча тоскоолдуктарды жана балдарды 
шылдыңга алуу үчүн шылтоону жаратат. Ошондуктан, инцидент тууралуу ата-энелерге 
маалымдап  жатып,  класс  жетекчи,  жаӊы  конфликттердин  жаралышына  жол  бербеш 
үчүн  аракеттердин  планын  дароо  эле  иштеп  чыгышы  керек.  Болуп  өткөн  окуяны  жа-
бырлануучунун ата-энеси  менен, зомбулук көрсөтүүчүнүн ата-энеси  менен, тараптар-
дын аракеттерине жана алардын натыйжаларына көӊүл буруу менен, күнөөлүнү изде-
бестен, өз-өзүнчө талкуулоо керек  
Ата-энелерге төмөнкүлөрдү түшүндүрүү керек:  

 
билим берүү мекемесинде зомбулукка жана кодулоолорго орун жок; 

 
мугалимдер, психолог, социалдык педагог баардыгына жардам берүүгө даяр бо-
лушу керек;  

 
ата-энелер балага өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө жардам бере алышат; 

 
эгер  зомбулук  токтотулбаса  мектеп  администрациясы    зомбулук  көрсөтүүчү  та-
рапка  жана  жабырлануучуга  карата,  эгер  акыркысы  өзүнүн  араакеттери  менен 
конфликтти көкүтсө, тарбиялык жана дисциплинардык чараларды көрүүгө аргасыз 
болот.  
Сүйлөшүүдө өзгөчө көӊүлдү, ата-эне жана мугалимдер, психолог, социалдык пе-
дагог, балага өзүнүн жүрүм-турумун өзгөртүүгө – кодулоолорду, кемсинтүүлөрдү, муш-
таштарды жана башка зомбулук аракеттерди токтотууга, кечирим сурап, жарашууга же 
өзүн ишенимдүүрөөк алып жүрүүгө жана каршылык көрсөтүүгө жардам берүү үчүн бала 
менен (зомбулук көрсөтүүчү жана жабырлануучу) кантип иштей алышарына буруу ке-
рек.  
81

Зомбулук  көрсөтүүчүнүн  ата-энесинин  өз  баласынын  зомбулуктук  аракеттерин 
токтотуусуна жетишүү үчүн күч колдонуу жана коркутуу аракеттери менен жетишүүсү-
нүн  алдын-алуу  керек.Алардын  мугалим  менен  жалпы  милдети  –  балага  өз  жүрүм-
турумун  анализдөөгө,  өз  жоруктарынын  чыныгы  мотивдерин  түшүнүүгө,  ал  кодулоого 
алган баланын ордуна өзүн кою көрүүгө, ушундай кырдаалга ал да туш болоорун ой-
лонуп көрүүгө, зомбулукту токтотуу чечимине  келүүгө үйрөтүү. Жабыр тартып жаткан 
баланын ата-энесинин милдети – баласына ишенимдүүлүктү жандандыруу, коркунучту 
жеӊип сыгуу жана ички ресурстарды мобилизациялоого жардам берүү.  
Балким,  зомбулук  көрсөтүүчүнүн  жана  жабырлануучунун  ата-энелери  менен,  ко-
дулоолорду токтотуу үчүн, же, алар уланып кайталанган учурда, баланы башка класска 
же мектепке которууну талкуулоо үчүн бир нече жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр та-
лап кылынаар. Эгер зомбулук жана кодулоолор токтотулбаган учурда окуу жай жасай 
турган курч чаралар: ички иштер органдарына, балдар иши боюнча комиссияга билди-
рүү, тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаждарды мектеп-интернатка же балдар ме-
нен өспүрүмдөр үчүн училищелерге которуу тууралуу ата-энелер кабардар болушу ке-
рек.  Ата-энелер  баланын  саламаттыгы,  жетилүүсү  жана  тарбияланышы  үчүн  Кыргыз 
Республикасынын  улуттук  мыйзамдарына  ылайык  жоопкерчиликте  экендиги  тууралуу 
кабардар болушу керек.  
Класс  жетекчи  же  башка  мугалим,  окуучу  өзүн  класста  (топто)  ыӊгайсыз абалда  
сезип жаткандыгын же өзүн адекватсыз алып жүргөндүгүн (тартынып, уялып, бир нер-
седен коркуп же, тескерисинче, агрессивдүү, чыр, чычалама абалда болгондугун) бай-
каганда,  бул  тууралуу  ата-энелерге  маалымдашы  керек  жана  алар  менен  баланын 
окуу жамаатында жакшы адаптацияланышы үчүн кантип жардам берүү керектигин тал-
куулоо керек. Ата-энелер менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө уяңдыкты жеңип чыгуу үчүн 
же агрессивдүүлүктү басаңдатуу үчүн, агрессивдүү жүрүм-турумдун себептерин анык-
тоо боюнча биргелешкен аракеттер туурасында да сүйлөшүү керек.  
47
                                       
47
 Кравцова М.М. Куулган-балдар. Көйгөй менен психологияк иш. - Москва, 2005. 
82
47
Зомбулукка кабылган баланын ата-энесине кеӊеш
47
 

Балаңызга
 жүрүм-турум тактикасын өзгөртүүнү сунуштаңыз. Бала өзүн чөйрө 
тарабынан
 тапшырыкталган схема боюнча алып жүрөт. Бирок ал стандарт-
туу
 шарттарга күтүүсүз түрдө реакция кылса, анда, балким, ал өзүнүн арты-
нан
 түшкөндөрдү түйшөлтүп гана тим болбостон, ошондой эле түзүлгөн кыр-
даалды
 жеңип чыгууга кадам таштайт. Мисалы, балага ыйлагандан же зом-
булук
 көрсөтүп жаткандарды ургулоонун ордуна, зомбулук көрсөтүп жаткан-
дардын
 көзүнө карап туруп, жай гана: “Эмне болду ошондо?”, - деп сура деп 
же
 алар менен кошо күлө баштоону сунуштаңыз. Башкача айтканда, андан 
таптакыр
 күтпөгөн кадамдарды жасоо.  

Эгер
  кырдаал  өтө  тереңдеп  кетсе,  мисалы,  баланы  дайыма  кемсинтип,  же 
ур
-соккуга  алышкан болсо,  -  дароо реакция  кылыңыз.  Биринчи  кезекте,  ба-
ланы
  зомбулук  көрсөткөндөрдөн  алыстатыңыз  –  аны  мектепке  жөнөтпөӊүз. 
Балага
 ал туш болгон психологиялык жаратты жеңип чыгууга жардам берүү 
керек
,  ошондуктан,  эӊ  алды  менен,  аны  башка  класска  которууга  туура  ке-
лет
.  Бала  теӊтуштарынан  коркпогонго  үйрөнүшү  жана  аларга  ишениши  ке-
рек
.  

 
48
 
 
 
 
                                       
48
 Романова  О.Л.  Мектептеги  кодулоону  токтотуу.  Мектеп  мугалимдери,  психологдор,  социалдык  педагогдор  үчүн 
колдонмо. - Москва. 2005. 
 
 
 
 
 

Эгер  баланы  класста  кабыл  алышпаса  жана  жектешсе  (эреже  катары,  кан-
дайдыр-бир  физикалык  кемчиликтерден  же  жүрүм-турум  маселелеринен 
улам), ата-энелер балага бул сезимдерди жеӊип чыгууга, кемчиликтерди ар-
тыкчылыктарга  айландырууга  жардам  бериши  керек.  Бул  үчүн  ата-энелер 
ярлыктарды байлоодон баш тартышы керек: “сен кандай олдоксонсун!”, “сен 
кайра эле бул жөнөкөй маселени кантип чечүүнү билбей турасыңбы”, “эмне 
үчүн сен ат сыяктуу секирип жатасыӊ”. Бала алгач сокур сезим менен, жана 
андан кийин аӊ-сезимдүү түрдө, ага чоӊдор тарабынан жазылган ролдордон 
улам өзүнүн жүрүм-турумун кура баштайт. 
 
Жаӊы окуучунун ата-энесине кеӊеш 

Бала  же  өспүрүм  биринчи  жолу  класска  барардан  мурун,  класс  жетекчиси 
менен  жолугушуп,  класстагы  абал  жана  “күчтөрдүн  жайланышы”  кандай 
экендигин  билиңиз.  Өз  балаңыздын  өзгөчөлүктөрүн  жана  класстагы  кыр-
даалды билип, мугалим менен бирге сиздин балаңызды кабыл албоону жана 
ага карата агрессияны эмне провакациялашы мүмкүн, жамаатка тез “арала-
шууга”  эмне  жардам бере  тургандыгын  талкуулаңыз.  Бул  жөнүндө  балаңыз 
менен  сүйлөшүңүз,  аны  позитивдүү  багыттаңыз.  Колдоо  көрсөтүүгө  убада 
бериңиз.  Жаӊы  досторун  үйгө  чакырыңыз,  алардын  мамилелерин  демилге-
леңиз.  Сөзсүз  башка  ата-энелер  менен  мамилелерди  кармап,  алар  менен 
класстагы иштерди жана окуяларды талкуулап, мектепте болуп жаткандарды 
билип туруңуз. 
 
83
Зомбулук көрсөткөн
 
баланын ата-энесине кеӊеш
48
 

Сиздин
  балаңыз  эмне  үчүн  зомбулукка  баргандыгын  аныктаңыз  жана,  се-
бепке
  карабастан,  ага  өзүн  жабырлануучу  тараптын  ордуна  коюп  көрүүнү 
сунуштаңыз
.  Зомбулук  көрсөткөн  тарапка  жабырлануучунун  толгонууларын 
жана
 сезимдерин жеткирүү маанилүү. Бул зомбулук көрсөткөн тарапка анын 
жоруктарынын
  туура  эместигине  жана  кырдаалды  оңдоонун  зарылдыгына 
ынандырууга
 жардам берет.  

Кырдаалды
  оңдоо  үчүн  балаңыз  эмне  жасай  тургандыгына  кызыгып  сура-
ңыз
,  жана  кичине  убакыт  өткөндөй  кийин  ал  кандайча  ишке  ашкандыгына 
кызыгып
 көрүңүз. 

Балага
  жабырлануучудан  кечирим  суроону  сунуштаңыз,  бул  алсыздыктын 
эмес
, күчтүн белгиси экендигин түшүӊдүрүӊүз.  

Конфликттик
  кырдаалдан  же  башка  адамдын  агрессиясынан  жумушта,  үй-
бүлөдө
,  коомдук  жайда  кантип  чыккандыгыңыз  жөнүндө  жашоодон  мисал 
келтириңиз
. Бул мисал конфликтти чечүүгө карата конструктивдүү мамилени 
берет


Баланын
  жүрүм-турумуна  жана  көңүлүнө,  андагы  каардуулук  менен  ыра-
йымсыздыктын
  чагылдырылышына  байкоо  салыңыз.  Эгер  сиздин  көз  кара-
шыӊызча
,  агрессияны  жеңип  чыгууда  балага  медициналык  же  психология-
лык
 жардам талап кылынса, анда врачка же психологго кайрылыңыз. 

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Эгер  баланы  жемелеп  жатышса,  иштин  чоо-жайын  дароо  изилдеп  билиңиз. 
Бала менен жүрүм-турумдун түрдүү алгоритмдерин “ойноп көрүңүз”, алар аг-
рессияны  басаңдатууга  жана  жагымсыз  кырдаалдардан  татыктуу  чыгууга 
жардам берет. Эгер маселени чечүүгө мүмкүн болбой жатса, аны чечүүгө му-
галимдерди,  мектеп  психологун  тартуу  керектигине  балаңызды  ишендири-
ңиз. Эгер эч нерсе жардам бербесе, башка класска же башка мектепке кото-
руу жөнүндө ойлонуңуз. 
 
84
 
Баланы
  мектепке  узатып  жатып,  ата-эне  ага,  жамаатка  аралашуу  жана  досторду 
табуу
 боюнча, өздүк мисалдар менен бекемделген, бир нече төмөнкүдөй практика-
лык
 кеңештерди берүүсү керек:  

бой
 көрсөтпөө жана башкалардын үстүнөн артыкчылыгын көрсөтпөө; 

өзүнүн
  буюмдары  жана  ата-энесинин  мүмкүнчүлүктөрү  менен  мактанбоо  – 
бул
 анын жетишкендиги эмес;  

обу
 жок тийишпөө жана кыжырына тийбөө; 

өзүнүн
 физикалык күчүн көрсөтпөө, бирок өзүнүн алсыздыгын да ачыктабоо; 

оруу
, физикалык кемчилик үчүн ага боору ооруга чакырбоо; 

кемсинтүү
 үчүн шылтоо бербөө, кадыр-баркын жоготпоо;  

мугалимдерге
 ушак ташыбоо жана аларга жагынбоо;  

класстык
  иш-чараларга  катышуу  (жүрүш,  экскурсия,  майрамдык  салтанат-
тар
); 

өзүнүн
 билгичтиктерин жана талантын классташтары сыймыктана тургандай 
кылып
 колдонуу – класстын жана мектептин кадырын коргоо! 

классташтары
 менен тил табышуу; 

достукту
 кадырлоо; 

досторду
 жана адилетсиз ызага туш болгондорду колдоо жана коргоо. 
 

ГЛОССАРИЙ 

Достарыңызбен бөлісу:
1   ...   7   8   9   10   11   12   13   14   ...   18




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет