Адабияты бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун 1991-94-жылдары Аксы районунун «Ленинчил жаш» орто мектебинде мугалим болуп баштаган



Pdf көрінісі
бет2/3
Дата15.03.2017
өлшемі358,1 Kb.
#9825
1   2   3

 

 

Балдарыма 

 

Тоолордой максатты бийик койгом,  



Дагы эле максатым бийик бойдон.  

Нурлары уулума төгүлсүн деп,  

Бактымды жылдыздарга илип койгом. 

 

Калтырбай күндөрүмдү көп кейиткен,  



Бактымды гүлзарларга мен бекиткем.  

Сербейген сары кызым жыттасын деп,  

Күлкүмдүн чачыласын сээп кеткем. 


 

30 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Мезгил жана тагдыр 

 

Өткөндү эстей берем,  



Ал кезде жап-жаш элем.  

Жаркыган ошол жазда,  

Жолуккам сени менен 

 

Жашыл жаз артта кальш,  



Жай келди бакыт алып.  

Аттадым босогоңду,  

Башыма жоолук салып. 

 

Өзгөрттүң мүнөзүңдү,  



Кыйнаймын мен өзүмдү.  

Кусалуу күз кайрыгы,  

Сыздатат жүрөгүмдү. 

 

Турмуштун жүгүн түртүп,  



Келемин жалгыз үшүп.  

Тагдырдын буйругубу,  

Ак жоолук баштан түшүп. 

 

Ак карда турам үшүп... 



 

31 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

 

Үмүт 

 

Ап-аппак карда күттүм,  



Келбедиң жүдөп бүттүм.  

Үзүлбөй турат үмүт,  

Келесиң балким бир күн. 

Көнөктөп жамгыр куят, 

Төгүлгүм келип турат.  

«Сабыр кыл, дагы күт»-деп,  

Үмүтүм колун сунат. 

 

Дилиңде бир да кир жок,  



Күткөн бар, ойлон бирок.  

Үмүтсүз шайтанга окшоп,  

Калгандан жүрөк коркот. 


 

32 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Классташтарга 

 

Канча мезгил өтсө дагы арадан,  



Жолуктурду тагдыр бизди кайрадан.  

Өзгөрсө да токтоо болуп мүнөздөр,  

Баягы эле тааныш көздөр жайнаган. 

 

Эже-агайдын сөзүн укпай кыйнадык,  



Балалыктын дүйнөсүндө бир жандык.  

Ал ьсүндөрдүн баркын билбей ошондо,  

Күйүп-жанып «Балалыкты» ырдадык. 

 

Тентек кыял күндөрдү эске салалы,  



Балалыкка кайра бир күн баралы.  

Кел классташ, бүгүн кечте олтуруп,  

Сырдашуунун отун бийик жагалы. 


 

33 


 

С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 

 

 

Мугалимге 

 

Миңди жыгат билимдүүнүн билеги,  



Мугалимдин зор эмгегин билели.  

Адам бол деп, бакыт тилеп учурат,  

Мугалимдин ошол гана тилеги. 

 

Акыл айтат: заманыңдан калбагын,  



«Ийне менен кудук каз» - дейт ар дайым.  

Чачыласын чачып жаткан билимдин,  

Бар болгула, эжелерим агайым. 


 

34 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Арзуу 

 

Обону: Түмөнбай Колдошовдуку. Э.Маматкалил кызы 



аткарат. 

 

Жүрөккө барчу жолду билген барбы?  



Жүрегүм жипсиз сага байланабы.  

Тагдырым башка экенин жакшы билем  

Арзуулар же арманга айланабы? 

 

Жүрөмүн элесиңден карыш калбай,  



Кыйналам жүрөгүңө жол таба албай.  

Түшүнбөйм деги кайда баратамын,  

Акылым жүрөгүмдү башкара албай. 

 

Кабагын карыш түйгөн булут болуп,  



Турамын көздөрүм жашка толуп.  

Сен үчүн азап чегип өтөөрүм чын,  

Бир жылуу көз караштын кулу болуп! 

 

Бир жылуу көз караштын кулу болуп! 



 

 

 

35 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________



 

Сырдашуу 

 

Обону: Эгемберди Талиповдуку. А.Кулбаева аткарат. 



 

Тилеймин өчпөсүн деп аруу сезим,  

Көңүлдү көкөлөтөт жылуу кебиң.  

Кусалуу музыканын ыргагында,  

Бийлегим келип турат бүгүн менин. 

 

Жолукпай калсак эмне? Кээде кейийм,  



Көңүлдү көкөлөтөт жылуу кебиң.  

Катылуу жүрөктөгү сырларымды,  

Ырдагым келип турат бүгүн менин. 

 

Өкүнтпөйт тагдырыма кеч келгениң, 



 Жыргал ай, бул жашоодо барың Сенин  

Эркелеп, ийниңе башым жөлөп,  

Сыр айткым келип турат бүгүн менин. 


 

36 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Сүрөтүңө 

 

Кеткендей жакшы күндөр баары тарап,  



Көз ирмебей турасың үнсүз карап.  

Кайтарып, жөлөк болгон бул сүрөтүң,  

Кыздар сүйгөн жаштыгыңды эске салат. 

 

Таң эрте көзүмдү ачсам сени көрөм,  



Көңүл чөксө , буулугуп жашым төгөм. 

Телмирип, карагандан чарчабайсын,  

Кагазга түшүрүлгөн жүзүңдү өбөм. 

 

Жашынмак ойногонсуп көрүнбөдүң,  



Жамгыр болсом, кошулуп төгүлбөдүң.  

Сапарга кеттиң эле, келемин деп,  

Сагындым жада калса сөгүнгөнүң. 


 

37 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________



 

 

 

Кыялдануу 

 

Мезгил тулпар мыйзамынан жаңылып,  



Эгер келсе, жаштык күнүм кайрылып.  

Эч ойлонбой бараар элем алдыңа,  

Ак булуттан, аппак жоолук салынып. 

 

Жолугууга келесиңби сагынып?  



Эркелегим келип турат таарынып.  

Өмүр бою «жарыгым» деп өтөмүн,  

Ак сүйүүмдү шуру кылып тагынып. 

 

Айлуу түндө жылдыздарды жамынып,  



Олтурамын кыялдарга агылып.  

Амандыгың тилеп азыр турамын,  

Жарыгым ай, бир өзүңө жалынып!!! 


 

38 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Туулган жер 

 

Өмүр улап, жашоо оту жанган жер,  



Балалыктын тентек жашы тамган жер.  

Атам, апам топурагың жазданып,  

«Куш уйкусуң» түбөлүккө салган жер. 

 

Эстен кетпейт, жакшы күндөр калган жер,  



Сезимдерди дүрбөлөңгө салган жер.  

Чаң көчөңдү кайда жүрсөм сагынам,  

Атың ыйык, кагылайын Туулган жер 


 

39 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

 

Таарынуу 

 

Жай түнү, сезим муздап, көңүл үшүп,  



Дайрасың таарынуунун келем сүзүп.  

Олтурам кур калгансып бул тагдырдан,  

Шагым сынып, жылдызым жерге түшүп 

 

Тагдырым боелуп түскө кара,  



Желкемден басып турса санаа.  

Сооротуп, жөн гана угуп коер,  

Мени мендей түшүнөр Адам кана? 

 

Таң атса, баскычын жай гана аттап,  



Кайрыгын суз күндүн кайра баштайм.  

Жан дүйнөм эңшерилип түтөп турам,  

Караңгы коюу түнгө боюм таштап 


 

40 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Арман 

 

Бирөөлөргө күйүтү аз көрүнүп,  



Дагы канча күн кечирем корунуп.  

Арманымды мен айталбай, сен укпай,  

Биз жүрөбүз түштө гана жолугуп. 

 

Кете бердиң туйшугу жок жай тандап,  



Кала бердим өксүү менен ый жандап. 

Мен да өтөм бул жалган дүйнөдөн,  

Же алданып, же бирөөнү мен алдап. 

 

Болсо дагы жүрөгүмдө таарыныч,  



Күчөп барат сага деген сагыныч.  

Унуталбайм, бирок менин арманым,  

Жолукпайбыз жолдор эки айрылыш. 


 

41 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

 

Түш 

Сырымды карга айтып,  

Турамын кышкы кечте.  

Түшүмдө келдиң кайтып,  

Салдыңбы мени эске. 

 

Шолоктоп ыйлагамын,  



Көз жашым тынбай агат.  

Жете албай кыйналамын,  

Алыстан турдуң карап. 

 

Жылуу сөз мен угайын,  



Бурулуп басып кетпе.  

Түшүмдө жолугайын,  

Ушул кеч мени эсте. 


 

42 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Түш 

 

Сүйүнөмбү, же билбеймин кейиймби?  



Күлөрсүн сен, балким угуп кебимди.  

Бул эмнеси, түндө менин түшүмдө  

Ээрчип кеттин кош бойлуу бир келинди. 

 

Эки жыл окшоп кетип жыйырма жылга,  



Үйүбүз толуп барат кайгы мунга  

«Быйыл мен перзент үнүн укпадым»-,деп  

Кулагыма салып койдудо күмүш сырга 

 

Жапжаш туруп, зар болдукпу балага  



Кейип турам түшүп түпсүз санаага  

«Балам жок»-,деп түн жаңырта айтканда  

Көз жаш төгүп, басып кеттим талаага. 

 

Бул эмнеси, шумдук түштү жоручу,  



Күчөп барат көңүлүмдүн оорусу.  

Түшүм эмес өңүм окшоп баратат,  

Мен окшоймун аялдардын шордуусу. 


 

43 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

 

Кызыл - Суу 

 

Алпурушуп Кызыл - Сууда аккан дайра  



Ал дайра барат экен шашып кайда,  

Кокустан бул дайрага мен кезиктим  

Курулушка келип калып ушул жайда. 

 

Суунун жээги бийик тоолор экен,  



Сүрдүү тоолор кайсы күнү жаралды экен.  

Айылдын кооздугуна көзүм түшүп,  

Аземдүү бир сап ырды жазып кетем. 

 

Кыялым азгырылып алыс учтум,  



Суктанып тоо, сууларга ырлар сыздым.  

Көп нерсе - мен үчүн табышмактуу  

Ооба, мен бул айылга чоочун кызмын. 

 

 



 

44 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Байчечекей дөбө 

 

Шаардан чыгып, ойноп келдик кечээ биз,  



Ушул кундү, балким, дагы күтөрбүз.  

Көр тиричилик, бүт көйгөйдү унутуп,  

Жаш баладай гүл тердик биз үчөөбүз. 

 

Торгой сайрап, жан жыргатса тебөдөн,  



Ырлар бүтпөй, сөздөр бүтпөй толо кеп.  

Жаз жыттанган ошол жашыл жайытты,  

Атап алдык «байчечекей дөбө» деп. 

 

Боюн түзөп, күн төбөдөн төгүлө, 



турган эле бизди карап Күн күлө. 

ошондогу биз сүйлөшкөн сөздөргө, 

асман күбө, Күн да күбө, Гүл күбө 

 

Көп келербиз байчечекей дөбөгө. 



 

45 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

 

Акыркы коңгуроодогу ыр 

 

Бир уядан бирге учабыз окшошуп,  



Мына бүгүн олтурабыз коштошуп.  

Мен силерди салыштырып жүрчүмүн,  

Жанып турган топ жылдызга окшотуп. 

 

Жарык нурун кең ааламга таратып,  



Топ жылдыздар турат дайым жанашып. 

Классташтар бир класста отурбай,  

Кетебизби бул мектептен адашып. 

 

Мезгил деген зуулап учуп баратат,  



Нечен жолу күндөр батып, таң атат.  

Күндөр айга, айлар жылга алмашса,  

Жүрөк чиркин сагынычты жаратат. 

 


 

46 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

__

 

 

Унутбайбыз учкан алтын уяны,  



Бүтүрүүчү өз милдетин туябы?  

Биринчи ирет колго калем карматып,  

Ким түшүрткөн ак кагазга сыяны. 

 

Биринчи ирет колго калем карматкан,  



Ал - мугалим, эң бир кымбат бир Адам.  

Түйшүк тартып, ар бир күнү ар кандай,  

Өмүрлөрүн бизге гана арнашкан. 

 

Аппак мектеп, кызыл доска, партасы, 



Кызык эмес бизге мындан башкасы.  

Бүт өлкөнү данакерлеп көрсөтүп,  

Тигил жерде турат көгүш картасы. 

 

Окуучулук алтын күндөн эстелик  



-Деп айтабыз ушуларды эскерип.  

Мына биз да онду бүтүп жатабыз,  

Ажырашып, кош айтышчу кез келип. 


 

47 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



Карыз берчи бактыңдан

 

Жаштык деген атырлар, 



Таажычынан чачылбай. 

Ден-соолуктан ажырап, 

Гүлүм калган ачылбай 

 

Кайын энемдин той боорсок, 



Чачыласы чачылбай. 

Перзентимден айрылып, 

Бактым калган ачылбай. 

 

Ай  баратат шашылбай, 



Айдан сурайм жашырбай: 

карыз берчи бактыңдан, 

Бир тамчы көз жашымдай. 


 

48 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

_

 

 

Уйкусуз түн 



 

Обону: Э.Талиповдуку. А.Кулбаева аткарат. 



 

Уйкусуз түн. Түпсүз санаа… 

Ойлогонум Сен гана. 

Жай бараткан Айды карап, 

Салам айтам мен сага! 

 

Уйкусуз түн… көнгөн адат, 



Олтурамын жылдыз санап. 

Жымыңдаган жылдыз айтат: 

бул күндөр да артта калат. 

 

Уйкусуз түн тынчымды алат, 



Санаа турат мени карап. 

Соорономун үмүт кылып, 

Бирок ыйлайм жүрөк канап 

 

 



 

49 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________ 



 

 

Унутчаак агай 

 

«Эртең» деген кандай сонун сөз,  



Келечекке үмүт жандырган.  

«Эртең» деген сылык, алдоо сөз,  

Келээр күндөн көңүл калтырган. 

 

Сөзүңүздү өзүңүз сыйлаң,  



Убакытка мени кор кылбаң.  

Эртең дагы сулуу таң атат,  

Келээр күндөн көңүл калтырбаң. 

 


 

50 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

_

 

 

Жалгыз саптар 

 

Жалгыз сап ыр неге мени ээрчийсиң?  



Уйкумду уурдап алган түндөн корком.  

Өзүмдү таштап, качып кетким келди.  

Жаңы жылда жаңы үмүттөр башталат.  

Жаңы жылда эски достор менен!  

Кор болосуң кээде туруп, болбогон бир акчага. 


 

51 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________



 

 

 Апам айтчу: «Ач олтур да, тынч олтур».  



«Жакшы көрөм» деген сөздү жакшы көрөм.  

Күнүмдүк «чарчоолордон» чарчап бүттүм.  

Байлык деле «бакыт» болбойт экен.  

Өрттөгүм келди бүгүн, календардын барагын. 

Жакыным деп таарынган кайран көңүл. 

 


 

52 


 

У м а р о в а    Ж ы п а р 

___________________________________________________________________________Сен_жөнүндө_бүтпөгөн_эки_сап…'>_____________________________________________________________________

 

 

 



Сен жөнүндө бүтпөгөн эки сап… 

 

Жолугуу ... көңүлүм ырдап турат,  



Коштошуу... жүрөгүм ыйлап турат. 

 

Жолуктуң, жүргөндө жалгыз үшүп,  



Жылыдым, жылдызым сага түшүп. 

 

Чын дүйнөгө ажал кетти азгырып,  



Күтө албадың көнүлүмдү жаз кылып. 

 

Аягы жок «күтүү» деген ыр жазам,  



Билесиңби, кыялдагы Бекзадам. 

 

Өзүң деп өткөрөйүн өмүрүмдү,  



Сооротуп кет өксүгөн көңүлүмдү. 

 


 

53 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________



 

 

Кечиктиң, жүрөгүмдү эми эзбе,  



Кайда элең суйкаган сулуу кезде. 

 

Унутам деп, кайра эле келсе деймин,  



Чырмалышкан ойлорго термелемин. 

 

Мага бакыт, кеч келсе да - бул сүйүү,  



Кирпигиңдин ирмелгенин түшүнүү. 

 

Жаза берем, сен жөнүндө ыр бүтпөй,  



Күтпөйм деген ойлорго көңүл түтпөй. 

 

Жашайсың сен жүрөгүмдө сыр болуп,  



Жолугасың дайым мага ыр болуп. 

 


 

54 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

_____________________________________________________________________

 

 

Эстей берем, мен өзүңдү сагынып,  



Көңүлүңдү калтырдымбы жаңылып. 

 

Жолукпай калабызбы ушул бойдон,  



Өзүңдү жоготуудан дайым корком. 

 

Кайда бассам жарык болуп сен тарап,  



Кыйнап турат сезимдеги бурганак. 

 

Адашкан жакшы күндөр мага өгөй,  



Келатат Арман өзү болуп түгөй. 

 

Жолуктуң, жүргөндө жалгыз үшүп,  



Жылыдым, жылдызым сага түшүп. 

 

55 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________



 

 

 

Үч саптар 

 

Төгүп турса, ак жылдыздар нурларын,  



Угуп койчу, жүрөгүмдөн тартуулайм,  

Жашыл жаздын гул жыттанган ырларын 

 

Эске салып, өткөн жаштык жылдарын,  



Ыр багымдан изде өзүндү, табасың,  

Чертип көрүп, жүрөгүмдүн кылдарын. 

 

Күнөө менде, өзүндү көрүп калган,  



Канча аракет кылсам да байкабадын,  

Билбей, сезбей жүргөнүң мага арман. 

 

Акыркы сени узаткан жерден кайтам,  



Сапарда жалгыз калган арманымды,  

Өзүмө жолдош болгон желге айтамын. 

 

Бакытпы же арманбы кеч келгениң,  



Айталбай, үнсүз тиктеп олтурамын,  

Түшүнүп кирпигиндин ирмелгенин. 



 

56 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

_

 

 

 



Өкүнөм бул өмүрдүн аздыгьгаа,  

Кыйылып, кош дей албай карап турам,  

Кылчайбай бара жаткан жаштыгыма. 

 

Себеп болдуң дагы бир жаңы ырыма,  



Кайдан келдиң, өзүм да сезбей калдым,  

Мүдүрүлүп, өксүгөн тагдырыма. 

 

Жүрөгүмдө түнөгөн жалгыз сенсиң,  



Топтошкон үмүтүмдүн жылдыздарын,  

Билбеген деги кызык жан экенсин. 

 

Сагынсам да, анда-санда бир көрөм,  



Мен жөнүндө кандай ойдо жүрөсүн,  

Салып коюп жан-дүйнөмө дүрбөлөң. 

 

Кадырыңды таразага саласын,  



Убакыттын көзүн карайм деп жүрүп,  

Бир күн мени сен жоготуп аласын. 

 


 

57 


С  Ы  Р  Д  А  Ш  У  У   

____________________________________________________________________



 

 

 



Элесиң арбагансып кетпейт ойдон,  

Кабарың билдирчи деп саат сайын,  

Жалбарып жардам сурайм телефондон. 

 

Санаам-санга бөлүнөт оюм-оңго,  



Сырларымды мен айтып төгүлөмүн,  

Үн катпай, сырдуу турган телефонго. 

 

Саат карап күткөн учурлар,  



Кыйнаса да, жаным, таарынбайм,  

Сен бар учун менде «күтүү» - бар. 

 

Жылуу сезим жүрөктөрдү уялап,  



Келатабыз өйдө-төмөн тар жолдо.  

«Кыргыз көчү» күүсүндөй кыялап. 

 

Улам тынчың алуучу мен эмесмин,  



Бүгүн мага жолугуп эртең кайра  

Унутулуп калуучу жан эмесуин. 

 

 


 

58 


У м а р о в а    Ж ы п а р 

____________________________________________________________________

_

 

Бул ыр кимге жазылган деп сураба,  

Оюмду айтсам, ара жолго таштабас  

Ыр жазамын, өткүр мүнөз Мырзага. 

 

Күндөр күлүп, сүйүү толкуп ченемсиз,  



турган кезде: «Сен үчүн мен тозокко  

түшсөм дагы мейли жаным», - дегенсиз. 

 

Өткөндү эстеп, терезеде турам суз,  



Сөздөн туруп, сөздөн кыйрайт тагдырлар  

Сөздү баалап кадырлаган Адамсыз. 




Достарыңызбен бөлісу:
1   2   3




©emirsaba.org 2024
әкімшілігінің қараңыз

    Басты бет